Тажик тарап менен тиреш көпкө созуларын өткөндө жаздык эле. Баткендеги окуялардын изи сууй электе тажик аскерлери Чоң-Алайдагы Унжу-Булак аймагына кирип барганы кабарланууда. Эки тарап бул тилкенин макулдашылган-макулдашпаганы тууралуу кайым айтышып, бири-бирине нааразылык нотасын тапшырууга жетишти. Эл эвакуацияланып, тиреш жакын арада токточудай түрү жок.

Элдин эвакуацияланганы туура. Анткени коңшулар ар кандай чагымга даяр экенин өткөн кагылышуу көрсөткөн. Анын үстүнө алар өздөрүн ошол кездеги чырдын жеңүүчүсү катары сезип турушат. Кокустан кырдаал курчуп кетсе тынч жаткан жашоочуларды сактоо аракети жоокерлердин колун байлап, аларды убара кылышы да мүмкүн. Албетте, эркектер өз жерин кайтарып калууга тийиш. Бирок аялдар менен балдарды, кары-картаңдарды эвакуациялоо жетишсиздик кылат. Коргоо министрлигине тиешелүү негизги аскерлердин баарын ошол жакка алып барыш керек. Чындыгында чалгын органдары жакшылап иштесе эчак эле жасап кое турган иш болчу. Эми да кеч эмес, тажик тараптын даярдыгы жөн жеринен болгон жок. Демек кыргыз тараптын такаат берүүгө камылгасы олуттуу экенин алар да түшүнгөнү оң.

Эгерде талаштуу жерге тажик аскерлери келип, кетпей коюп, ошол эле учурда кыргыз аскерлери барбаса, анда бул өткөн сүйлөшүүлөрдө кемчилик кеткенинен же Бишкектин кызыкчылыгына каршы документтерге кол коюлуп кеткенинен кабар берет. Ошондуктан саясий жагынан да аскерлердин ал жакка барышы маанилүү. Бирок аны жарыялабай жасаш керек.

Мындан тышкары, бул тирешүү ар кандай аякташы мүмкүн. Өткөн кагылышуунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, согуш аракеттери бүтөрү менен аскерлерди туруктуу дислокацияланган жерине кайра кайтаруу өзүн актабайт. Ал макулдашууларды кыргыз тарап канча сактаган күндө да коңшу тарап сактабай убара кыла берет. Андыктан аскерлер, Коргоо министрлигинин күчтөрү чек ара маселеси толук чечилип, демаркация менен бүтмөйүнчө эми ал жактан таптакыр кетпеши керек. Бишкектин тегереги менен Оштун айланасында кыла турган иш жок, иштин баары чек арада. Өткөн жолкудай болуп 15 аскер сааттап жалгыз кармашкан жагдай кайталанганы туура болбойт. Жана эгерде каршылаш тараптан ок атылса, жооп иретинде бардык куралдардан бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен кылчактабастан аракеттенүүгө моралдык жактан даяр болгон оң.

Эл аралык аренада кыргыз тараптын ачыктан ачык болушаары жок. Башкасын кой, ишенген Казакстан так ушул тапта Тажикстанга бекер ок-дары бере тургандыгы кабарланды. Кыргызда “жылан өлтүрүп атсаң таш алып бергенге жарабайт” деген таарынычтуу ылакап бар. Нур-Султандын бул кылыгы андан ашып, өлтүрө турган жыланга жаңыдан тиш салып бергенге тете болду. Албетте, бул да эсте болот… Ошентсе да казак тарап мындай кадамдарды башкалар менен макулдашпай туруп жасамак эмес. Демек бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанга карата кандайдыр план бар экендигин билдирет. Мындан келди, армиянын даярдыгы ошончолук мыкты болууга тийиш жана эл да ар кандай сценарийлерге даяр болгону туура.

Чоң-Алай району тажик тарап үчүн стратегиялык жактан чоң мааниге ээ. Кытай менен чектешкенине карабастан, Памирдеги ашуулардын начар шартынан улам эң ыңгайлуу жол Кыргызстандын ушул аймагы аркылуу өтөрүн ал жактын сырын жакшы билген досторубуз айтышууда. Анткени азыр ээлеп алса кийин Кытайга жол ачып, экономикалык жактан альтернативалуу канал түзгөнгө мүмкүнчүлүк алат. Дал ушул эле себептен улам кыргыз тарап да бул жерди эч качан бербеши зарыл. Анткени тирешүүдө каршылаш тарапты муунта турган каражаттын арасында жылчык калбашы керек. Ошондуктан Тажикстанга жасала турган экономикалык блокада эч кандай алсырабастан, тескерисинче күчөтүлүшү өтө маанилүү. Экономикалык жактан Кыргызстан Тажикстанга көз каранды эмес, тескерисинче Тажикстан Кыргызстанга көбүрөөк көз каранды. Тажик экономикасы канчалык начарлап, армиясы канчалык начар жабдылса бизге ошончолук жакшы. Аларга азык-түлүк, мунай өндүрүмдөрүн өткөргөн тараптар чыккынчы катары бааланып, тиешелүү жазасын алышы абзел.

Жоо жакадан алып, кырдаал тынч болбой турганда бийликтин компетентсиздиги тууралуу сын-пикирлер күчөшү табигый көрүнүш. Ага негиз да толтура, ал тургай ашыгы менен десек болот. Бирок азыр бийликти алмаштыруу жөнүндө кеп кыла турган убак эмес. Анткени биринчиден коомчулукта алардын ордуна келе турган лидерлер тууралуу бирдиктүү пикир жок. Экинчиден алар бийликтен кеткен күндө деле кайра шайлоо жана башка иш-чаралар кыйла убакытты, бюджетти, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттерди талап кылат.

Коомчулук ушул тапта бийликтен туура аракеттерди талап кылып, компетенциясы жетпесе көзгө сайып көрсөтүп, иштебей жатса иштегенге мажбурлашы зарыл.

Андыктан азыр коомчулуктун жасай турган оптималдуу аракеттери: 1) Армияны тез арада Чоң-Алай районуна алып барууну талап кылуу. Бирок анын далилин деталдуу көрсөтүүнү талап кылбаш керек; 2) Чоң-Алай районуна гуманитардык жардамды уюштуруп, ал үчүн адегенде кандай муктаждыктар бар экенин билүү; 3) Жакында парламентте талкууланган чек арадагы элдин өкүлдөрүнө курал берүүнү караштырган мыйзамдын кабыл алынышын тездетүүнү талап кылуу; 4) Чөнтөк тиркемелер менен тарап жаткан маалыматтардын чын-төгүнүн колдо болгон каражаттар менен текшерип, өз убагында чагымчыл кабарлардын калпын чыгарып туруу. 5) Аскерлердин жылышын көрсөткөн видео жана башка материалдарды чыгаруудан баш тартуу жана чыгаргандарды тыйып, өчүртүү. 6) Аскерлерге колдон келсе дрон сатып берүү. Бирок аны пиар кылбай, унчукпай жасаш керек. 7) Кыргыз тараптын маалымат согушунда жардам берүү.

Азырынча жалпы жагдай ушундай. Кырдаал өзгөргөнүнө жараша дагы ар кандай сунуштар пайда болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *