1) Президенттик шайлоодо эл да премьерге таандык маселелерди сурайт, талапкерлер да көбүнчө премьердин ыйгарым укугундагы нерселер боюнча убада беришет.

2) Парламенттик шайлоодо партиялар идеологиясын айтпай, жергиликтүү маселесин чечкенге аракет кылат (кашааны сырдап, асфальт салып). Платформасын кээде саясий кеңештин мүчөлөрү да окуган эмес.

3) Фракциялардын мүчөлөрү каратып туруп эле партиясынын платформасына теңирден тескери нерселерди сунуш кылышат.

4) Фракция менен барган депутаттар мандатын тапшырбай туруп жанталашып башка партия түзүшөт.

5) Дипломатиянын шарты менен расмий өкүлдөр барып кеткен жерге башка бир мекеменин жетекчиси барып “мен чоң жетекчинин досу элем, мени кабыл алгыла” деп уят болот.

6) Элчилер элчи башы менен ички саясат тууралуу кеп кылат.

7) Саясатчылар кылмыш кылганын (мисалы партиясы башка өлкөдөн акча алганын) китебине жазып же интервьюсунда мойнуна алышат, ал тургай ошонусу менен мактанышат.

8) Эл аралык саясат үчүн ачык айтылбай турган нерсени парламенттин трибунасынан жарыя кылып ит болушат (“мен президент менен сүйлөштүм, ал коңшу өлкөнүн президенти өлмөйүнчө бул маселе чечилбей турганын айтты” деп).

9) Өздөрү жетектеген мекеменин негизги миссиясын билишпейт.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *