Ошентип, Ооганстанда талибдер бийликти алды десе болот. Кабулду талибдер ээледи. Калган негизги шаарларынын баары талибдердин колунда. Батыш мамлекеттери өз өкүлдөрүн шашылыш түрдө алып кетип жатышат. Ооган аскерлери жана башка мурдагы бийликтин өкүлдөрү коңшулаш Тажикстан менен Өзбекстанга качып кирүүдө.

Чынында АКШнын бен Ладенди кармоону талап кылган шылтоосу менен башталган операция Батыш мамлекеттеринин толук утулушу менен аяктады. Ооганстандын чоочун аскерлерди киргизбеген улуттук менталитети ушуну менен үчүнчү баскынчылык согуштун мизин кайтарууда. Анын артында кандай оюнчулар турганы, Борбордук чалгын башкармалыгынын бир кездеги советтик аскерлерге каршы жүргүзгөн аракети кийин өз башына муш болуп жатканы эми башка маселе. Азыр ушул тапта Кыргызстан үчүн эмне маанилүү экенин ойлонуш керек.

Кыргызстан Ооганстан менен түздөн-түз чектешпейт. Ортосунда Кытай же Тажикстан же Өзбекстан бар. Кытай күчтүү мамлекет, ал жоочуларын да, качкындарын да жолотпойт, андыктан мындан ары аны кеп кылуунун да кажети жок. Ушу тапта качкындар Өзбекстан менен Тажикстанга кире качууда.

«Талибан» кыймылы чектеш мамлекеттерди басып алуу планы жок экенин далай жолу расмий билдирген жана бир да жолу андай планы бар деген күмөн ойлорго негиз болчу аракеттерге барган эмес. Анын негизги максаты – өз өлкөсүндө шариат эрежелерин толук орнотуу жана толук ислам мамлекетин түзүү. Андыктан жакын арада ал коңшулаш мамлекеттерди басып алат же алар менен түздөн-түз кагылышууга барат деп эсептөөгө негиз жок. Бирок башка үч коркунуч бар. Үчөө тең жакынкы келечекте күч алышы мүмкүн.

1. Ооганстандагы башка улуттагы террордук топтор

«Талибан» кыймылы негизинен пуштун улутундагылардан турат, алар – Ооганстандын негизги калкы жана Пакистандагы улуттардын экинчиси. Кыймылдын ийгилигинин себептеринин бири да ушунда. Антсе да анын курамына кошулуп кеткен, калкалоосунда жүргөн, Кудайдан жөө качып кутула албаган башка улуттагы террордук топтор бар. Алар жаңы өкмөт менен тил табышса бир жөн. Бирок араздашып кете турган болсо бир маршруту Пакистан менен Индияга, бир маршруту Түркмөнстанга качат. Дагы башкалары Борбор Азия мамлекеттерине келип, кырдаалдын туруктуулугун бузуу аркылуу өзүнө убактылуу болсо да бир топ жерлерди көзөмөлүнө алууга аракет кылышы ыктымал.

Ооганстанга батпай калган террордук топтор баарынан куугунтук жесе биздин жерге өткүсү келери турган иш. Алар ачык курал менен да, качкындарга аралашып да келе бериши мүмкүн. Анткени Кыргызстанда жүрүп башка мамлекеттерге өтүү да, кырдаалды каалагандай пайдалануу да алар үчүн ыңгайлуу.

Ошондуктан чек араны жаап, айрыкча Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен көзөмөлсүз жерлерин, өзгөчө тоолуу райондорду жакшылап байкап, колдон келсе чалгын иштерин күчөтүү зарыл.

2. Диний фундаменталисттердин баш көтөрүшү

Дүйнөдө диний негизде мамлекет курган күчтөрдүн жеңиши көп учурда ошондой эле моделди жактаган башка да кыймылдарды жандандырышы ыктымал. Кыргызстанда кеңири тамыр жайган «Таблиги жамаат» кыймылынын идеологиясы Бишкектен башкарылбайт. Анын өзөгү Пакистанда. Пакистан болсо Ооганстандагы талибдерди такай каржылап, өз максатына пайдаланып келген мамлекет катары белгилүү. Демек мамлекет муфтият менен тыгыз иш алып барып, ар кандай тескери тенденциялардын алдын албаса көзөмөлдөн тышкары түрдүү процесстер башталып кетиши мүмкүн. Диний негизде түзүлгөн партиялар жоюлуп, каттоосу жокко чыгарылышы керек. УКМК жана ИИМдин тиешелүү түзүмдөрү жер-жерлердеги диний үгүт кандай мааниде жүрүп жатканын мурдагыдан да жакшыраак байкап, кооптуу жагдай болсо дароо чара көрө турган учур келди.

3. Качкындар

Ушу тапта ооган качкындары тээ алыскы Түркияга чейин барууда. Андыктан биз Ооганстан менен чектешпесек эле бул агым бизге келбейт деген кепилдик жок. Расмий Анкара аларды кабыл алуудан баш тартты. Анткени буга чейин Евробиримдиктин акчасына кызыгып 4 миллион сириялык качкынды жакшы шарттар менен киргизген, аны түрк коомунун баары эле жактыра берген эмес. Азыр Ирандан келчү качкындардын алдын алып кадимкидей эле чеп куруп жаткан чагы. 83 миллион калкы бар Түркия мынчалык чара көрүп жатса, демек калкы 6 миллиондон араң ашкан, анын да кыйласы миграцияда жүргөн Кыргызстан үчүн качкындарды кабыл алуу ого бетер зыян. Алардын арасында кимдер жүргөнүн билбейбиз, ниети эмне экенин билбейбиз, келгенде жергиликтүү калк менен алака-катышы кандай болорун билбейбиз. Кандай жагынан алганда да колдон келишинче жолотпош керек.

Буга чейин БУУ Борбор Азия мамлекеттерин ооган качкындарына чек арасын ачууга үндөдү. Бирок бул жагдайда Кыргызстан өз улуттук кызыкчылыгына жараша чечим кабыл алганы оң. БУУ болмоктон жөө туман болсо да расмий Бишкек эч кимди укпашы керек. Евробиримдик, АКШ жана башка акчасы көп эл аралык субъектилер чоң сумма сунуш кылып расмий Бишкекти качкындар агымын кабыл алганга көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ага алданса пайдасынан зыяны көп. Кыргызстан экономикалык кыйынчылыктарына, элдин каршылыгына жана коопсуздукка байланышкан жагдайларга негиздеп бир өңчөй баш тартканы оң.

Кыргызстан кабыл ала турган качкындардын бир гана категориясы бар, ал – оогандык кыргыздар. Калгандары эч кандай негизде кабыл алынбашы керек.

Тажик жана өзбек багытындагы саясаттын принциби

Ушул тапта Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрү Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны толук жаап салууга жакшы шарт түзүлүп турат. Өзбекстан менен болгон чек аранын ачылышынан азырынча өзбек тарап гана утту, кыргыз тарап уткан жок. Ал эми Тажикстан менен чек аранын жабылышын ого бетер күчөтүү зарыл. Биринчиден, Тажикстан – Кыргызстанга кол салган агрессор мамлекет. Ал ушундай кырдаалда канчалык экономикалык блокадада болсо бизге ошончолук жакшы. Экинчиден тажик согушунун убагында Кыргызстан тажик качкындарын кабыл алып көргөн. Акыбетин көрдүңөр, кайра өзүбүзгө кол салды. Расмий Дүйшөмбү канчалык кыйчалыш кырдаалда калып, мурдуна суу жетсе чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз тарап ошончолук пайда көрөт. Бул маселе Коопсуздук кеңешинде талданып, бирдиктүү чечим кабыл алынышы зарыл жана бардык күч түзүмдөрү тарабынан кынтыксыз аткарылууга тийиш. Буга чейин Тажикстанга каршы аракеттер боюнча сунуштар азыр да күчүндө турат.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *