(Акын Анасбек Жумалиевди азыркы окурмандын замандашына айландырган жагдайлар)
Мен интуициянын күчүнө көп таяна бербейм, көп нерселерди өзүм түшүнгөн баалуулукка негиздесем да акылга салып эле талдаганга аракет кылам. Ошого карабастан кээде зээним менен дээрим жакшы иштеп кеткен учурлар болот. Бир нече жыл мурун үйдөгү архивди териштирип отуруп, 1979-жылы, башкача айтканда мен мектепке жаңы бараткан кезде жарык көргөн Анасбек Жумалиевдин “Жергемдин көркү” аттуу жупкадай китеби колума тийгенде ошондой учурлардын бири болду. Адегенде согушка кеткен уулун күтүп өмүр өткөргөн кемпирдин аянычтуу тагдыры ошол кездеги чыгармалардан айырмаланып, жөнөкөйлүгү, ашыкча эч боекторунун жоктугу менен көңүлдү бурду. Андан ары барактап отуруп “Тууган жердин тунук суулары” деген ырга келгенде үн чыгара окуп атып автор менен кошо күпүлдөп кеттим:
Алтын булак аста шыңгырап
Агат тынбай ырдап күнү-түн.
Ошол булак – менин булагым,
Ошол булак – менин үмүтүм.
Туйлап акчу да бир булактын
Турдум карап соолуп калганын…
Ошол булак – менин күйүтүм,
Ошол булак – менин арманым.
Күкүктөнүп жээгин чапчыган
Күмүш дайра күнгө чагылат.
Ошол дайра – менин ардагым,
Алыс кетсем жаным сагынат.
Кубалашып толкун ойногон
Курчап турат тоолор деңизин.
Ошол деңиз – менин сыймыгым.
Ошол деңиз – менин эгизим.
Күн чыкканда күндүн нурлары,
Ай чыкканда айдын нурлары,
Турпатыңа келип куюлган
Тууган жердин тунук суулары.
Өмүрүмдү сенден сугарып
Өмүр бою келет дуулагым.
Өзөнүмдөн аккан сууларым –
Өзөгүмдөн аккан сууларым!
“Бул ырды бир жазса таластык акын жазган!” дедим ичимден. Жанымдагыларга да айттым. Эмнеге ушундай ой келгенин азыр так түшүндүрө албайм. Казактар айтмакчы, “оозун ачса жүрөгү көрүнгөн”, мүнөзү шар, ойлору так, даана, жан дүйнөсү ачык, эр көкүрөк адамдын элеси келди.
Жаңылбаптырмын. Аны кийин билдим.
Бирок кеп анда деле эмес. Кеп мен ушул китептен өзүмдү таап алганымда болду. Адатта Ленин менен баштап, Компартия менен аяктаган советтик адабияттын талаптарындагы 40 жыл мурунку китеп 40 жыл кийинки мен түйшөлгөн, умтулган, ойлогон нерселер менен үндөшүп, тирилип келип сүйлөшүп турду.
Айтса-айтпаса төгүнбү? Алыс барбай эле жогоруда мисалга тартылган ырынан шыңгыраган бир булактын үмүт болуп агып турганы, соолуп калган башка булактын көөдөндөн кетпес арманга айланганы ал кезде жаратылыштын гана бир көрүнүшү болсо, биздин доордо мезгилдин эң актуалдуу маселеси катары да жаңырып турат го. Бул ырдагы суу жарыктыктын бүтүндөй табиятты жуурууп келип туруп калган элестүү сүрөттөмөсүн айтпаган күндө да, “өзөнүмдөн аккан сууларым – өзөгүмдөн аккан сууларым” деген көз караштагылардын асты таландыга калып, арты камалып отурбайбы.
Аккан Суу эзелтеден кыргыз философиясынын туу чокусу болгону үчүн автор аны “өзөгүндө аккан сууга” салыштырып жатат да. Улуттук философия – улуттун өзөгү эмей эмне!
Сууну сүрөттөш керек болсо ушул азыркы кылымда жашаган мен да булактан баштап, өзөн менен агызып келип аягын деңиз менен бүтүрмөкмүн. Бирок антсем туура 44 жыл кечиккен болот экенмин…
Бул китеп колума тийген кезде 30дан ашып эле калган убагым болчу. Алыкулдун “30 жашында” жазылгандай “кайдан чыкты боз ат минген…” деп таң калуу да жарашпай калган кез эле. Антсе да Анасбек Жумалиевдин “30 жашы” бул курактан эчак ашкан мени менен абийиримдин тили аркылуу сүйлөшүп, маселени таптакыр башка өңүтүнөн коюп турду:
— Отуз жашка келгиче
Жүрөсүңбү үргүлөп?
Дагы отуздан эки өмүр
Сүрөсүңбү? Ким билет…
Аргымактай арыштап
Алчыланаар курагың,
Ар-намысты жарышта
Камчыланаар убагың.
Акын болсоң, акың жок –
Жай баракат жүрүүгө.
Акындык – бул умтулуу
Билбегенди билүүгө.
Ырларыңды отко сал –
Мааниси жок чийилген.
Сырларыңды топко сал,
Басып чыгып үйүңдөн.
Көздөрүңө чөгөргүн
Көрүп көркөм дүйнөнү.
Тапкын издеп “деңизге
Чөгүп кеткен ийнени”.
Ошону айтып, отуз жаш
Коштошууга үлгүрөт.
Зекигендей негедир
Ойчул курак тирмийет…
… Бул турмушта канча ашуу
Ашаарымды ким билет?
Дагы отуздан экини
Жашаарымды ким билет?
Арийне, кеңири маанисинде мында айтылгандар – жалаң эле 30 жаштагылар үчүн эмес. Жалаң акындар үчүн да жазылган эмес. Адам баласы качан болбосун жашаган өмүрүнө саресеп салып, эмне кылганын, эмнеге жеткен-жетпегенин, жеңиши менен жемишин, утулушу менен утушун санап турган адаты бар. Ошентсе да 30 менен 40 жаш – кыргыз накыл сөздөрүндө бул жагынан абдан кеңири кеп болгон мезгилдердин бири. “Отузунда отун жара албаган кыркында кылыч чаба албайт” дейт кыргыз. “Үргүлөп, жайбаракат” жүрө берүү болбой тургандыгын, “билбегенди билүүгө” умтулуу качан болсо зарыл экенин ушул жашта чындап сезе баштайсың. Башыңа келген жаштын жүгү сезбесең да сездирип, “зекий” баштайт. “Мааниси жок ырларыңды” да, ойлоруңду да отко сала турган убак келет.
Анткени адам өмүрү чакталуу. 30дан дагы экини жашаса 90 жаш болот экен, ага ким жетип, ким жетпесин чын эле эч ким билбейт. Анасбек Жумалиевдин “30 жашы” койгон суроолор ошондогу 40тан ашкан мени да кыйнап турду. Ошол аркылуу таптакыр кийин туулуп-өскөн мени менен кайрадан замандаш, санаалаш болуп чыкты.
Баса, бул китеп чыкканда акын өзү да 32 жашта болгон экен. Бул кааласа-каалабаса да эркек-аял мамилеси бир сыйра электен өтүп, айрыкча акындар бул теманын өрүшүнө караганда өксүгүнө көбүрөөк көңүл бура баштаган кез болот. Алыс барбай эле акын Алыкул Осмонов “жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, 30 жаштын улам аркы жагында” деп “Сулууга” аттуу ырында ашыгынан көңүлү сууп, сүйүүсүнө кыйла кексе тартып калганын билебиз. Антсе да бул ырында Алыкул негизинен ашыгы, ашыктыгы менен коштошот. Ал эми Анасбек Жумалиев “Махабаттуу терезесинде” аны ашык кылган жагдайдын баарын жаштыктын күчү менен байланыштырган:
“Махабаттуу терезе” деп атагам
Терезесин сен жашаган үйүңдүн.
Алгач ирет айнек чертип, себеби –
Алгач ирет даамын таткам сүйүүнүн.
Ал терезең күлүмсүрөп турчу эле
Айга түндө, күндүз күнгө чагылып,
Алыс кетсем калуучу элем аны мен
Айнектей мөл сезим менен сагынып.
Сага таандык нерселердин бардыгын
Кароочу элем бир башкача көз менен.
Өзүңө да периштедей ишенгем
Айтып берүү кыйын аны сөз менен.
… Калдык анан эки жээкте экөөбүз
Кайчы келип көз караштар биздеги.
Муздасак да бирибизден бирибиз
Ал мезгилдин өчөөр эмес издери.
Тагдыр бизди кошпогонго өкүнбөйм.
Сен ойготкон тунгуч сүйүүм уктаган.
Бирок ошол мөлтүрөгөн жаштыктын
Көз тийчүдөй кооздугуна суктанам!
“Махабаттуу терезе” деп атагам
Терезесин сен жашаган бөлмөнүн.
Сенден ысык сүйсөм дагы башканы
Андан сүйкүм терезени көрбөдүм.
Бул терезе – лирикалык каарман башынан өткөргөн ынак мамиленин, андан да көбүрөөк ошол мамиле доорон сүргөн жаштыктын түбөлүк сакталып калган кинокадры. “Жаш деген жаш, баткакка чылап туруп бир бутун чыгарып койсо деле ичиң эзилип жакшы көрө бересиң” деп улуулардын айтканы бар. Ал тургай кимдир-бирөө кайткыс сапар кеткенде деле адам анын өзүн эле эмес, аны менен кошо кеткен өз жаштыгын, жаркын күндөрүн жоктойт, ошону сагынат, ошону менен кош айтышат. Жүрөгүнүн бир бөлүгү кошо сыйрылат. Башкасын кой, “Манастын” өзүндө деле “көпчүлүк ыйлап, көп ыйлап, “көкжалым Манас” деп ыйлап, ошол ыйлагандын баарысы ӨЗ КАЙГЫСЫН ЖЕП ыйлап” дегени бар эмеспи. “Махабаттуу терезенин” кульминациясы – акыркы эки куплеттин акыркы эки саптарында. “…Бирок ошол мөлтүрөгөн жаштыктын көз тийчүдөй кооздугуна суктанам!” дейт автор. “Сенден ысык сүйсөм дагы башканы, андан сүйкүм терезени көрбөдүм” дейт. Автор ошол МЕЗГИЛДИ сагынып атат. Андай сагыныч тирүү жан болгондон кийин баарыбызда бар. Демек, жаштыгы өткөн кылымга туура келген Анасбек Жумалиев бул жагынан да баарыбызга замандаш чыгууда.
Заман демекчи, ошол өткөн кылымда доордун эбегейсиз өзгөрүшүн көп акындар чагылдырып, аңдаганга аракет кылган. Акын Жолон Мамытов “жыйырма биринчинин акындары” менен “сулууларына” кайрылып, акын Турар Кожомбердиев дүйнөлүк согуш алааматынын коркунучуна каршы “ар бир таңда короз үнү ойготсун” деп аруу тилек кылып, акын Табылды Муканов “жерди бир чарк айланып чыккычакты” таарынычын туу кылып жүрөрүн ашыгына билдирип турган кез. Бул тенденция Анасбек Жумалиевди да кыйгап өтпөптүр. Аны “Бир мүмкүндүк — өмүрүм” деген ырынан даана байкайбыз:
“Улуу Жердик табият.
Уулум ойнойт жанымда.
Милларддаган ата-энем
Туйлайт менин канымда.
Ошол өткөн “миллиарддын”
Бири туулбай калганда,
Бул дүйнөгө мен келбей
Калмак экем “арманда”.
Миллиарддардын канчасы
Келээр менин артыман.
Жашоо чексиз себеби,
Дүйнө чексиз чалкыган.
Эмнени арнайм силерге,
Менден кийин келчүлөр?
Менден кийин мага окшоп
Күнгө салам берчүлөр.
Эмнени арнайм силерге,
Эмне мурас калтырам?”
Карап түпсүз асманды
Жооп табалбай олтурам…
Улуу Жердик табият,
Уулум ойнойт жанымда.
Бир мүмкүндүк, сан суроо
Туйлайт менин канымда.
Ах, сонунсуң, тирүүлүк!
Чөкпө, сергек көңүлүм!
Сан суроого жооп берчү
Бир мүмкүндүк – ӨМҮРҮМ!
Бул ырда баары бар. Автор жашаган доордун изи да, тирүүлүктүн табияты да көлдөлөң тартылып, “кийин Күнгө салам берчүлөргө” калтырчу мурасына түйшөлгөн адам баласынын түбөлүк санаасы менен коштолот. Ошону менен катар жанында ойноп отурган уулунун фонунда сергек оптимизм БИР ГАНА мүмкүндүк – БИР өмүр бар экенин эстен чыгарбаган жоопкерчилик менен жыйынтыкталат.
Анасбек Жумалиев кеп кылган бул жоопкерчилик ар бирибиздин башыбызда бар. Демек, ал бизге эле эмес, акын Сүйүнбай Эралиев айтмакчы “жүз жылдар мындан кийин да”, дегеле адам адам болуп турганда келечекке түйшөлө турган пенделердин баарына замандаш. Антип түйшөлбөсө адам болбой калбайбы. Анткени ушинтип келечек, дегеле тирүүлүктүн тагдыры үчүн түйшөлүү – акындыктын эле эмес, адамдыктын да чен-өлчөмдөрүнүн бири окшобойбу.
Жакында жазуучу Султан Раев обончу Түгөлбай Казаковдун мааракесине карата ой толгоосунда Шопендин “ар бир адам жүрөгүндө кыңылдап ырдаган ыр түбөлүктүү” деген сөзүнөн үзүндү келтирди. Анын сыңарындай, адабияттын тарыхы менен адабий мурас деген түшүнүктөр дайыма эле бири-бирине туура келе бербейт. Адабияттын тарыхына кайсы доордо кимдер эмненин таасири менен нелерди жазганынын баары кирсе, адабий мураска мезгил сынынан өткөн чыгармалар гана кирери анык. Ал эми мезгил сынынан өткөн чыгармалардын негизги белгиси – ачып окуган киши качан болбосун өзүн автордун замандашындай, жакын досундай, сырдашындай сезгени. Анда айтылгандар качан болбосун окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапканы. Бул максатта кыргыз элинин маданий мурасын бүт бойдон кайрадан улуттук кызыкчылыктын жана көркөмдүк баалуулугунун негизинде баштан-аяк ревизиялап чыгуу маселеси күндөн күнгө күчөп келатканын өткөндө кеп кылдык эле. Өз заманына гана жарагандарын архивге тапшырып, качан болбосун окурмандын жүрөгүн козгой алгандарынын чаңын сүртүп бери алып чыгуу – тирүүлөрдүн милдеттеринин бири.
Мен Анасбек Жумалиевдин өз колума тийген, бир гана китебиндеги төрт гана ырын кеп кылдым. Башка чыгармаларын ачып окуган башка адамдар да өз замандашын, өз санаалашын, далайлары өмүр бою сырдаша турган, кайрыла турган өз досун да таап аларына ишенем.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ