«Башкалар шоопуру жок автобус чыгарып атыптыр, биз эмне чыгардык?» деген суроо бар экен соцтармакта.

Ха! Чыгаргандарыбыз толтура! Санап берейинби?

Саясаттан эле баштайынчы. Чү дегенде эле ОБОН деген саясий технология чыгардык. Андай ыкма дүйнөдө жок. Мен деген саясий технологдор ичи күйүп карап турушат. Андай нерсени ушу күнгө чейин эч кимиси ойлоп таба албай койду. Во.

Шоопуру жок автобусту айтасың, биз шоопур башкарган системаны чыгардык. Эми досу башкарганды чыгарып атабыз. Аялы, баласы, күйөө баласы, иниси, кудасы – эчак өткөн этап, биз үчүн. Бардык жагынан алдыдабыз иши кылып. Оңой ойлобоо! Эки килейген качкын президент, толтура качкын чондорду чыгардык. Алды атып качты, арты сатып качты. Ырас, айрымдарынын мүлкүн аукционго чыгардык. Калганын алакан жайып жокко чыгардык.

Экономика элеби? Биз деген берешен элбиз да, билесиңер. Өзүбүз жебесек койдук, башкага бергибиз эле келип турат. «Атасынын көрү, жебеген жердин астында» деп туруп 700 миллион долларды мамлекетке батыра албай тышка чыгардык. Аны ойлоп тапкан чыгармачыл генийлерди бир кармап түшкө чейин видеого чыгардык, түштөн кийин үй камагына чыгардык. Ошентип маски-шоунун эл көрө элек жаңы түрүн чыгардык.

Жаңысын сала албагандан кийин эскисинин эмне кереги бар, туурабы? Биротоло жоготолу да. Ошон үчүн Союз салып берген имараттар менен жолдордун ишпалдасын чыгардык.

Дүйнөлөшүү элеби? Ме сага. 30 жыл ичинде жүз миндеген эмгек мигранттарын ойлонбой туруп тышка чыгардык. Адегенде этегине жашынып кыз-келиндерибизди алдыга чыгардык. Андан кийин колунан иш келген, тыңыраактарынын баарын чет мамлекетке «атидо, даканса» чыгардык. Ошентип атып үй-бүлөнү үч бөлүп, бирден таратып таш талканын чыгардык.

Ыйман элеби? Сирияга “кой” десе болбой жанталашып барып арабга төшөк катын болгон толтура диний фанаттарды биз чыгардык. Калгандарына теңелбейин деп отуруп төбөбүзгө чыгардык. Төбөбүз ушунчалык жаккан экен, “эми баарыңарды биз башкарабыз” дей баштады. Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат да. Өзүбүз чыгарып атсак…

Маданият элеби? Ит да окубаган, ичи толо калп китептерди айлап-жылдап, ылгабай чыгардык. Анысы аз келгенсип ошондой халтурщиктердин баарын мактай берип атагын чыгардык. Убагында Атай, Мусалар шедевр чыгарса, биз тээтиякта эле оокат кылып жүргөн албарстынын өзүн баскан хиттерди чыгардык. Өзү деле электр келгени адамдан качып калган экен байкуш. Болбой эле: «Албарсты-ы менйии бастыыыы, мйен болсо ан-ыыы бастыым. Уууй!» – деп жетип барып эле баса калды кыздарыбыз. Түшүнбөй эле калды бечара, «йе кокуй, мен эмне кылдым эле буларга» деп… «Азирети аалымдарыбыз туура айткан экен, акыр заман чындап келиптир. Адам мени басат деген эмне шумдук группа Ялла?» деп эле депрессияга түшүп ичип жүрөт дейт. Аны таштаса Түптүн коробкасынан дүңк эттире бастыра коюп… Көнгөн адат боюнча ашата сөгүнүп ийип, кайра жакасын кармап Куран жаттап «раздвоение личности» болуп байкуш… Катуу деградация болуп атат дешти.

Кыскасы бир эле хит менен албарсты аттуунун бачагын чыгардык. Бачагын таппай калгандары «кой, эмнеси болсо да бачагым менен жашайын» деп токтоло элек жаш балдардын ичине кирип кетиптир дейт. Эки сөзүнүн бири арабча, экинчиси «энеңди» болуп жинди улак көздөнүп. Көрүп жүрөсүңөрбү? Көрсөңөр ошол. Таанып алгыла. Албарстынын жашоосунун жаңы формасы деп коёт мындайды. Көрдүңөрбү, илимий аныктамасын да чыгардык. Ошентип атып албарстылар да эволюциялашты эй. Илгери кишини басчу эле, азыр мамлекет менен элди басчу болду. Элди ойлогон бирөө болуп кубулуп келип эле басып калат тобо. Кантип ишенип калганыңды өзүң да байкабай каласың, ошонун эле сөзүн сүйлөп. Каршы чыккандардын баарына өкүрүп-бакырып… Шайлоого чейин басат көбүнчө. Түшүңө чейин кирет. «Ким, кана? Мындан башка ким? Айтчы, айтчы! Акмактар ай, иштеткилечи! Ким эмнени кыйратты ыяаааа?!» деп сүйлөтпөй коколоп, чимкирикти көтөрүп чаап көз жашты көлдөтө коюп өзүнөн өзү жин даарып. Эл байкуш же кыймылдай албайт, же кыйкырса үнү жетпейт. Анда-санда ойгонуп кетип кармап алса анда да көрүнгөндү айтып алдап атып колдон чыгып кетет. Ошентип албарстынын жаңы, чоң масштабдагысын чыгардык. Бул зор жетишкендик. Дүйнөлүк сатанисттер шилекейин жутуп бери жакта эле калды… Өзүнөн өзү жүдөп, масштабы кичирейип, бөбөктөр айтмакчы «ляля бөө» болуп Голливуддун мокочо фильмдерине араң жарап… «Манастын тукумубуз!» деп бакырганыбыз менен Манасты сөккөн маңкурттарды чыгардык. Анын бурмаланган версиясынын толтура түрүн чыгардык.

Мыйзам элеби? Балдарды зордуктаган аңгилерди элден калбай биз да чыгардык. А эмне, башкалардан кембизби? Анан андай экзотикалык зоопаркты көбөйтүш керек да! Гиннеске жеткириш керек. Атып салсак адам укуктары бузулуп, бычып салса Көгүш китептеги байкуштар жок болуп кетпейби. Коой, аларга тийгенге болбойт! Ошондуктан аларды актаган сотторду көп жылдар бою даярдап чыгардык. Эмгегибиз кайтып атат, тигине баарын элек актап атат. Ошентип кыргыздын жаманаттысын бүт дүйнөгө чыгардык.

Дүйнө кеп бекен. Бишкекте дүйнөлүк рекорд койгон түтүн чыгардык. Аз болуп калбай кошулуп түтөсүн деп казылып бүтпөгөн таштанды чыгардык.

Кылмыш элеби? Ууру-кескинин анабашын кызыл килем менен боштондукка чыгардык. Жолдон эле атып салчу тентектерден апаптап сактап, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, төшүбүз менен коргоп, машине менен коштоп дегеле. Эмгиче салам айтып турат бечара жигит, ыраазычылыгын айтып түгөтө албай… Ордуна баргандарга жылуураак камера тилеп… Коррупциянын эч кимде жок схемаларын чыгардык. Алдар Көсө алдатып, Остап Бендер оюнчук эле болуп калды. Андай майда-барат балапанчиктерди «бар, пиво алып келе койчу» деп жумшап ийип оюндан чыгардык.

Деңгээли ушунчалык, башка мамлекеттерде президенттердин бир нече «кошелёгу» болсо бизде БИР эле «Кошелёктун» БИР НЕЧЕ менчик президенти бар. Анан эмне, оңой көрдүңөр беле?.. Түбү кашкарлык Кошелёк да, Улуу Жибек жолунун сырын билет кантсе да. Жибек курттай болуп оронуп-чулгана берип катуу чоңоюуптур. Жакса шайлатат, жакпаса түшүрөт. Түшкөндөрү да сүйлөп ийсе түрмөдө, сүйлөбөсө тизмеде… Президенттер чөнтөгүндө… Баса, чөнтөгүндөгү президенттери жакында экөө эмес үчөө болду окшойт. Жибек курттай эле бапестеп катып атканына караганда. Иши кылып ошондой чоң даражага чыгардык.

«Ооба, чыгардык, и чо! Мине кылып аласың ээу бузуку? Ишиң болбосун деп атам, ичиң күйсө туз жала, уктуңбу! За братана туруп беребиз, даканса. Айрып салам, жөн жүр ровно дышать этип есчо», деген эл аралык жаңы терминологияны чыгардык. Билим элеби? Билим берүүдө жыл сайын жасалма диплом чыгардык. Кайсы окууну бүткөнүн айтып берсе беш коюш керек. Билим берүүдө өнүккөнүбүздү ушундан бил, абитуриент боло албаган директорлорду чыгардык. Мындай практика дүйнөдө жок. Анын айынан эки жаат болуп бөлүнүп, эркек-аялыбыз баш болуп ушак-айыңдан күчүбүздү чыгардык. Толкунданып кеттик да. Толкундансак катуу толкунданабыз токтой албай охоооо… «Ойкуйт да кайкыйт ак чардак» деп ар кандай формасына салып, көпкө чейин бүтпөй…

Заманбап болуш элеби? Музейге чечинип киргенден тартып бассейнге кийимчен түшкөнгө чейин моданын бардык түрүн чыгардык. Ар кимдин эле колунан келе бербейт, элдин көзүнчө эфирден сөгүнүп туруп Чымкоргонго түшпөй хит болуп кетиш. Бет керек. Табактай болсо жакшы. Кенен дегеним да. Тойдо уча тартканга жарагыдай болушу керек башкысы. Калганы табылат атасынын көрү. Кайда калбаган кечирим, врачтар деле сурабадыбы…

Сый элеби? Ошо да кеп бекен! Сый деген бизден калган! Атактуу адамдарды сыйлайм деп чакырып алып, анда айткан сөздөрүн бүт элге жайып видеого чыгардык. Жер-жеберине жетип, ичкенин ирим, жегенин желим кылып, бир чөөгүн чайынын артыгын чыгардык.

А силер «Эмне чыгардык?» дейсиңер. Омээй, оңой бекен, ушунун баары? Бул деген дүйнөдө жок чыгармачылык, керек болсо!.. Башкалар муну канчалык ойлонуп, толгонуп отуруп да таба албайт! Болгону ушул чыгармачылык өзүбүзгө пайдалуу жакка иштебей атат эмнегедир. Чыгарган сайын эле чылага оонап баратабыз. Чыгаралы дегендердин баарын чыкыйга чаап кайра оонатып… Жарашса-жарашпаса деле баткак менен баштан ары чабыша берип же бир тазабыз калбады, же бир моокубуз канбады.

Жакында көзү өткөн акын Рамис Рыскуловдун бир жакшы кеби бар. «Халтурщиктердин ыр жазбай койгону эле – чыгармачылыкка кошкон зор салымы» деди эле. Ушу туптуура болуп атат эй. Эми кичине эс албайлыбы ушундай чыгармачылыктан. Энергиябыз ошончо эле ашып-ташып атса, кантип пайдалуу жакка жумшайбыз деп да ойлонуп көрбөйлүбү?.. Эртең деле жашоо керек го акыры?

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *