МЕН ТУУРАЛУУ

1971-жылы жарык дүйнөгө келгем.

Студенттик кезимен баштап ошол кезде атагы чыгып турган «Асаба» гезити менен кызматташа баштагам. Андан кийин «Азаттык», «Инфоцентр «Антитеррор» сайттарында веб-редактор, «Кабар» КУМАда аналитик-редактор, «Инфоцентр Бишкек» маалыматтык–аналитикалык борбордун жетекчиси, «Кабар» КУМАнын директорунун орун басары болуп эмгектенгем.

«Алтын калем» сыйлыгынын ээсимин.

КТРКнын 2010-жылдагы алгачкы Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгом.

Журналистика, конфликтология боюнча усулдук эмгектердин авторумун.

Жаш кезимен ыр жазам. 2007-жылы “Самурай кылыч – жүрөгүм” аталышындагы ырлар жыйнагым жарык көргөн.

Кыргыз жана орус тилдеринде эркин жазам.

Бөлүшүү: