(же тууй албай атып койго аначы болгон эчки жөнүндө)

15-майда Бишкекте эки митинг өттү. Бири Израил менен салгылашып жаткан Палестинанын элин колдосо, экинчиси Садыр Жапаровду колдоду. Ошол эле учурда Баткен облусунун жетекчилери Тажикстандын анклавына жол салууга мүмкүнчүлүк берүү Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин айтып чыгышты эле. Бирок бул маселе митинг тургай аздыр-көптүр резонанстуу кайрылууга да себеп боло алган жок. Демейде “Азербайжан эли менен бирге” деп ыр жазган акындар, “Путин эркек, Россия алга” деген пикирчилер, “Матраимовдон колуңду тарт!” деген митингчилер бул саам андай активдүүлүгүн көрсөтпөй калды. Демек, биздин жарандарды жогорудагы жагдайлар Лейлектин ыңгайына караганда көбүрөөк ойлондурат окшойт. Албетте, Баткен облусунун бүтүндүгүн ойлогон жарандардын митинг уюштурууга же натыйжалуу жолдор менен маселенин Кыргызстандын кызыкчылыгында чечилишине таасир этүүгө мүмкүнчүлүктөрү азыраак болушу мүмкүн. Бирок эгерде жалпы коомдун маанайы ушундай болсо, мындай өлкөнүн келечеги жок.

Ырас, Палестина элинин геосаясатта алданышы, көргөн азап-тозогу өзүнчө сөз кылууга татыйт. Бирок биринчиден палестиналыктар Кыргызстан деген мамлекеттин бар-жогунан кабардар экенинен шегим бар. Билсе деле кандай мамиледе болору андан бетер белгисиз. Экинчиден анын маселеси биринчи иретте араб мамлекеттеринин биримдиги жоктугуна барып такалат. Болбосо дүйнөдө 20га жакын араб мамлекети бар, бир топтору бай десе бай, күчтүү десе күчтүү. Эгерде күчүн бириктирсе ошолор эле Израилди жер менен жексен кылып коюуга алы жетет болчу. Жок, антпейт, анткени эң байларынын акчасы Европанын же АКШнын банктарында. Ушундан пайдаланып, Израил Палестинанын эмес, Палестина туюндурган араб мамлекеттеринин баарынын дымагына, аброюна, кадыр-баркына бутун аарчып атат. Албетте, жалгыз эмес, АКШнын таянычы менен. Бирок ошондо деле дүйнөдөгү эң күчтүү лоббини уюштуруп, бүтүндөй АКШнын мээси болуп алыш үчүн адегенде өз мээңди иштетишиң керек.

Ырас, жөөт сионисттеринин дүйнөнү башкаруу дымагы деле исламисттердин глобалдык дымагынан ашса ашат, кем калбайт. Эмне кылалы, экөө тең семит элдери, дининин тамыры да бир. Ал жагынан алганда бири өлүп бири калсын, дымагы болсо өзүнө.

Бирок конкреттүү ушул жагдайда биз, кыргыздар, кимисинен үлгү алганыбыз жакшы? Улам бир жерин алдырып, “алы жетпеген акыретчи” болгон Палестинаданбы? Жылан өлтүрүп атса таш алып бергенге жарабаган араб мамлекеттериненби? Же кастык курчоодо экенине карабай, бүтүндөй элин армияга айландырып, милитаризациялап кармап турган, жек көрсө да бирин бири сатпаган, эң бир улутчул Израил мамлекетиненби?

Улутчул эле эмес, реалист жана практик катары да мен Израил мамлекетинен үлгү алмакмын. Анткени качан болбосун күчтүүрөөк, кашкөй, амалдуу, идеялуу мамлекеттен үйрөнө турган нерсе көп болот. Айрыкча кастык курчоодо турган мамлекеттер өз күчүн туура мобилизацияласа алда канча күчтүү чыгарын тарых бир нече жолу далилдеген. Алсыздар алсыздыкты гана үйрөтөт. Биз да кошуналарыбыздын аракети кыйла тынчсыздандырган, толук кастык курчоодо болбосо да талаш маселелери чечиле элек мамлекетпиз. Ушуну эске алыш керек.

Үчүнчүдөн жана эң негизгиси – Палестина менен Лейлекти салыштыра келгенде Кыргызстан үчүн кимиси актуалдуу? Лейлек биздин өз мамлекетибиздин бир бөлүгү болуп жатпайбы. Лейлектин бир тобу Чүйдө, дагы бир тобу Орусияда жүрсө да жери кыргыздыкы эмеспи.

Төртүнчүдөн ушул Палестинанын чатагы да, жакында Тажикстандын бизге кол салган агрессиясы да диний боордоштук, диний атрибуттар көп учурда реалдуу саясий кызыкчылыктын жанында арзыбаган эле нерсе экенин көрсөттү го. АКШнын базаларын өз аймагында жайгаштырган Сауд Арабиясы да, бизге кол салган Тажикстан да өздөрүн мусулман деп эсептешет. “Аллах акбар!” деген кыйкырык менен тажик баскынчылары башканын эмес, так кыргыздын айылдарын өрттөп, талкалап атканын бүт дүйнө жүзү көрдү. Айтмакчы, Өзбекстан ислам кыймылынын жоочулары да 1999-2000-жылдары Баткенге так ушундай эле ураан менен кол салган.

Намазкана парламенттин адамдык сапатын оңдоп жибере албаганын эч ким деле тана албаса керек.

Бешинчиден баскынчылык максат көздөгөн согуштар дүйнө жүзүндө толтура. Алыс барбай эле биз өнөктөш деген Орусия Украинанын жерин талашып атат. Бирок аны айтып чыгыш албетте кыйын. Жок эле дегенде мигрант катары кире албай каласың. Ал эми Бишкектен туруп “Палестинадан колуңду тарт!” деп коюш иттен оңой.

Садыр Жапаровду колдогон митинг деле ушунун берки бети. Мамлекет тууралуу буга чейин көптөгөн түшүнүктөр болгон. Франциянын падышасы Людовик XIV “Мамлекет – бул мен” деген заман өттү. Людовиктин сөөгү сөпөт болгондон бери деле Франциянын кылы кыйшайбай жашап келатат. “Мамлекет – таптык эзүүнүн куралы” деген Лениндин аныктамасынан тартып “Мамлекет – тарых жолунда элди калыптандыруунун куралы” деген түшүнүккө чейин жетти. Жакынкы жылдары аалым Чоюн Өмүралиев “Мамлекет – менин абстракттуу саясий тең жарымым” деген аныктаманы сунуш кылды. Ушулардын баарында тең бир чындык бар: мамлекеттин тагдыры көп учурда бир адамдын колунда, бирок бир адамды колдоо мамлекетти колдоо деген кеп эмес. Анткени салыштыра келгенде адам күнүмдүк, мамлекет туруктуу болууга тийиш. Садыр Жапаровду колдоо – мамлекетти колдоо эмес. Көп учурда тескерисинче бийликти, анын шалаакылыгын, кыянаттыгын, пендечилигин сындоо, милдеттерин эске салуу мамлекетти колдоо болуп эсептелет. Жемкорлукка каршы чыккандар да мамлекетти күчтүү болсун дешет. Тескерисинче, жемкорлорду канча киши колдоп чыкса ошонун баары жемкорлуктун чырагына май тамызган болот.

Аянтка 500 эмес, беш миллион адам чыкса деле Садыр Жапаров эки башка кырдаалда эки башка нерселерди айтканын жокко чыгара албайт. Камчыбек Ташиев чалгын үчүн жооптуу УКМКнын жетекчиси болуп туруп, Баткендеги окуялардын алдын алыш үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн эч ким тана албайт. Алакандай Кыргызстандын эли тургай дүйнө жүзүндөгү 7,5 миллиард адам бири калбай каршы чыкса деле 2х2=4 болот. Каршы чыккан адамдардын көптүгү чындыкка каршы эч нерсе чечпейт. Чындыктын мыйзамы ушундай.

Ырас, көпчүлүгүбүздүн колубузда маселени чечип койчудай мүмкүнчүлүк жок. Андай ыйгарым укук, каражат, курал да жок. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгын көздөө – жалаң эле бийликтин иши эмес. Жарандардын да жарандай милдети, жарандай Жолу болот. Чындыгында мамлекеттик кызыкчылыкты көздөй турган болсок өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон жагдайларга баарыбыз кызыгып, бийликтен туура аракеттерди баарыбыз талап кылышыбыз керек. Бир кишинин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгында сунушубузду, кеңешибизди, каяшабызды, пикирибизди баарыбыз айтышыбыз керек. Билбесек кызыгышыбыз керек. “Бул менин облусум (районум) эмес, эмне болсо ошо болсун” деген мамиле жарабайт.

Ошондуктан израил-палестин чатагын кое туруп, кенедей өз жерибиздин тагдырына санаа тарталы. Кийин балким чоң геосаясий аренага чыксак, эл аралык саясатта чоңураак кызыкчылыгыбыз пайда болсо ошондо көрө жатарбыз. Азырынча өз жыртыгыбызды жамап, өз корообузду оңдогонду ойлонолу. Мамлекеттик кызыкчылык жерден башталат.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *