Эмнегедир Улуттук банктын акчасына жеке менчик компанияга жеткилик берүү идеясы баягы Бакиевдин тушунда өкмөттүн акчасын ЦАРИИге башкарткан схемага аябай окшошуп турат. Деталдары башка болушу мүмкүн, бирок принцибинен анча айырма көрүнө элек. Балким жаңылып жаткандырмын. Бирок азыркы заманда эч нерсеге ишенич жок.

Мунун максаты акча жүгүртүү боюнча системаларды өркүндөтүү экен дейли десек, Кыргызстанда бул боюнча ансыз деле акчаны жүгүртүүнүн электрондук системалары кыйла жакшы өнүккөн. Ал эми акча алмаштыруу саясаты ал тургай бир топ өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн да (мисалы Түркияныкынан) кыйла либералдуу. Демек мунун мүдөөсү башкада сыяктанат.

Улуттук банк акыркы оор жылда экономиканын туруктуулугуна олуттуу салым кошкон саналуу гана мамлекеттик түзүмдөрдүн бири болуп келди. Анын тегерегинде жогорудагы жагдайларга байланышкан окуялардын башталышы өлкөдө азырынча кеңири аудиторияга түшүнүксүз тенденцияларга жол ачылганынан кабар берет.

Кыргыз бийлигинин буга чейинки тажрыйбасын карап көрсөк, кыңыр иш башталаарда эле Маевский, Гуревич сыяктуу Кудайдан жөө качып жер түгөткөн немелерге күнү түшүп калчу эле. Фроловго деле Орусиянын укук коргоо органдарынын коюп жаткан дооматы бир топ экен.

Азырынча төмөнкү жагдайлардын бири-бири менен байланышы суроо жаратат:

1) Бул сунушка ачык эле каршы чыгып жүргөн Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгынан кетти.

2) Кумтөрдүн алтынын дал ушу Улуттук банк сатып ала турган пландар болгон.

3) Азыр Кумтөрдүн тагдырын чечүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп атат.

4) Владимир Фролов так ушу Кумтөрдүн алтынын алууга тиешеси бар “Номос Банк” менен байланышта экенин депутат Мирлан Жээнчороев айтып чыкты. Анын сөзүн эч ким төгүндөй элек.

5) Эгерде Кыргызстан Кумтөр маселесинде утула турган болсо өлкөдөн алтын алууга тыштан бөгөт коюлат.

Бир жылдын ичинде мамлекеттик мүлк объектилерин жеке менчикке чыгаруу боюнча пландар, иштеп жаткан “Мегакомду” сатыкка чыгарууга уруксат берген чечим жана башка жагдайлар бийлик адамдарында бир жыл ичинде чукул жасала турган иштер турганын айгинелейт. Алардын түпкү максаты кеңири коомчулукка белгисиз.

Андыктан бул боюнча:

а) көз каранды эмес адистер квалификациялуу ойлорун айтышы;

б) президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров Владимир Фролов менен жолугушкан-жолугушпаганын, жолугушса эмне кеп болгонун тактап бериши;

в) олуттуу жана биринчи иретте жоопкерчилик тарта турган өнөктөш катары килейген Министрлер кабинети өз позициясын билдириши зарыл.

Анткени кенедей жакшы нерсе болсо президенттин пиарына пайдаланып, кыйынчылыктардын ар бири үчүн өкмөттү айыптаган система да, адат да эч кайда кете элек.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *