1) Чындыкты жакшы киши айтса да, жаман киши айтса да, наркы айтса да, берки айтса да чындык болот. Мисалы, 2х2=4 деп Будда айтса да, Чикатило айтса да, аял айтса да, эркек айтса да, кичинекей бала айтса да, карыган чал айтса да баары бир чындык.

2) Ар ким өзүнө ыңгайлуу фактыны айтат. Эки тарап тең танбаган жери чындык болот. Мисалы, эки тарап мушташа кетип, бирөө бычак жеп, эки тарап бирин бири күнөөлөп атса – бычак колдонулганы жана кимдир-бирөө жарадар болгону чындык болот.

3) Кишинин жакшы жагы жаман жагын, жаман жагы жакшы жагын жокко чыгарбайт. Эрдик кылган адам эртеси иттик кылышы мүмкүн. Эрдиги иттигин, иттиги эрдигин жокко чыгарбайт. Эрдиги эрдик бойдон, иттиги иттик бойдон калат.

4) Чындыктын бир жагы экинчисин жокко чыгарбайт. Бирине 9 болуп көрүнгөн нерсе экинчисине 6 болуп көрүнөт. Бириникин туура, экинчисиникин туура эмес деген жаңылыштык. Америкада күн тийип турса Евразияда караңгы түшкөн болот.

5) Чындыктын бир бөлүгү экинчисин жокко чыгарбайт. Обон жазып, сүрөт тарткан кишини “Баланча мыкты обончу” десе “жок, каяктагы обончулугун айтасың, ал мыкты сүрөтчү” деген туура эмес. Ал бир эле учурда обончу да, сүрөтчү да, спортчу да болушу мүмкүн.

6) Бир жамандык экинчи жамандыкты актабайт. “Сөгүнгөндөрдү сындагандан көрө педофилдерди карасаңар боло” деген кеп манипуляциянын бир түрү. Сөгүнүү да, педофилия да жаман.

7) Эки башка тегиздикте жаткан нерсени карама-каршы коюу да түркөйлүк. “Калпак кийгенден көрө баштын ичиндеги мээни иштетпейсиңби” деген аңкоолор же куйтулар бар. Калпак кийген киши сөзсүз мээси иштебейт экен деген мыйзам ченемдүүлүк жок. Кийбегендики сөзсүз иштеп калат деген да эреже жок. Экөө эки башка тегиздиктеги нерселер, ал экөөнү атайылап аралаштыруу же карама-каршы коюу – манипуляциянын ыкмасы.

8) Адамдар өз ыктыяры менен мактаныч катары жазып моюнга алган кылмышты башкалар кылмыш экенин көрсөтүп атса – аны көрсөтүп аткан киши эмес, аны жасаган киши күнөөлүү. Кылмыш кылганын китебине өзү жазган киши – кылмышкер.

9) 1 калп 9 чындыктын ичинде жашырылышы мүмкүн, бирок ал баары бир калп бойдон калат. Ал тургай бул калпты жайылтуунун эң жакшы принциби катары калпычылар тарабынан колдонулат.

10) Илим тааный элек же изилдей элек, бирок факты жүзүндө айныксыз нерселер болот. Мисалы, манасчылардын аян алышы, цигун, йога системаларындагы энергиялар, ойдун күчү ж. б. “Бул тууралуу илимде эч нерсе айтылган эмес, далилдене элек, андыктан бул жок нерсе, болушу да мүмкүн эмес” деген позиция – илимий позиция ЭМЕС. “Изилдене элек, бар же жок экенине жооп бере албайбыз” деген илимий позиция.

11) Адам бир эле нерсе тууралуу бирдей эле шартта эки башка нерсе айтып жатса, демек эки сөзүнүн бири калп. Саясатчылардын мурунку сөзү менен кийинки сөзүн салыштырса калпы көп чыгат.

12) Астыңда 20 башка объект турса, алардын сапатын так билиш үчүн 20сын тең өзүнчө баштан-аяк бирдей тереңдикте иликтеп чыгыш керек. Ошондо гана аздыр-көптүр объективдүү бүтүм чыгат. Бирөөнүн эле негизинде бүтүм чыгаруу чоң жаңылыштык.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *