Жакында президент Садыр Жапаров коронавирустун дарысы катары уу коргошунду сунуш кылып элдин баары ызы-чуу болду эле. Саламаттык сактоо министри аны журналисттердин алдында ичип да берген. “Рецептин президент гана билет” дейт. Кийин аны жасаган ишкана “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жайгашканын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бийлик да моюнга алды.

Ошо, эмне эле мамлекет башчысы элге анча чыкпай калды десе… Резиденцияга кадимкидей эле ишкана ачыптыр да. Уу коргошунду резиденцияда кайнатат экен. Аны бийликтин буйругу менен дарыгерлер оорукчандарга билгизбей берип жатышыптыр. Муну да бийлик адамдары моюнга алды. Демек, бир чети оорукчан адамдарга карата жашыруун эксперимент, бир чети эмнеге негизделгени белгисиз, президенттин карамагындагы ишкана деп бааласак болот.

Ооба, азырынча жашыруун берилген уу коргошундун пациенттерге тийгизген зыяны тууралуу маалымат жок. Бирок дарыгерлер уу коргошун болбосо деле коронавирусту дарылоону былтыртан бери жакшы эле билип калышкан. Андыктан мындай коркунучтуу затты колдонуунун канчалык зарылдыгы болгону белгисиз. Экинчиден аны ичкендерге дароо зыяны тийбесе да узак убакытта кандай тескери таасири болоруна эч ким жооп бербей жатат.

Кеп президент менен министрдин ниетинде же жоопкерчилигинде эле эмес. Кеп ушуга тиешеси бар БИР ДА мамлекеттик мыйзам же талап сакталбаганында.

Мамлекеттик резиденция – расмий мекеме. Анын абдан так жазылган жол-жоболору бар. Коопсуздугун кайтаруудан тартып кирген-чыкканына чейин тескелиши керек. Протокол менен этикет жагын айтпай эле коеюн.

Дары чыгаруунун да эрежелери, ага тиешелүү мыйзамдар болот. Мамлекеттин биринчи адамдары жашаган, расмий иш-чараларга арналган мекеменин бир бурчуна отура калып эле уу катары тыюу салынган заттан эч жерден уруксат албай-этпей дары жасап кирет деген эч кандай ченем жок. Киши укпасын дейин десек өздөрү расмий кабар таратып атышат.

Башкача айтканда уу коргошун – азыркы бийликтин кашкайган символу жана диагнозу. Кийин тарыхта ушундай ат менен калса таң калбаш керек.

Бирок мунун баары азыр башталган жок да. Узак жылдар бою салган жолубуз ушул. Бандиттерди кызыл килем менен узатабыз. Ал эми “Жетим-Тоону бербейли” дегендерди камап койдук. Мыйзам чыгаруу бийлиги болгон парламентте намазканабыз бар. Биздин депутаттар үчүн ыңгайлуу шарттын туу чокусу. Бери карап тескери иштерди кылып туруп эле нары карап намаз окуй коюшат. Шариятка тууралап дегендей. Мыйзамды карап отурабы, “сүф” деп туруп былтыр убактысын бир жылга узартып алышкан. Эми кеткичекти тим калбай Тамчыга казино ачтырган атышат. Кылган сооп иши ошол экен. Соттон актабай жатып президент шайлайбыз. “Дакансалап” бакырып, “Давай!” деп ураан чакырып… Ал болсо партиясына акча алганын китебине жазып отурат. Оозун тырмаган эч ким жок, өзү ачык мойнуна алды. УКМК милийса болуп алган, “урматтуу бандиттер” деп эркелетип. Чек араны да ошол чечет. Кандай чечкенин элдин баары укту.

Анан ушул кашкайып турган фактыларга сын айтса эле туш-туштан “абалаган” добуштар угулат. Шариковдордун заманы десе ишенбейсиңер…

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *