Бейиши болгур таенем бала кезинде Үркүндү көргөн киши болчу. Анын айтымында, орустар жаңыдан келген кезде кыргыздар балык жечү эмес экен. «Сазан келип эртең менен жээкте ойногондо сазандын көптүгүнөн жээктеги самын таштын үстү көрүнбөй калчу», – дечү. Улуураак туугандарынын бири орустар балык жегенин билип алып, самын таштын жараңкасына башы тыгылып калган сазандардын бирин деге менен сайып алып бирөөнү бир чака буудайга алмаштырып энесин баккан экен. «Кийин кыргыздар балык жегенди үйрөндү. Анда деле балык толтура. Арыкта агып аткан эле суудагы балыкты алыштын башынан бакан менен үркүтө коюп көйнөк менен эле ылдый жактан тосуп алганда көптүгүнөн тарта албай калышчу. Кыздарга эле азап, тазалайбыз, куурабыз. «Балык жеген багышпайт, пейли кеткен беришпейт» деп ырым кылып байкелерибиз бири-бирине сунбай жешет, мен жегим келчү эмес», – деп көп айтаар эле. Көлдөгү жана анын тегерегиндеги балык илгери ушунча көп болгонун ошондо билгем.
Алабуга же көкчаар деген билектей балыкты өзүм деле көрүп калдым. Ичинин баары чылкылдаган эле май болор эле, жарыктык. Бирөөнүн майына 10 балык куурсаң кенен жетчү. Азыр анын бири жок.
«Ушу Көлдүн жээгинин баары атчан киши кирип кетсе көрүнбөй калгыдай чычырканак токой болчу. Жан-жаныбардын баары бар эле. Кийин эле куу такыр болуп калбадыбы. Шарпылдактын (Тоңдун нары жагындагы жол боюндагы жар) түбү менен өткөн бир эле атчан кишилик жалгыз аяк жол бар эле, толкун аттын туягына тийип турчу. Азыр андан бери Көл канчалык азайып кеткенин карабайсыңбы», – дегени да эсимде бар. Кийин ошол жалгыз аяк жолду Улуттук көркөм сүрөт музейиндеги орус сүрөтчүсүнүн чыгармасынан өз көзүм менен көрдүм. Бир кылым мурунку сүрөт Ысык-Көл андан бери канчалык тартылып кеткенин даана көрсөтүп турат.
Ал киши өмүр бою Көлгө түшкөнгө дааган жок. «Касиетиңден айланайын. Илгертен келип эле бетибизди жууганга сүйүнүп, сыйынып алып кайра кетчү элек. Жолоочулардын эч кимиси жылаңачтанмак тургай көлгө бутун малып түшчү эмес. Азыр эле заман өзгөрүп анын баары кеп болбой калбадыбы», – деп шыпшынып коер эле. Өзү эле ошондой экен дейин десем, эски кишилердин көбүнөн Көлгө карата ошондой аздектеген мамилени байкадым. Кийин өзүм деле эмнегедир жаш өткөн сайын түшпөй калдым. «Башкалардын булгап жатканы деле жетишет» деп бетимди жууп тим болом.
Муну айтып жаткан себебим – жалаң туризм деп атып баарына жол берилип, жакшы менен жаманды ылгабай жаткан азыркы заман жөнүндө кеп кылгым келди. Туристтер жаратылышка өзүнүкүндөй мамиле кылбайт экен. Машинеси менен кирип барып арак ичкендерди, ити менен кошо түшкөндөрдү көрүп жүрүп далай зээним кейиди. Жакында эле Пакистандан келгендер ичине кирип алып жышынып жаткан видеолор соцтармакка тарады. Үстүнө мончо салып алган пансионаттарды кесиптештерибиз тартып чыгарып жүрүшөт. Аттуу-баштуу эле адамдар ээлик кылган пансионаттарда тазалоочу жабдуу жок болгондуктан ичинен чыккан кир-коктун баары түз эле Көлгө куюлуп жатканы да бир эмес, бир нече жолу журналисттик иликтөөлөрдүн темасы болгон жайы бар. Ушунун баары Көлгө түшмөк тургай бутун салбаган бир кездеги ата-бабалардын табиятка кылган мамилесине канчалык кайчы келери айтпаса да түшүнүктүү.
Муну сөз кылсаң эле «туризм деген абдан маанилүү тармак, туристтер үчүн бардык шартты түзүш керек, кичине эле каршы сүйлөсөң келбей коюшат» дечүлөр четтен табылат. Ал тургай жыл сайын кирешесинин кыйла бөлүгүн ушул тармактан тапкан өз жердештериме деле маселенин мындай өңүттө коюлушу жакпаса керек. Бирок туризм азыр Кыргызстанда эле эмес, жалпы эле дүйнө жүзүндө абдан талаштуу жагдайларды жараткан тармак экенин да моюнга алганыбыз туура болот. Андай талаштуу жагдайлардын бири – жергиликтүү элдин адеп-ахлагына, кылымдардан бери ошол элди эл кылып келаткан жашоо ыңгайына тийгизген таасири. Мисалы, туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири – Таиланд. Бирок бул мамлекет жалаң эле эс алуунун эмес, сойкулуктун, бачабаздыктын жана порноиндустриянын да дүйнөлүк борбору. Андай жаманаттыны өз мамлекетине душман эле болгон киши каалабаса, акыл-эси ордунда турган адам каалабайт.
Экинчи жагдай – туризмдин экологияга тийгизген зыяны. Былтыр коронавирус пандемиясы күч алып, карантин киргизилгенде Венециянын суусу көп жылдан бери биринчи жолу тунуп, илгеркидей балыктар пайда болуптур. Жаратылыш эс ала түшкөндөй эле болсо керек.
Жалпысынан XXI кылымда жер бетинде экономика менен экологиянын карама-каршылыгы күн тартибиндеги алдыңкы орунга чыкты. Мөңгүлөр азайып, климат өзгөрүп, дүйнө эли энергиянын жаңыруучу булактарына өтүүнү жапырт ойлонуп жактан кезде жалаң туризмден, кендерди иштетүүдөн түшкөн каражатка, мунай менен көмүргө ойлонбой кызыгуу өкүнүчтүү натыйжаларга алып келиши ыктымал. Мындай шартта акчага эмес, өлкөнүн бакубат жашоосунун негизги шарты болгон экологияга биринчи иретте көңүл буруу зарыл.
Үчүнчү жагдай – туризмге байланган экономика тышкы факторлорго өтө эле көз каранды. Айталык, адатта кирешесинин 40% жакыны туризмден түшкөн Түркиянын экономикасы коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам эки жылдан бери кыйла олку-солку болуп калды. Ошол эле Таиланд пандемия башталгандан бери мурда болуп көрбөгөндөй кризиске учурап турган кези. Анын ордуна экономиканын башка тармактарын өнүктүрүп алган болсо мынчалык кыйналмак эмес.
Төртүнчү жагдай – инвесторлордун саясаты. Грузиянын ажайып кооз жерлерине көз арткан араб инвесторлору акчасын аябастан аларды сатып алып, тышынан курчап, мечит менен медреселерин салдырып, ал аймакка эч кимди киргизбей, акыры грузиндер өз жеринде өзү чоочун болуп калганын ал жакка барган кесиптештер айтып келди. Асман шаарын салууга кызыккан араб инвесторлорун алып келүүдөн мурда стратегиялык коркунучтарга толтура ушундай өңүттөрүн жакшылап ойлонуу маанилүү болуп турат.
Кыргыздын табиятка болгон мамилеси кандай болушу керек? Кыргызча жашагыбыз келсе – Көлгө эч ким түшпөшү керек. Жалаң эле Ысык-Көл эмес, Соң-Көл, Сары-Челек сыяктуу кирди кол менен кармагыс көлдөрүбүз адам жанына барып суктанып гана кете турган жайлар болууга тийиш. Арстанбаптагы кыргыз мыктылары көмүлгөн жайлар тазаланып, улуттук пантеонго айланышы зарыл.
Албетте, туризм да маанилүү. Ошондуктан туризмди да тыйбай, ошону менен бирге экологияны да сактоонун жолдору барбы? Бар.
Мындан бир нече жыл мурун Кытайга барганыбызда кыргыздар менен казактар жашаган жайлоолордо болдук. Эң кооз жерлерине барган автожолдор мыкты сапатта жасалган. Баарынан кызыгы, жаратылышты аралаганга уруксат бербей, корук кылып темир тор менен тосуп коюшуптур. Барып абасынан дем алсаң болот, сүрөткө түшсөң болот, тамак ичсең болот, түнөсөң болот, бирок токойду аралап кирип барганга уруксат жок. «Эмнеге мындай кылып койдуңар?» – десек: «Башында токойду аралаганга уруксат берип көргөнбүз. Бирок башкасын кой, өзүбүздүн эле Кытайдын туристтери аралап кирип барып булгап, айласын кетирип жибергенинен ушундай чара көрүүгө аргасыз болдук», – дешти.
Түркиянын айрым туристтик жайларында жергиликтүү кум ушунчалык уникалдуу болгондуктан, аны кымырып алып кетүүгө тыюу салган эрежелер иштейт. Стамбулдун жанындагы Бүйүк Адалар аттуу аралдарга күйүүчү май менен жүрүүчү транспорттун киришине уруксат жок. Ошол эле Кытайда кимдир-бирөө эреже бузса турист экенине карабайт, мыйзам баарына бирдей.
Менимче ушул туура. Жаратылышка суктанууга шарт түзүлүшү маанилүү, бирок аны булгоого техникалык жактан да, мыйзам жагынан да жол берилбеши керек. Ички туризм болобу, тышкы туризм болобу, жаратылышка аяр мамиле кылууга аргасыз кыла турган эрежелер баарына бирдей болушу зарыл. Адегенде заманбап канализация салмайынча, андагы булганыч нерселер жергиликтүү сууга агып киришине толук бөгөт коюлмайынча бир да эс алуу жайы салынбашы керек. Андай жайлары жок пансионаттар эч кандай эскертүүсү же штрафы жок эле кадимкидей жабылышы зарыл. Туристтер менен иштеген агенттиктер аларга жергиликтүү элдин үрп-адаты, каада-салты, баалуулуктары жөнүндө туура маалымат берип турууга милдеттүү. Ал эми андай баалуулуктарга туура мамилени камсыз кыла албаган ишканалар жабылып, тартип бузган туристтер мага демектен миллиардер болсо да өмүр бою кара тизмеге киргизилиши талап кылынат.
Чындыгында дүйнөлүк тажрыйбадан экологияга жана туризмге карата мамиленин «саркындысын» эмес, алдыңкы үлгүлөрүн алып, пайдаланууга мезгил жетти. Эгерде ошондой максат менен иш баштасак, улуттук өзөгүбүздү биринчи орунга коюп, ошол эле учурда илим менен техниканын жетишкендиктерин да билги колдонуп маселени чечүүгө шарт түзүлөт. Бул маселени талкууласак, экономиканы эмес, алысты көздөгөн улуттук кызыкчылыкты туу тутуп гана талкуулайлы. Башка позициянын баары келечегибизге зыян.