Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун айрым өңүттөрүн жазган элек (төмөндө: “Тажик тарапка каршы тактика жана стратегия”). Тилекке каршы, Тажикстан менен кагылышуу бүтө элек. Жоготуулар бар, жарадарлар абдан көп. Балким тирешүү жаңыдан гана башталып жаткан болушу мүмкүн. Ошондуктан окуялардын жүрүшүндө расмий Бишкек өздөштүрүп, тиешелүү жыйынтык чыгара бере турган сабактар бар.
Биринчи сабак – тажик тарапка ишенич жок. Кыргыз жана тажик өкмөттөрү ок атышуу токтогонун жарыялап, бирдиктүү декларацияга кол койгонуна карабастан Лейлекте кыргыз айылдары тонолуп, эки тараптан тең ок атылып жатканы тууралуу кабарлар түшүп жатат. Мурда айтылгандай, бул тажик тараптын расмий айтканы менен иш жүзүндө кылганы эки башка нерсе экенин көрсөтүп турат. Буга чейин да эки облустун жетекчилеринин дэңгээлинде сүйлөшүү болгонуна карабастан райондун акими укпай койгонун айтышкан. Бул кошуналардын баягы эле шарик ойнотмой тактикасы. Облустун жетекчисин укпай койгудай райондун акиминин башы экөө эмес. Бул сүйлөшүлүп гана жасалган. Тажик тараптын илгертен келаткан тактикасы ушул – сүйлөшүү бир деңгээлде жүрөт, тоскоолдук башка деңгээлде жасалат, эки инстанциясы кыргыз тарапка ар кайсы шылтоону айткыча жалпы тажик тарап өз позициясын оңдоп алат. 30 жылдан бери ошентип жылып келатышат. Андыктан биринчи ала турган сабак ушул – тажик тараптын расмий айткан бир да сөзүнө ишенбеш керек дагы, ал жактагы кандай гана кыймыл-аракет болбосун бирдиктүү мамлекеттик саясат катары караш керек. Анын ичинде жарандык адамдарын да жарандык адам катары кароого болбойт. Анткени элинин арасына аскер кийимин алмаштыра коюп кирип кеткен кишилер болгонун жергиликтүү тургундар айтып жатышат. Мындай тактиканы Орусиянын аскерлери жана атайын кызматтары Украинада, тактап айтканда Крымда, кийин Донецк менен Луганскиде колдонушкан. Акыркы сааттарда тараган видеодо тажик тарап өз жарандарына курал таратып жатканы тууралуу видеолор чыкты. Албетте, анын чын-төгүнүн текшериш керек, бирок кошуналар ошондой ишке барбайт деген кепилдик жок. Окуянын катышуучулары мергенчилик мылтыктар тажик айылдарынан атылып жатканын билдиришкен. Ошондуктан кыргыз тарапка бастырып кирген кимисине болбосун аео болбоого тийиш. Жарандык адам катары кирип келген кишилердин көбү аскер адамдары болуп чыгышы ыктымал. Эгерде тажик тараптын карапайым жарандары деген адамдар мылтык колдонуп жаткан болсо, биздин жарандарга ошондой эле курал колдонууга тыюу салынбашы керек. Тыюу салынса биздин жалпы позицияны алсыратат.
Бул сабактан чыгара турган дагы бир жыйынтык бар: эки тарап тең аскер күчтөрүн негизги дислокация болгон жерине кайтаруу жөнүндө сүйлөштү. Тажик тарап мунун аткарылышын талап кылат. Өздөрү аткардыбы? Аткарбаса кыргыз тарап да аткарбашы керек. Жок эле дегенде кайра Бишкекке же Ошко темселетип отурбай кагылышуу болгон жерге жакыныраак кармап турганы жакшы. Биринчиден бул кайра тирешүү күчөп кетсе тезирээк чара көргөнгө жакшы. Экинчиден бензин жана башка жагынан да азыраак чыгым болот. Кыскасы тажик тарап аскер күчтөрүн толук бойдон согуштук аракеттер зонасынан алып чыгып кеткенине көз жетмейинче биздин аскерлерди ал жактан алыстатууга болбойт. Карапайым жарандарды, айрыкча аялдар менен балдарды да толук коопсуздукка көз жетмейинче ал жакка кайра алып барбаш керек. Алар биздин талуу жерибизге айланат.
Экинчи сабак – кыргыз тараптын координациясынын жана жалпы даярдыгынын деңгээли. “Кактус.Медиа” сайтына чыккан маалыматтарга караганда чек арачылар тажик тараптагы согуштук техниканын бери жылып келатканын бир жума мурун эскертишкен экен. Бирок кыргыз тарап окуялар башталганда гана аракеттерге киришип, натыйжада Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери Коргоо министрлигинин күчтөрү келгиче бир нече саат бою жалгыз согушкан. Эгерде бул чын болсо, демек төмөнкү варианттардын бири: а) маалымат убагында жеткен эмес, аны тиешелүү жетекчилерге жеткирбей коюуга кызыкчылыгы бар адамдар болгон. Эгерде андай болсо бул чыккынчылык. б) маалымат жеткен, бирок тиешелүү жетекчилер чара көргөн эмес. Эгерде андай болсо бул келесоолук. в) бул атайын таратылган такталбаган маалымат болушу да мүмкүн. Андай болсо анын максатын билиш керек. Андыктан анын чын-төгүнү, чоо-жайы тууралуу Коопсуздук кеңеши жумушчу жыйын өткөрүп, биринчи иретте ушул кемчиликти жоюуга тийиш. Эгерде “а” варианты туура чыккан болсо анда маалыматты жеткирбей койгон адамдар кимге иштей турганын жакшылап аныкташ керек. Алтынбек Муралиевдин сабагы эстен кете элек. Ал эми “б” варианты туура чыккан болсо демек тиешелүү жетекчилердин өздөрүндө кеп бар. Кокус “в” варианты туура чыккан болсо маалымат каражатынын өзүнө шек жарата турган жагдай.
Үчүнчү сабак – бул согуш жакын арада бир өңчөй токтоп калбай турганына даяр болуунун зарылдыгы. Бул узакка созулган стратегияны талап кылат. Ал үчүн тажик тараптын талуу жерлерин пайдалануу максатка ылайык. Тажик экономикасы бир эсе мигранттардын акчасынан, экинчи жагынан кошуналары менен болгон жакшы мамиледен көз каранды. Демек, кыргыз тарап үчүн Тажикстандын экономикасын, ички саясатын, тышкы саясатын, инфратүзүмүн алсырата берүү максатка ылайык. Биринчи сокку ура турган жагдай – азык-түлүк жана күйүүчү май. Тажик тарапка бара турган товарлар менен өндүрүмдөрдүн агымын толук тыйыш керек. Айрыкча тажик анклавдары блокадага анча чыдай албайт, анткени биздин аймакта. Өзбек тарап менен сүйлөшкөн күндө деле алар өз кирешесин колдон чыгарбайт. Экинчи жагдай – суу. Коопсуздугубуз менен эгемендигибизди, аймактык бүтүндүгүбүздү коргош үчүн суу ресурстарын сугат маалында экономикалык рычаг катары да, туруктуу негизде согуштук-диверсиялык максаттарда да колдонуу жөнүндө ойлонуп көрсөк болот. Анын ар кандай жолдору жетиштүү. Майлуу-Суудагы радиоктивдүү калдыктардан тартып резиденцияда кайнатылган кошулмага чейин бар. Жок дегенде ушундайда пайдасы тийсин. Үчүнчү жагдай – маалымат. Тажик бийлигинин кемчиликтери, карама-каршылыктары тууралуу маалыматтарды такай тарата турган фарси тилиндеги ресурстарды ачып иштетип, анын таасири кошуналарга тийгидей техникалык шарттарды түзүүнүн ыкмаларын ойлонуш керек. Муну АКШ, Орусия жана башка чоң державалар жасап келатышат, алардын ресурстары бизде да иштеп жатат. Азыркы заманда ага мурдагыдай көп каражат кетпейт. Интернеттин бир бөлүгүн тажик тарап бизден алганын да пайдаланса болот. Канчалык алсыратсак ошончолук жакшы.
Биз бул тиреште бардык ыкмаларды колдонууга моралдык укугубуз бар. Анткени Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жатканда аларды элдештирүүгө кыргыз дипломатиясы эң чоң салым кошкон. Москва макулдашуусунун алдындагы чечүүчү сүйлөшүүлөрдүн баары Бишкекте өткөн. Чындыгында чек ара маселесин ошол кезде чечип алса Бишкек үчүн алда канча пайдалуу болмок. Азыр аны эстеген киши жок, анткени реалдуу саясатта кызыкчылыктар гана бар. Алган пайдабыз ушул болду – бир топ айылдарыбыз таланып, үч кишини жоготуп, жүзгө жакын жараныбыз жарадар болду. Жоо аяган жаралуу экенин бул тарых дагы бир сыйра көрсөтүп отурат. Эми кылчактоо, аео болбошу керек.
Белгилей кете турган жагдай – ушу тапта Борбор Азияга кызыккан чоң державалардын үчөөнүн тең кызыкчылыгы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына толук жооп бербейт. Мисалы, Орусия чатакты күчөтүп, кийин ошонун эсебинен ортомчу катары кирип өз эркине баш ийдирип, кыскасы бул аймакты БӨЛҮП АЛЫП башкаргысы келет (Абхазия, Днестр бою модели). Батыш тарап бул аймактагы чек араларды жоюп, андагы мамлекеттерди мамлекет катары эмес, тек гана экономикалык аймак катары карап, БИРИКТИРИП АЛЫП башкаргысы келет (“бирдиктүү Борбор Азия”). Кытай болсо арзан насыяларды таратып, кийин анын эсебинен жүргүзүлгөн долбоорлорду өзүнүн кызыкчылыгына байлап, САТЫП АЛЫП башкаргысы келет. “Бир алкак – бир жол” стратегиясынын максаты деле ошол. Демек, өзүбүздүн аракеттерге гана ишенишибиз зарыл.
Бул сырттан караган киши атайын маалыматы жок талдоонун негизинде эле чыгарган жыйынтыктар. УКМКнын Чалгын кызматы менен Талдоо борбору, Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институт жана Тышкы иштер министрлиги биргелешип жасай турган иштер мындан да көп. Болгону алардын ортосунда так жана ырааттуу координация керек. Тек, жалпы натыйжасы кыргыз тараптын пайдасына иштесе болгону.