“Кыялымдагы Кыргызстан” түрмөгүнөн

1) ЖЭБдин ордуна күн генератору менен иштеген станция салынса. Айтмакчы, бул бардык жагынан пайдалуу жана биз ойлогондон арзан. Болгону көмүрдүн тендеринен чоңдорубуз жыл сайын акча жей албай калып кыйналат.

2) Кыргызстан бүт электр транспортуна, электромобилдерге өтсө. Орусиянын алдындагы бир чоң көз карандылыктан кутулабыз.

3) Шаарда жүргүнчү ташуу үчүн жалаң автобус, троллейбус жүрсө. Автобустары да күйүүчү май менен жүргөн автобус эмес, электробус болсо.

4) Адамдар менен транспортту тыгылыштырбай жөө жүргүнчүлөр үчүн бардык жерде көпүрө салынса.

5) Тамак-аш базарлары бардык шарты менен иштей турган дүкөндөргө айланса.

6) Машинелер үчүн көп кабаттуу токтотмолор курулса.

7) Биздин бюрократиялык системага окшоп көбүрөөк жүк болсо эле токтоп калган лифттердин ордуна күчтүүлөрү коюлса.

8) Үйлөр сейсмикалык катуу көзөмөл менен, бири-биринен жетиштүү аралыкта салынса.

9) Бак кыйгандын ордуна бак өстүргөн мэрлер болсо. Эски бактарды эч ким тийбесе.

10) Шаардагы аталыштар, тышындагы жазуулар жалаң кыргыз тилинде мыкты жазылса.

11) Тейлөө кыргыз тилинде болсо.

12) Мүмкүн болгон жерлердин баарына күн генераторлору орнотулса. Күн деген Кудайга шүгүр.

13) Бардык жерде кыргыз тилиндеги бала бакчалар болсо (бирок диний багыттагы эмес, улуттук нарк-насил менен тарбиялай турган).

14) Мектептер, окуу жайлары кыргызча иштесе.

15) Элдин баары Бишкек менен Ошко үйүлө бербей, аймактарда жумуш орундары түзүлсө.

16) Кышында муз тоңоору менен кум чачылып турса.

17) Коомдук транспорт түнкү 12ге чейин иштесе.

18) Дискотека кое турган ишканаларды үйлөрдөн алыс жерге сала турган мыйзам ишке кирсе.

19) Базар үстүнө базар эмес, музейлер, театрлар, стадиондор, бала бакчалар, ийримдер, кинотеатрлар ж.б. ачылса.

20) Үй башкармалыктары, коммуналдык кызматтар кайсы бир сигнал боюнча дароо иштесе.

21) Ар бир чарчыда (кварталда) кары-картаңдар үчүн эс ала турган жайлар болсо

22) Завод-фабрикалар базарга айландырылбай, мурунку профилинде заманбап техника менен иштесе.

23) Велосипедчендер, веломобилдер үчүн кенен-кесир жолдор курулса ж. б.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *