Кийинки убакта эл жаңы бийликтин кайсы жоругуна мамилесин билдирерин деле билбей калды. Кемпирабаддын чуусу бүтпөй жатса акониттин уусу чыкты эле. Эми андан жабыркаган төрт киши ооруканадан чыга электе президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү колдоп, ошол эле убакта Тамчыда казино аймагы ачылышын туура көрөрүн айтты. Бул эки чечим тең улуттук кызыкчылыкка каршы келет.

Калкты какшаткан казинолор

Кумар оюндары ага катышкан адамдардын эле психикасын бузуп тим болбойт. Улам карыз алып, бириникине бирин жаап отуруп туугандары бүт жаманатты болушат. Карыз бергендер паспорту боюнча эле куубайт, айласы кеткенде жакындарын эзет. Өзүнүн маңдай тери менен тапкан нерсесин эле жоготуп тим болбойт, үйүнөн уурдап чыгып уттурат. Жакындарынын мүлкүн күрөөгө койдурат, айтор оюнга кириш үчүн барбаган амалдын баарына барат. Үй-бүлөлөр талкаланып, далайлары асынып өлгөн учурлар бар. Чындыгында ак эмгектин же нукура атаандаштыктын эч кандай белгиси жок, жалаң же көпкөндөрдүн эрмеги, же напсисин тыя албагандардын оорусу. Кылмыштуу кландардын митедей жабыша турган чөйрөсү. Сойкулук, баңгилик жана башка социалдык мүшкүлдөр коштой жүрө турган кубулуш. Улуттун келечегине балта чаап, жеткинчектерди тескери жоруктарга түртө турган өнөкөттөрдүн бири. Ансыз деле оюн автоматтарынан чыкпай калган жаштарыбыз толтура. Же эмгекте, же билимде, же спортто ийгиликке жетпесе, ансыз да бир келген өмүрүн уурдатып компьютердин же рулетканын алдында отурган жаш адамдардын психикасы да бузулуп, өзүнө ишеними жоголуп, бирде депрессиянын, бирде маниянын туткуну болушат.

Өкмөт өз чечимине ар кандай жүйөлөрдү келтирип жатат. Негизгиси – “бул казинолордо кыргызстандыктардын ойношуна уруксат берилбейт, ойноп калган болсо казино утулган акчасын төлөп берет” дейт. Так ушунун өзү азгырык. Муну уккандан кийин биринчи иретте кыргызстандыктар кандай гана амалга салып болсо да барат. Документтерди териштире келгенде чыр чыгат. Ортого криминал аралашат. Жалаң чет өлкөлүктөр келген күндө да көпкөн немелердин эрмеги жалаң казино менен бүтүп калбайт. Журналист Сүйүн Курманова эжебиз жазгандай, андай жерде сойкулуктун күнү тууйт. Тамчы Тамчы болбой эле Таиланддын кичирейтилген формасына айланат. Ансыз деле жыл сайын миллион туристтен кийин бир топко дейре калыбына келе албай жаткан Көлдүн касиетин ого бетер качыра турган чечим болот.

Экинчи жүйөсү – “азыр өлкө каржалып турат, бюджетке каражат түшөт” деп жатышат. Жабык зона болсо, анда канча киреше түшүп жатканын эч ким барып текшере албайт. Салыкчылар менен казино ээлеринин ортосунда коррупциялык байланыштар түзүлөт. Дүйнө жүзүндө казинолор арам акчаны адалдоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири болуп келген. Башкасын кой, президент өзү бир айтканын төрт башка өзгөртүп атканда мунун артында көзөмөл болот деп эч ким эч кандай кепилдик бере албайт.

Эң негизгиси – казинолор эч кандай реалдуу экономиканы көтөрбөйт, эгин өстүрбөйт, машине чыгарбайт, билим бербейт – айтор экономиканын реалдуу пайда бере турган бир да тармагына салым кошпойт.

Айтмакчы, бул чечим бийлик менен диндин ортосундагы ансыз да татаал карым-катышты курчутат. Анткени эмитен эле буга каршы муфтийдин орун басары Кадыр Маликов өз жүйөсүн айтып чыкты. Чын эле парламентке намазкана ачтырып, орозо менен оозанышкан депутаттар казиного уруксат берүү менен “селдесине чок түшүп” кеткенин деле байкабай калышты. Арааны ачылганда динчилдиги деле жалган экенин көрсөтүп коюшту.

Акыры эң маанилүүсү – бийлик колунан келечекти ойлонуп завод-фабрика ачуу эмес, казино уюштуруу гана келерин, болгон дарамети ошол экенин ачыкка чыгарды. Түпкү маңызын жашыра албай калды. Бул сөзсүз түрдө элдин мамилесине таасир этет.

Эки эсе көтөрүлгөн электр баасы

Өткөндө саясат менен экономикада жакындап келаткан үч коркунуч тууралуу сөз кылдык эле (төмөндө: “Кокодон алган кооптуу жагдайлар”). Күйүүчү майдын баасына чара көрүлгөн жок. Оштогу шайлоого байланышкан нааразылык ошол боюнча калды. Суунун жетишсиздиги тууралуу башка адистер да кеп кыла баштаган. Ошондон уламбы, айтор бийлик электр энергиясынын тарифтерин кыш мезгили үчүн айрыкча катуу көтөргөн атат.

Биринчиден, тарифти көтөрүүдөн суунун көлөмү көбөйүп кетпейт. Эл да электрди аз колдонуп калбайт. Болгону чөнтөгүнө күч келет. Бул социалдык чыңалууну ого бетер күчөтөт. Экинчиден, электр энергиясынын баасын көтөрбөстөн сактап туруу Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы убадаларынын бири болчу. Соцтармактан өчсө эле элдин эсинен кошо өчүп калбайт. Ансыз деле Кумтөр, парламент, Жерүй жана башка толгон-токой маселелер боюнча мурунку айтканы менен кийинкиси караманча тескери чыкты. Бул ага болгон ишеничтин калган-каткан бөлүгүн кетирет. 2 миңдей тролль менен фейк бул жагдайды эч кандай амал менен актай албайт.

Электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү жактагандар “ансыз тармактын абалын оңдоо мүмкүн эмес” деп жатышат. Бирок Садыр Жапаров өз сөзүндө бул тармакта уурулук күч алып кеткенин кеп кылды. Туура. Алмазбек Атамбаев деле Ширшовдун схемаларын оппозиция кезинде сындап жүрүп, бийликке келгенде кайра өз пайдасына колдонгон. Андыктан бул жерден бир гана жыйынтык келип чыгат – эгерде бийлик энергетиканын абалын оңдогусу келсе ошол уурдалган акчанын изин таап, коррупциялык схемаларды жок кылсын. Ашыкча чыгымдарды жараткан бөлүштүрүүчү компанияларды, иштеп чыгуучу менен керектөөчүнүн ортосуна кыпчылган кошумча түзүмдөрдү жойсун. Суунун башы болгон мөңгүлөрдү талкалаганга жол берген мыйзамдардын баарын жокко чыгарып, Кумтөр маселесинде жок дегенде ушул өңүтүнөн чын эле күйгөнүн далилдесин. Ошондо ишенели. Ага чейин бул жөн гана бийликтин кемчилигин элдин эсебинен жабуу аракети.

Жалпысынан алганда бул эки чечим бийликтин рейтингин гана түшүрүп тим болбостон, ага болгон нааразылык аркылуу коомдун туруктуулугуна да зыян келтириши мүмкүн. Андыктан ойлонуп көрүүгө дагы убакыт бар.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *