Азырынча кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар салыштырмалуу тынч фазасына өттү. Бул окуялардын үч зыяны, төрт пайдасы бар. Адегенде зыян жактарын санап өтөлү:
1) Бул окуяларда кыргыз тарап жеңилген тарап болуп жатат. Аскердик жоготуулар да, жарандардын арасындагы жоготуулар да каршылаш тараптыкынан алда канча көп. Кыргыз айылдары талкаланды, тажик айылдары сопсоо бойдон калды. Тажик тарап аскердик күчтөрү менен жарандары тил табышып алып каалашынча өз билгенин кылышты. Мында армиянын күнөөсү жок. Туура эмес буйруктар болбосо кыргыз армиясы абдан жакшы туруштук бермек, ал тургай үстөмдүк позицияга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Күнөө даярдык көрбөгөн башкы командачыда жана анын тегерегинде. Анын саясий кесепеттери тууралуу төмөндө сөз болот.
2) Тажик тарап кийинки сүйлөшүүлөрдү жеңүүчү катары үстөмдүк позициядан жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Эгерде мындай шартта кыргыз делегацияларынын башчылары интеллектуалдык же моралдык жактан кичине эле чабалдыгын көрсөтсө өлкөнүн бүтүндүгү үчүн өтө опурталдуу жагдай.
3) Окуялар ансыз деле кризисте турган кыргыз экономикасын ого бетер алсыратып, кыргыз өкмөтүнүн түйшүгүнө түйшүк кошту.
Пайдалуу жактары:
1) Эң негизгиси – бул окуялар кыргыз коомун мурда болуп көрбөгөндөй бириктирди. Улутчул-исламист, батышчыл-орусчул, кыргыз-киргиз, түндүк-түштүк, бийлик-оппозиция деген түшүнүктөр таптакыр кеп болбой калды. Баткенди өмүрү көрбөгөн кыргыздар деле жаны ачышып, колунан келген жардамын жөнөтүп, жок дегенде сөз кошуп атышат. Күбө болгон адам катары айтсам, 1999 жана 2000-жылы Баткен окуяларында деле кыргыз коомунда мынчалык биримдик байкалган эмес.
2) Бул окуялар тышкы саясатта ким дос, ким кас экенин көрсөтүп, кыргыз коомунун көзүн бир топ ачып койду. Мусулман коомчулугунун боордоштугуна ишенген ынаным да, Орусиянын жана ал башкарган уюмдардын ролун ашкере ыйык көргөн ишеним да ташталкан болду. Улуттук кызыкчылык биринчи орунда экендигин далай жарандарга түшүндүрдү.
3) Эгерде сапаттуу башкаруу болсо, “өлсөң өл, бирок сени атып жатышса да сен атпа” деп аскерлерди тирүүлөй бутага айландырган кыянатчыл буйруктар болбосо кыргыз армиясы абдан жакшы согуша ала тургандыгын көрсөттү. Кайсы жерде кимдерге каршы кандай курал-жарак жана тактика керек экендигин айгинелеп берди.
4) Дүйнө коомчулугуна Борбор Азияда ким коргонуучу тарап, кимдер агрессор экенин даана көрсөтүп койду.
Аскердик, экономикалык жана дипломатиялык стратегия боюнча сунуштар
Аскердик өңүтү. Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын башчылары жолугушкан соң эки өлкөнүн аскерлерине кагылышуу болгон аймактан кетүүгө буйрук берилди. Анын тажик тараптан канчалык аткарылып жатканын текшерүү кыргыз тараптын тиешелүү аскердик өкүлдөрүнө жүктөлгөн. Азырынча анын үч өңүтү боюнча гана сунуш айтса болот:
1) Кыргыз тараптын аскерлеринин туруктуу жайгашкан орду чатак болгон жерден алыспы же жакынбы, ошол маанилүү. Анткени тажик тарап күн мурунтан даярданган соң өз аскерлеринин туруктуу жайгашкан орду катары кагылышуу болгон жерге жакыныраак жерди айтып коюшу мүмкүн. Тажик тарап канчалык алыс кетсе, кыргыз тарап андан алыс кетпегидей болушу керек. Негизги принцип ушул болууга тийиш. Себеби тажик тарапка ишенич жок.
2) Тажикстан менен тирешүү ушуну менен бүтүп калбайт. Андыктан буга чейин гибриддик согуш жүргүзүүнүн ыкмалары тууралуу сунуштар актуалдуулугун жоготкон жок. Окуялардын аскердик күч менен чечүү зарылдыгына дайыма даяр туруш керек жана бул багыттагы ресурстарды, даярдыкты, аналитикалык иштерди күчөтүү зарыл.
3) Кыргызстандын тышкы коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мекемелерди (Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик чек ара кызматын) түштүккө көчүрүү максатка ылайык. Ушу тапта Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен мамлекеттик чек арасы толук такталган, ал жактан агрессия болушун күтүүгө негиз жок. Агрессия Тажикстан жана Өзбекстан тараптан гана болушу мүмкүн. Түбөлүк достук жана башка сыяктуу келишимдер эч нерсе чечпей тургандыгын акыркы окуялар көрсөттү. Анткени чек ара чатактары ушул өлкөлөр менен гана бар. Демек, күч түзүмдөрү ошол тарапка жылышы керек, бирок Ош шаары жарабайт. Анткени ал Өзбекстан менен чек арага жакын жайгашкан. Түштүктүн ички бетиндеги шаарлардын бирин тандаш керек болот.
Экономикалык өңүтү. Тажикстанды экономикалык блокадага алуу, санариптик жактан чектөө, атайын даярдалган маалымат саясатын жүргүзүү сыңары сунуштар актуалдуулугун жоготкон жок. Буга биздин географиялык абалыбыз жол берет.
Дипломатиялык өңүтү. Дипломатиядагы көптөгөн иштер көшөгө артында жасалат. Бул туурасында жакында билдирүү тараткан Роза Отунбаева да эске салып, өз линиясы боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирди жана коомчулукту сабырга чакырды. Ошентсе да көзгө урунуп турган айрым жагдайлар тууралуу айтпай кетсек болбойт.
Ушу тапта кыргыз дипломатиясынын негизги багыттары: а) Тажикстандын агрессивдүү саясатын эл аралык коомчулукка далилдөөгө багытталышы керек. Бирок эл аралык мамиле боюнча Таалатбек Масадыков белгилегендей, бул өтө узакка созулган, натыйжасы белгисиз процесс болушу мүмкүн; б) Орусия менен эки тараптуу мамилелерди үзбөстөн, ошол эле учурда ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу уюмдардын курамындагы Кыргызстандын мүчөлүгүн жокко чыгарууга багытталууга тийиш; в) Канттагы бир тыйынча пайдасы тийбеген аскер базасын чыгарып, анын ордуна Кыргызстандын тышкы коопсуздугун коргоо кепилдиги менен жайгашууга даяр турган өлкөлөрдүн базасын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууга; г) Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүүнү кийинкиге калтырууга багытталышы керек. Алсыз позициядан туруп чек ара маселелерин чечкенге болбойт.
Ички саясат
Бул окуялар Кыргызстанда жарандык коомдун талабы менен бийликтин алмашуусуна алып келиши толук ыктымал. Анткени жер маселеси – Кыргызстандын элин бириктирип турган саналуу баалуулуктардын бири. Ошондуктан анын эки өңүтү боюнча азыркы бийликке доомат коюлушу мүмкүн:
а) Азырынча кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча комиссиялардын жолугушуусунун жүрүшүндө кандай документтер кабыл алынганын, көшөгө артында кандай сөздөр болгонун билбейбиз. Эгерде коомчулук андагы кабыл алынган чечимдер Кыргызстан үчүн алгылыксыз деп тапса, анда мекенчилдик риториканын аркасы менен бийликке келген азыркы жетекчилерге кыйын болот.
б) Тажик баскынына даярдык күн мурунтан жүргөнү тууралуу маалыматтар туш тараптан түшүп жатканына карабастан, бийлик өз убагында тиешелүү чара көрбөй койгону, аскерлерге коргонуу иретинде да ок атууга уруксат берилбегени үчүн жооп бериши керек. Айрыкча чалгын иштерине түздөн-түз жооптуу УКМКнын жетекчилигинин жоопкерчилиги тууралуу эртедир-кечтир кеп козголот. Бул эми кааласак-каалабасак да, акыр аягы баары бир боло турган объективдүү нерсе.
Ушундан улам азыркы бийлик колдон келсе чек ара маселелерин чечүүнү алда канча компетенттүү адамдарга тапшырып, колунан келбесе кийинкиге калтырганы оң. Бул маселелерди кыргыз тараптын кызыкчылыгында сабаттуу чечүүгө тиешелүү компетенциясы жок экенин азыркы жетекчилик даана көрсөттү. Андыктан былтыркыдай ызы-чуу кылбай, ички саясий туруктуулукту ого бетер коркунучка такабай бийликти тынч жол менен алмаштырууга өздөрү даярдана бергени эң жакшы вариант. Кыргыз элине эң чоң кылган жакшылыгы ушул болот.
Ал эми саясий күчтөр улуттук кызыкчылыктын негизинде биригип, эл алдына бирдиктүү талапкерди жана анын командасын алып чыгууга даярдана бергени жакшы. Эгерде алар буга да даяр болбосо өлкөнүн келечеги бүдөмүк бойдон калат.