Кечээ «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов 48 саатка камакка алынды. Анын адвокаты Кантемир Турдалиевдин айтымында, Молдакматов былтыркы октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракеттенген деп шек саналып жаткан экен. Буга чейин ушул окуялар боюнча суракка чакырылып, алар боюнча азыркы президент менен УКМКнын төрагасын да суракка алыш керек экенин айтканы бар.

Кыргызстанда көп нерсеге таң калып болбойт. Бирок мындай прецедентке чейин жете элек болчу. Айталык, 2005-жылдан кийин Курманбек Бакиевдин, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин тушунда аларды бийликке келишине себеп болгон, Өкмөт Үйүнө коюлган чабуул үчүн кимдир-бирөө соттолгону эсте жок. Анткени бул элементардуу логиканын мыйзамдарына каршы келет. Эгерде мындай логикага таяна турган болсок, анда былтыр октябрь окуяларында бошотулган Садыр Жапаров кайра түрмөгө барышы керек. Анткени Гүлбара Калиеваны канча кысса да аны «акталды» деп айтпай койгон. Айта да алмак эмес, анткени акталбаганы чын. Айла кеткенде Жогорку соттун төрайымдыгына былтыр октябрда Садыр Жапаровдун ишин Башкы прокуратурага кайра кароого жөнөткөн судьялардын бири Нургүл Бакирова шайланды. Бирок ал кайра октябрга барып «акталган» деген чечим чыгарып бере албайт да, кашайгырдыкы. Кудай эмес да, убакытты артка жылдыргыдай. Демек Садыр Жапаров президенттиктен да баш тартышы керек, анткени расмий акталбаган, соттуулугу алынбаган адам президенттикке талапкерлигин койгонго да акысы жок. Ал кезде мурунку Башмыйзам кадимкидей эле иштеп турган. Аны азыркы юристтердин эч кимиси тана албайт.

Айтмакчы, анда Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгаргандардын баары камалышы керек. Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттик шайлоону өткөрүп туруп кетүүгө макул болгонуна карабай, Мамлекеттик резиденцияга чейин барып кысым көрсөткөндөрдүн баары камалышы керек. Элдик кошуундун балдарынын каршылыгына карабай, Өкмөт Үйүнө күч менен алып кирип тактыга отургузган Камчыбек Ташиев, соттуулугу алынбай туруп ошого отурган Садыр Жапаров биринчи иретте камалышы керек. Туурабы?

Эгерде «жок, ал революциялык кырдаал болду» дей турган болсо – анда анысы да калп болуп чыгат. Анткени толкундоо шайлоонун жыйынтыгына каршы гана башталган. Андагы добуш сатып алды деп элдин нааразылыгын жараткан партиялардын өкүлдөрүнүн көбү азыр деле Жогорку Кеңеште отурат. Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоону дайындагандан кийин жаңы бийлик кыңк этпей ошону аткарып, ошол убакта кайра шайлоо өткөрсө бир жөн. Андай болбогондон кийин бул жүйөсү да таптакыр суу кечпей калып атат.

Кыскасы азыркы эки дос так ошол октябрь окуяларынын аркасы менен гана бийликте отурат. Эгерде ага катышкандарды камаш керек болсо, биринчи иретте өздөрүн камасын, андай болбосо эч кимисине тийбеши керек. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев үчүн өзүнчө мыйзам, Жеңиш Молдакматов үчүн өзүнчө мыйзам жок. Эгерде азыркы президент Конституциянын кепини эмес, кепили экенин далилдегиси келсе ушул эки жолдун бирөөнү тандашы керек.

Жеңиш Молдакматовдун камалышынын эки себеби бар. Биринчиси түшүнүктүү. Кемпирабаддын берилишине каршы чыкты, Баткен окуялары боюнча Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишин талап кылды. Чек арага байланышкан окуялар тууралуу азыркы бийликке каршы кыйла активдүү билдирүүлөрдү жасап келди. Экинчи себеби геосаясий өңүттө болушу да ыктымал. «Туран» партиясы – Түркия менен жакындашуунун символу болгон уюм. Ал багытта канчалык иш жүргүзүүгө даяр болгонун ким билсин, бирок Москванын пикиринде ушундай. Бүгүнкү күндө коомдук пикирдин кыйла бөлүгү Орусиядан алыстап, Түркия менен алакаларды бекемдөөгө ооп турат. Анткени Орусия тажик тарапты тандап алганы, Дүйшөмбүнүн аракеттеринде Москванын таасири эч кимге жашыруун деле болбой калды. Бирок эгерде ушунун баары Орусияга жагыш үчүн жасалып жаткан болсо, анда кыргыз бийлиги өзү ким тарапта деген суроо келип чыгат… Өзү ким тарапта?

Жүздөгөн адамдар жарадар болуп, канча бир үйлөр кыйрап, окко тирүүлөй тосулган аскерлерибиз курман болуп, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коркунучка алып келген окуялар үчүн ким жооптуу? Биринчи иретте башкы командачы катары Садыр Жапаров, аны менен катар чалгын, контрчалгын иштери үчүн түздөн-түз милдеттенме алган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооптуу. Оппозиция же дагы кимдир-бирөө талап кылганы үчүн эмес, кызматтык милдети ошондой. УКМК аткезчиликти тыюу жагынан чоң мүмкүнчүлүк алып, бирок ал маселе жарым жылдан бери чечилбей келгенин өткөндө жаздык. Ал жоопкерчиликтен Жеңиш Молдакматовдун камалышы да, фейк аккаунттардын ит ажылдагы да, «тилиңди жулуп алам» деген опуза да куткара албайт. Эртедир-кечтир жооп бериш керек.

Чынында, камала турган көп эле киши бар. Тээ Аскар Акаев доорунан бери Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимдерге кол койгон жетекчилер мамлекеттик чыккынчы катары камалышы керек. Өлкөдө үч жолу бийлик күч менен алмашуусуна жеткирген саясатчылар бүт камалышы керек. Элдин жалпы жеңишин уурдап, бийликке жетери менен тескери сүйлөгөн аферисттердин баары камалышы керек. Мамлекетти геосаясий күчтөрдүн тескери таасирине басып бергендердин баары катары камалышы керек. Мамлекеттик кызматта туруп айлыгынан ашыра байлык тапкандардын баары коррупционер катары камалышы керек. Ушуга чейин соттордо акталып кеткен, элде кеңири резонанс жаратып, бирок жазаланбай калган кылмыштардын күнөөкөрлөрү бүт бойдон иши кайра каралып, түрмөдө көзүн жалдыратып отурушу керек. Ошондо Кыргызстан оңолот. Антпесе жоголот. Анткени кайсы гана система болбосун (демократиябы, диктатурабы, монархиябы), мыйзамдын так аткарылышы, эрежелердин бирдей иштеши – мамлекеттин негизи.

Ошондуктан бийлик өзүнөн баштасын. Өзүн, өз тарапкерлерин кулактан сүйрөп барып түрмөгө отургузсун. Анте албагандан кийин Жеңиш Молдакматовду чыгарып эле койгону жакшы. Өздөрүнө эле жакшы. Антпесе башкалардын башын тебелеп атып бакка эптеп чыкканын унутуп калып, эми ошол өзү минип отурган бутакты өтө тездик менен араалап жатат.

«Жок, антпейм» десе албетте, «даканса» таарый берсин… Каршылык жок.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *