Мен да конфликтолог талдоочу болуп иштегем. Бир колдонмом, эки изилдөөм бар. Эки изилдөөнүн бири Баткендеги тажик жарандарынын жылма миграциясы тууралуу болчу. Бирок так ошол иште алган маалыматтардан улам бул мыйзамды толук колдойм. Анткени бул иште биз эптеп эле зомбулукту азайтууну эмес, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Ушул мыйзамдагы идеяны, Баткендин атайын макамы тууралуу мыйзам кабыл алуу идеясын биз 10-15 жыл мурун эле сунуш кылганбыз. Тилекке каршы, биздин айтканыбызды укпай ансыз деле чийки долбоор даярдашып, кийин бир өңүтүн курал тууралуу мыйзамга, дагы бир өңүтүн Салык кодексине шылтап отуруп депутаттар менен өкмөт жаратпай салышкан. Эч болбосо кеч болсун дегендей, демек биздики туура болгон экен.

Мындан бир нече жыл мурун радиодо иштеген кесиптештер интервью алганда Ворухту блокадага алып, тышынан мина коюп, андан кийин гана ошол позициядан сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуш кылганымда таң калып чалкасынан кеткендер болгон. Жакынкы окуялар так ошол менин айтканым туура экендигин далилдеди.

Ош окуяларынын коркунучун да алдын-ала эскертип, изилдөө даярдасак башкаларга экспертизага берилип, мамлекеттик тилдин ролун күчөтүү тууралуу сунуштарыбыз чийилип калды эле. Изилдөөчү команданын айтканы туура чыктыбы акыры?

Эми эмне дейсиңер, урматтуу үлпүлдөгөн гуманист-либерал-космополиттер? Семинарларда “автоматтын оозунан гүл чыгарып коелу” деген сыяктуу абсурд идеяңар ит эле болбодубу. “Тажикстанды эл аралык деңгээлде чөгөлөтөбүз” дегениңер эмне болду? Каалаганын кылып туруп чыгып кетпедиби, кана жазаланганы? Болгондо да биз кыргыз тарапка сунуш кылган кеңештерди өз тарабы үчүн аткарып туруп кылбадыбы? Кимдикин аткарсак пайда болмок? Кимдикин угуп жүрүп зыян тарттык?

Качан мажирөөлүгүңөрдү, айткан идеалыңар реалдуу турмушка жараксыз экенин качан мойнуңарга аласыңар? Силердин көздөгөн балким жакшы эле максатыңар түпкүлүгүндө өлкөнү алсыратып, башка бирөөгө басып берүүгө багытталганын качан мойнуңарга аласыңар? Күчтүү армия, күчтүү чек ара кошуундары, күчтүү чалгын жана атайын кызматтар, мамлекеттик сыр деген керек бекен?

Ошондуктан бул мыйзамдын актуалдуулугу жоголмок тургай тескерисинче күчөдү. Коңшулардын максаты, тактикасы биздикиндей эмес. Алар тирешүүгө жеткенде жүйө менен эмес, өзүнө тең келген же өзүнөн ашкан күч менен гана эсептешет. Сүйлөшүү, диалог деген нерсени өз позициясын бекемдеп, убакыттан утуш үчүн гана колдонот. Андыктан куралдуу кагылышууда биздин жоокерлер, биздин жарандар өздөрү мүмкүн болушунча көбүрөөк аман калып, агрессорлорду мүмкүн болушунча көбүрөөк жок кылганы жакшы. Каршылаш тараптын жоготуулары канчалык көп болсо ошончолук бизге пайда. Аскерлерди алдыга тизип коюп, ошол эле учурда атууга уруксат бербей тирүү бутага айландыруу, элди көчүрүп кетпей, же өзүн коргоого зарыл болгон куралды бербей душмандын жеми кылуу чыккынчылык менен барабар.

Андыктан баарыңарды ушул мыйзамды колдоого чакырам.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *