Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды эле, жакында өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Ошко болсо буга чейин президент менен өкмөттүн иш башкармалыгын жетектеген Алмаз Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 26-августта талапкерлерди шаардык кеңеш карашы керек эле. Эми Бишкекте мэрдин милдетин Айбек Жунушалиев аткарып жатат. Алмаз Мамбетов менен Таалайбек Сарыбашовдун бул эки шаарга мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы кадрларды ротациялоо аракети катары түшүндүрүлгөн эле. Бирок Сарыбашовдун бул кызматтан күтүүсүз баш тартышы соцтармактын бир топ колдонуучуларын нааразы кылып, бир даары жердешчилик негизде эки жаат болуп жаакташканга чейин жетти. Андыктан эми Ошто да ушундай эле жагдай чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кеп Сарыбашовдун кандай мэр болгонунда же Мамбетовдун биографиясында эмес. Экөөнүн түпкү мекенинде да эмес. Чындыгында маселенин тамыры кыйла тереңде. Анын партиялык түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен борбордун алакасы жана кызыкчылыктар кагылышы менен түздөн-түз байланышы бар. Партиялык түзүлүш өз алдынча талапкерлердин эч кайсы уюмга баш ийбей жекече программасы менен чыгышына жол бербейт. Партиялар болсо саясатты бизнес катары пайдаланган күчтөрдүн колунда. Алар Кыргызстандын шартында түпкү табиятынан тайып, тек гана утурумдук шайлоо механизми болуп калганын өткөндө жазган элек. Мындай системада шаарлар үчүн чындап күйгөн инсандар эч кимге көз каранды болбостон өз талапкерлигин коюуга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Ошол партиялар аркылуу көбүнчө шаардыктар тандаган жана билген адамдар эмес, шаардагы курулуш, бизнес жана башка объектилердин ээлери, алардын балдары жана өкүлдөрү кеңешке шайланып келип атат. Айрыкча Бишкекте мындай кызыкчылыктар кагылышы апогейине жетти. Шаардык кеңешке курулуш бизнесинин өкүлдөрү кирип алган, алар мэрликке шайланган учурларга эч ким таң калбай деле калды. Алар сырттан сунушталган кишини кабыл алышы да күмөн, аны менен иштешсе да өз шартын коюп иштешет. Болбосо жолотушпайт. Мындан үчүнчү жагдай келип чыгат, ал – борбор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара карым-катышы. Азыр формалдуу түрдө болсо да мэрликке талапкерлерди президент сунуш кылып, аларды шаардык кеңештер шайлап жатат. Кааласа четке кагып коюуга да мүмкүнчүлүгү бар, андыктан талапкерлигин коюп жаткан киши алардын кызыкчылыгын эске алууга аргасыз. Эмне кылыш керек? Демек бул маселени чечүүнүн бери дегенде үч жолу бар. Бирок аларды таза түрүндө ишке ашырганда гана натыйжа берет. 1. Мэрлерди түз шайлоо. Мунун жакшы жактары: а) шаар башчыны жалаң эле шаардык кеңештердеги күркүлдөр эмес, шаардыктар өздөрү да тандоого мүмкүнчүлүгү бар. Бул кызыкчылыктар кагылышын азайтат жана мэрди шаардык кеңешке эмес, шаардыктардын өзүнө көбүрөөк көз каранды кылып, түз байланышты камсыз кылат; б) эл арасындагы таанылбай келаткан бир топ жетекчи кадрлар көзгө урунат, демек кадрлар элитасы түптөлө баштайт; в) шаардыктардын өздөрүнүн да жоопкерчилиги жогорулайт. Жаман жактары: а) мындай ыкмада кадрларды ротациялоо жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес; б) маанилүү маселелерде да борборго баш ийбеген жергиликтүү хандар чыгышы ыктымал; в) шаардык кеңеш менен мэрдин ортосунда талаш маселе келип чыкса тирешип тура беришет. 2. Мэрлерди президент жалаң ротация принциби менен дайындаган ыкма. Мунун жакшы жактары: а) кадрлар системалуу түрдө ротацияланат; б) бийлик вертикалы бекемделет; в) шаардык кеңештердеги кызыкчылыктар кагылышы болсо мэр кылчактабай чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Жаман жактары: а) мэр менен шаардыктардын ортосунда байланыш начарлашы ыктымал; б) эгерде президент мыйзамсыз иштерге барган болсо, шаар башчы өз масштабында аны колдоого аргасыз болот. 3. Мэрлерди президент ротациялык гана негизде дайындап, кызматынан шаардык кеңеш минимум бир жылдан кийин гана бошоткон система. Мунун жакшы жактары: а) бийликтин ар кайсы бутактарынын ортосундагы тең салмак жана байланыш түзүлөт; б) бийлик вертикалы менен жергиликтүү кызыкчылыктардын ортосундагы тең салмак табылат. Жаман жактары: а) мэрди шаардыктар менен болгон түз байланыштан алыстатып, шаардык кеңештердеги кызыкчылыктар кагылышы бар депутаттарга көбүрөөк көз каранды кылат. Мэрлерди дайындоо жана бийлик вертикалы Жогоруда сунушталган үч варианттын ичинен бирин шарттуу түрдө демократиялык, бирин административдик, бирин аралаш ыкма десек болот. Президент Садыр Жапаров «бардык жоопкерчилик бир эле кишиде болсун» деген ураандар менен бийликке келди. Кадрларды ротациялоо маселеси да кыйла актуалдуу болуп турат. Демек, азыркы болуп жаткан тенденциянын логикасына ылайык экинчи же үчүнчү ыкма максатка ылайык деген жыйынтык келип чыгат. Шаардык кеңештерди шайлоо системасынын кемчиликтерин эске алганда, экинчи ыкма – мэрлерди түз дайындоо азыркы учурга ылайык келет. М.а. кылып дайындай коюп, анан шаардык кеңешке шылтап же ортодон оюн кылып отурбай эле такай ротациялык негизде өзү дайындасын жана алардын сапаты үчүн жоопкерчиликти да өзү тартсын. Ансыз деле губернаторлорду дайындоо укугу президентке өттү. «Мойну эле узун дебесең, майпаң басат куу деле» деп акындар жазгандай, шаар инфратүзүмүнүн өзгөчөлүгү эле болбосо шаарлардын деле алардан принципиалдуу айырмасы жок. Экономика жана бийлик вертикалы Өткөндө Түптүн тургундары премьер-министр Улукбек Мариповду жөнөкөй машинеге түшүп жолдордун сапатын көрүүгө үндөгөнү кыйла талаш-тартышка түштү. Алардын айрымдары тигил же бул жактагы жердешине жан тарткан маанайдагы комментарийлер менен коштолду. Бирок маселенин түбүн кайра эле көбү байкаган жок. Анткени эгерде азыркы Башмыйзамдын логикасына, президент Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы чакырыктарына таянсак, анда азыр премьер-министр деген кызмат таптакыр болбошу керек. Экономика үчүн түздөн-түз президент өзү жооп берүүгө тийиш. Ошондо Улукбек Мариповдун ордунда Садыр Жапаров ошол арзан машинеге түшүп, чара көрүүгө аргасыз болмок. Көлдүн жолдорунун сапатын билбейт деп да айта албайбыз, эң сонун билет. Демек, ушунча аракет менен келген бийлик системасынын азабына чыдап, жоопкерчилигин да өзү тартсын. Ошондо өзү сындап жүргөн мурунку системалардан принципиалдуу айырмасын далилдей алат. Азырынча андай айырма байкала элек. Коопсуздук жана бийлик вертикалы Бишкек менен Оштун айрым тургундары акыркы окуялардан улам бирин бири күнөөлөп таарынычын айтып отургуча тажик тарап Баткен жакта кайрадан окоп каза баштады. Мамлекеттик чек ара кызматы бул боюнча көзгө урунарлык чечим кабыл алып иш жүргүзгөнү байкала элек. Ушунун өзү да саясий эрк жана бийлик вертикалы тууралуу маселени түбүнөн козгоду. Көп учурда оозуна алы жетпесе да коңшуларга кадимкидей айбат көрсөткөн Алмазбек Атамбаевдин доорун эстегендер көбөйө баштады. Анткени мындай учурда эл кимден эмнени талап кылаарын билбей жатат. Чек арачылар УКМКнын курамында, ал болсо Коопсуздук кеңешинин төрагасынын президент дайындаган орун басарынын сөздөрүнө каяша айтып отурат. Денонсация механизми кандай иштээрин билбегендер Кумтөр боюнча «Акаевди жоопко тарттык» деп күлкүлүү жүйө келтирди. Анысы го мейли, акчанын иши экен. Акчадан маанилүүрөөк коопсуздук жагы турат. Эгерде чек ара маселелери жана чек арадагы коопсуздук боюнча эч ким жоопкерчилик тартпаса, эч ким эч кандай натыйжалуу чара көрбөсө – бул мамлекеттүүлүк жок деген сөз. Каалайбызбы, каалабайбызбы, башкы командачы болуп президент эсептелет. Демек, күч түзүмдөрүндө да бийлик вертикалын орнотуп, аны дипломатиялык иш-аракеттер менен айкалыштырып, коопсуздук жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгү үчүн пайдалануу – анын түздөн-түз жана биринчи милдети. Канчалык тез орнотсо ошончолук жакшы. Жетекчилер демократиялык оюндарга берилип, арсар чечимдердин жетегиндеги интригаларга канчалык көп алдырса ошончолук жаман. Жагдайды оңдогонго дагы эле убакыт бар. Эгерде буга чейинки чек ара протоколдору Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөбөй жаңылыш кол коюлган болсо тез арада баш тартуу зарыл. Ачыгын айтканда, азыркы маселелердин көбүн чечиш үчүн бийлик вертикалы керек. Ал Садыр Жапаров бийликте турабы же жокпу деген суроодон да маанилүү. Өлкө үч башка күчтүн лабораториясына айланып, жоо жакадан алып, кымбатчылык каптап турганда достукка, көңүл карызга, жеке өч алууга, арзан пиарга убакыт кетире турган учур эмес. Далайды далысынан таптап эртеси садага чапкан Жаныш жазадан, Максим опузадан да коркуп кереги жок, эми эки тизгин бир чылбыры колунда… Андыктан ырааттуу, бирдиктүү иштей турган башкаруу системасын түзө билүү мамлекеттин гана эмес, азыркы бийликтин өзүнүн да келечегин аныктайт. Айтор, кыймылдаш керек. Азырынча маанилүү багыт ушул, андан кийин буюрганы тургандыр.