УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы (КККК, орусча АКС) жоюлду. Ал тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Чындыгында анын жаралышы башынан эле талаш-тартыш менен коштолуп келген. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезинде бул түзүмдү уюштурары менен президент ошол кездеги Баш мыйзам боюнча УКМКнын жетекчисин гана дайындай аларын, бирок анын түзүмүн уюштура албай тургандыгын айткан юристтер көп болгон. Бирок Атамбаев аларды уккан эмес.

КККК түзүлгөндөн бери анын иштеринин арасында дурусу да, бурушу да болду. Башында жакшы натыйжа берип жаткансыган бул түзүм кийин бурмаланган иштерге аралашып атына көлөкө түштү. Айрыкча Медакадемиянын кызматкерин элдин көзүнчө өлтүрүп салып басып кетишкенден бери бул органдын касиети кетти.

Камчыбек Ташиев УКМКнын башына келгенден бери бул органга биринчи иретте мүнөздүү болгон чалгын же контрчалгын органдарынын ишинин жыйынтыгы көрүнгөн жок. Тескерисинче Баткендеги окуялар бул багыттагы иштер, чалгынды кой, ич ара координация жана чечим кабыл алуу механизмдери да канчалык начар абалда экенин көрсөттү. Атайын кызматтын жетекчисинин атын чыгарган нерсе коррупцияга каршы күрөш тууралуу сөздөр болгон. Анын алкагында кармалчусу кармалып, анча-мынчасын төлөп, улам бири Европада кармалган балыктай болуп өлчөнүп, ченелип, жарыяланып, анан… кое берилип жаткан. Бирок Камчыбек Ташиевдин УКМКнын жетекчиси катары саясий күчү ушул орган эле.

Андыктан бул иш канчалык макулдашылып же макулдашылбай жасалганы белгисиз. Чындыгында илгертен келаткан эле саясий күрөштүн элементине окшоп турат. Анткени ага чейин Финансы полициясын да жоюп салышкан. Акыркы убакта «баланчадан түкүнчө акча өндүрүптүр» деп көбүнчө Камчыбек Ташиевдин эле аты чыгып, Садыр Жапаров тууралуу кеп-сөз анча угулбай калган. Түпкү мотивдери кандай болгон күндө да УКМКнын табигый функциялары үчүн бул чечим туура эле болду. Анткени чалгын менен контрчалгын иштеринин актуалдуулугу алдыга чыкты, кызарган жерге кызыкпай түздөн-түз жоопкерчиликтүү ишин кылганы дурус.

Бирок Кыргызстанда УКМКнын курамында болбостон, коррупцияга каршы иштеп, эч кайсы күч түзүмүнө баш ийбеген, өзүнчө орган керек. Азыркы Баш мыйзамдын алкагында ал түздөн-түз президентке баш ийип, жоопкерчилиги биринчи бийлик адамында болгону оң. Башкача айтканда «мен күрөшөйүн эле десем, булар иштебей атат» деген шылтоосу түгөнүшү керек. Тек анын өзү саясий куралга айланып кетпеши үчүн, коомчулуктун ишенимине ээ болуу максатында колдон келишинче жарандык коомдун көзөмөлүндө болгону жакшы. Коррупцияга каршы күрөшкө чоң салым кошкон активисттер менен коомдук ишмерлер анын алдыңкы катарында болууга тийиш. Мисалы, анын жетекчилигине ошол эле Али Токтакуновду, Болот Темировду, Чолпон Жакупованы, Эрулан Көкүловду жана коррупцияга каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп, маселе көтөрүп, аны ийгиликтүү далилдеп келаткан дагы бир топ адамдарды тартса болот. Анткени ушулар жыйынтык көрсөткөн. Бул органдын ишинин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча ыйгарым укуктар ансыз деле Башкы прокуратурага өтөт. Ишинин жыйынтыгын талап кылышы үчүн байкоочу кеңешине, көзөмөлдөөчү органдарына эл алдында коррупцияга каршы күрөш менен аты чыккан адамдарды конкурс менен тандап алуу зарыл.

Албетте, бул жерде азыркы ККККнын кадрлары тууралуу маселе да келип чыгат. Алар кайда барары белгисиз. Арасында жалаң эле «кустуризациядан» өзүнө бирдеме алып калгысы келгендер да арбын. Андайлар бардык органдардан чыгат. Бирок туура эмес иштерге чыдабай кол шилтеп басып кеткендери да бар. Эгерде бийлик таза иштегиси келсе так ошол чыдабай басып кеткендерин жаңы түзүлгөн органга чакырса жакшы болмок. Калгандарын коркпой-этпей эле жаңыдан конкурс менен алса болот.

Экинчи шарты – коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке өндүрүлгөн акчанын бир бөлүгү ушул органдагы анын тиешелүү кызматкерлерине, алардын башчыларына, ачышып берген адамдарга түз берилүүгө тийиш. Ошондо биринчиден иштин ачылышына кызыгуу болот. Экинчиден паракорлукту жоюуга шарт түзүлөт. Үчүнчүдөн алардан катуу талап кылганга негиз болот. Мындай органда иштеп жатып пара алган адамдардын жазасы башкаларына караганда алда канча катаал болууга тийиш. Ал эми коомдук көзөмөл механизмдери колдон келишинче күчтүү болгону жакшы.

Үчүнчү шартын мурда жана кийин президенттикке талапкер болгон Таалатбек Масадыков менен Аймен Касенов айтып чыгышкан. Акыркы шайлоонун алдында «Улут Ордо» партиясы ушуну талап кылган. Ал шарт – экономикадагы бардык маалыматтардын ЖАЛПЫ ЭЛГЕ ТОЛУК ачык-айкындыгы. Мисалы, кайсы бажыда кандай товар кантип өткөнү күндүр-түндүр видеодо көрүнүп турууга тийиш. Анын жазуусу жок эле дегенде бир жыл бою өчүрүлбөстөн сакталышы керек. Кайсы төгүлгөн салык кайда түшкөнү, кайсы суммага кошулганы, каякка жумшалганы толук көрүнүп турганы оң. Милициядагы суракта кыйноо ыкмалары колдонулбаганына далил болушу үчүн сурак кабинеттери айнектен болушу зарыл. Кыскасы, чалгын жана контрчалгын, ички коопсуздук сыяктуу жашыруун маалыматтардан башкасы элге көрүнүп турушу керек. Ачык-айкындык республикалык мекемелерден тартып айыл өкмөттөргө чейин иштеши абзел.

Ушуга байланыштуу айтып кое турган нерсе – Абдил Сегизбаевдин тушунда Өмүрбек Текебаевге каршы Белизден келди деп кийин калпы чыккан документтер жашыруун сыр деген шылтоо менен катылууга эч кандай негиз жок. Ал принцибинде эле жашыруун сыр боло албайт. Анда чалгынга да, контрчалгынга да, ыкчам иштерге да тиешеси жок. Көптөгөн кыңыр иштер жашыруун маалымат деген шылтоо менен айлап-жылдап башкасын кой, парламенттеги депутаттардан да катылып жатат. Ал эми чындап эле жашыруун нерсени чоң саясатчылар өздөрү эле балжырап камерага айтып салып жатышат. Теңирден тескери мындай практиканы токтотууга мезгил жетти.

Ушул үчүнчү шартына саботаж кылчу күчтөр бардык деңгээлде чыгат. Анткени көп жерлерде мекемелердин мыйзамдуулугунун кабыгы гана калган, ичин ачсаң жалаң курт. Көп учурларда текшерүүчүлөр ошол ичинде курттан башка эч нерсе калбаган нерсени ачкандан заарканып, 5-10 миң сомун алып жаап кетип калып атышканы да ошондон. Бирок ачыктык болсо бул боюнча чара көрүүнү талап кылган күчтөр өздөрү эле табылат. Баарынын оозун тыя албайсың, шибегени капка ката албайсың. Процесс өзү эле башталат.

Иштегиси келген адамга муну чое берип кереги жок. Тендер жарыялап, анын улам бирин соттон бузуп, дагы беш жылга созуп отурбай эле өлкө ичиндеги IT технология боюнча адистерибизден сурансак жан-дили менен жасап беришет. Туура уюштурса ашып кетсе 3 айдын ичинде башталып кете турган жумуш. Базар наркына салыштырмалуу арзан да түшөт, кийин эксплуатациясын да ошолорго тапшырганга оңой, ичибиздеги жаштарга да иш табылат. Башынан эле Кытай менен Орусияны «Коопсуз шаарды» ишке ашырууга чакырып, экөөнү чабыштырып эч кандай зарылчылыгы жок болчу. Кудайга шүгүр, биздин айтишниктер азыр дүйнөнүн ири компанияларында иштеп жатышат. Колдо турган ресурсту пайдаланбайлыбы?

Коррцпция менен күрөштөн түшкөн акчаны кантип пайдаланабыз деген маселе келип чыгат. Менимче биринчи иретте жумшай турган нерсе – тышкы карыздан кутулуу. Бул стратегиялык багыт. Андан ашса инфратүзүмдү жакшыртууга (жол ж.б.) салынса, ишкерликке туура шарт түзүлсө эл өзү эле экономиканын көп жерлерин оңдоп алат. Ырас, сыртыбыздан ниети ар кандай коңшулар курчап турганын, алардан болгон экономикалык көз карандылыгыбызды эске алганда, суперлибералдар каалагандай «бизнес өзү баарын түздөйт» дебестен, мамлекеттин экономикадагы жөнгө салуучу функцияларын тескерисинче күчөтүү зарыл.

Коррупцияга каршы өзүнчө орган түзгөн практика Сингапурда бар. Андагы Коррупцияны изилдөө бюросу абдан кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Ал да авторитардык өлкө. Демек, жемкорлукка каршы күрөш режимден эмес, жетекчиликтин саясий эркинен гана көз каранды. Муну айтып жаткан себебибиз – чындыгында Кыргызстанда деле бийлик бир колго топтолду, Садыр Жапаров жоопкерчиликтен кача турган бардык шылтоо түгөндү. Бир гана айырма – Ли Куан Ю өзү мыйзамды кынтыксыз сактаган киши болгон жана күрөштү өз досторунан баштаган. Эң жакындарын эч аябастан жазага тарткан. Аны китебинде жазганы бар. Кыргыз шартында ага бийликтеги адамдардын туугандарын кошууга туура келет.

Айталык, Садыр Жапаровдун эжеси, Камчыбек Ташиевдин баласы тууралуу суроолорго ынанымдуу жооп алыш керек болот. Экөө биригип Курманбек Бакиевдин тушундагы кылмыштардын бетин ачып, позициясын так билдирсе, ошол кездеги коррупцияга малынган жетекчилерден баштаса президенттин быйыл 7-апрелде «Ата-Бейитте» айткан сөздөрү чындыкка жакындайт. 2009-жылы Максим Бакиевдин тушунда Кумтөрдү «Центеррага» басып берген саясатчылардын баарын, анын ичинде өз тарапташтарын да камаса эч ким каршы болбойт. Өмүр бою мамлекеттик кызматта гана жүрүп толгон-токой мүлккө ээ болгон адамдардын айлыгынан математикалык түрдө ашкан байлыгы толук мамлекетке кайтарылса гана коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүрө баштады деп айта алабыз.

Антпесе жөн гана ордодогу оюндардын бири деп түшүнүш керек.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *