Өзбек тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдө кеткен алешемдиктер керексиз прецедент түзүп, тажик тараптын колуна көзүр карматарын өткөндө жазган элек. Саналуу күндөр өтүп-өтө электе Баткенде карапайым тажиктердин атынан чагым салып, тажик аскерлери кыргыз тарапты аткылай баштады. Бул Кыргызстанга каршы атайын даярдалган операция. Анткени алар аялдары менен балдарын күн мурунтан чыгарып кетишкен. Азыр аскердик күчү көптүгүнө салып тиешелүү жерлерди алып калууга жан үрөп жатканы көрүнүп турат.

Баткендин губернатору Өмүрбек Суваналиев эки тараптан тең атышуу болуп жатканын айтты. Андан мурдараак Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарап аткылай баштаганын билдирди. Демек, чагым салган да, атышууну баштаган да тажик тарап.

Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаев бул маселеде Бакиевдин убагында иш жүргүзгөн Адахан Мадумаровдун кемчилигин баса белгиледи. Баткендиктердин бир топтору талашка түшүп жаткан «Головнойдун» тажик тарапка өтүп кеткенин айткан премьер-министр Улугбек Мариповду күнөөлөп жатышат. Коопсуздук кеңешинин жыйынын эске албаганда, президент Садыр Жапаров унчуга элек. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дарыланганы бараткан жеринен кайтып келатат, бирок келсе таңга жуук гана ишке кирише алат. Айтор, ички саясий жактан талашка негиз болуп бере турган нерселер жетиштүү. Бирок кеп азыр башкада.

Ушу тарапта биз, кыргыз жарандары түшүнө турган нерсе эмне? Биринчиден, тажик тарап талашып жаткан объект биздики. Канча протоколго кол коюлган күндө деле, ал биз үчүн канчалык зыяндуу болгон күндө деле ратификациядан өтүп, эки өлкөнүн президенти кол койгонго чейин кандай гана документ болбосун мыйзамдуу күчүнө кирбейт. Андыктан тажик тараптын аракеттери мыйзамсыз. Ошондуктан бул объектини кайтарып алууга багытталган Кыргызстандын кайсы гана аракеттерин болбосун (дипломатиялык, элдик жана аскердик) колдошубуз зарыл. Бул улуттук кызыкчылыктагы нерсе. Муну өкмөт болобу, оппозиция болобу, жакшы түшүнүүгө тийиш.

Экинчиден, биздин эле жарандар биздин аскердик техниканын жолдо кетип баратканын тартып Интернетке чыгарганы биз тарапка зыян. Интернетти биз эле эмес, каршылаш тарап да пайдаланып аңдып турганын түшүнүшүбүз керек. Бул бир эсе каршылаш тараптын чалгын кызматтарынын чырагына май тамызса, бир эсе кийин дипломатиялык тиреште алардын колуна көзүр болуп бериши да мүмкүн. УКМКнын тиешелүү бөлүктөрү бул багыттагы маалыматтарды каналдардан өчүрүү боюнча иштеши зарыл. Ошондуктан колдон келсе мындай маневрлар түн ичинде жүргөнү оң.

Үчүнчүдөн, ушу тапта тажик тарап өзүнүн ок-дарысын активдүү коротуп жатат. Ал ок-дары элдики болушу да мүмкүн, аскерлердики болушу да мүмкүн. Толук дүрмөт да, куру дүрмөт да болушу ыктымал. Бирок дүйнөлүк арсеналдын баарын эле сатып албаса, акыр аягында ок-дарысы түгөнөт же азаят. Ошондуктан азыркы тапта кыргыз тарап ок-дарыны да, аскердик техниканы да жөн коромжу кыла бербей абдан үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдаланганы максатка ылайык. Кошуналардын огу канчалык көбүрөөк түгөнсө ошончолук жакшы. Ал эми биз тараптан ок атылса – мээлеп атылышы керек. Бул жерде эске ала турган жагдай – тажик тараптын эли болобу, аскери болобу, макулдашылган аракеттерге гана барышат. Калп эле “булар чагымчы, бул расмий позиция эмес” деген менен түпкүлүгүндө баары бизге каршы иштейт. Андыктан биз тарапка каршы аракет кылса карапайым жаран же аскер экенине карабай эч ойлонбостон жок кылынууга тийиш. Жөн эле коркутканга петарда деле жарайт. Айтмакчы, складдарда жаткан пиротехниканы конфискациялап, Баткенге жөнөтө берсе болот, бирок ал аскерлердин пайдалануусунда болушу зарыл.

Биздин бөлүктөр кайсы бир имаратты ээлеп алса, мактаныч иретинде анын ичинде чокмороктошпой тегерек-четинде жайылып турганы жакшыраак. Анткени бир жерде үйүлүп турган аскерлер минометко оңой бута болот. Ал эми чачыранды жайгашкан аскерлер маневр кылышына да оңоюраак. Экинчиден кошуналар аткысы келсе өз имаратын атсын.

Коңшулар азык-түлүк, бензин жагынан да биздин аймакка көз каранды. Андыктан ушул тапта контрабанданы тыюу, нары-бери өткөн жүктү катуу көзөмөлгө алуу абдан маанилүү. Кыргыз-тажик чек арасын толук жабышыбыз керек. Ал эми аткезчиликти ушул тапта мамлекеттик чыккынчылык менен тең караган оң.

Айтмакчы, Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Орусия тараптан берилген курал-жаракты иш жүзүндө сынап көрө турган учурлардын бири келди. Айрыкча аскердик дрондору абдан керек болуп турат. Эгерде келе элек болсо, алып келиш керек. Мындан тышкары, толук же жарым-жартылай мобилизация жарыялап, даярдык көрө берген туура болот. Бул бир чети даярдыктын канчалык олуттуу экенин кыргыз тарапка билдирсе, экинчи жагынан тажик тарапка да Кыргызстан бул маселеде чегинбей турганы жөнүндө сигнал болот.

Эл аралык деңгээлде жүргүзүлө турган иштердин ичинен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму, Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештиги сыяктуу СССРден калган түзүмдөргө анча үмүт артпай эле койгонубуз туура болот. Биринчиден, ушунун баары Дүйшөмбү шаарында болгон жыйындан кийин башталып отурат. Демек бул же орустарды тоготпогону же алар менен тил табышып алганы. Анын үстүнө бул уюмдардын курамында Кыргызстан да, Тажикстан да бар. Орусия да ушул себептен улам кааласа-каалабаса да бир тарабына ачык көмөк көрсөтүүдөн карманат жана билдирүүлөр менен чектелет. Болгон бир канал – ФСБнын тиешелүү чалгын маалыматтары. Эгерде өнөктөш экени чын болсо бизге пайдасы тийе турган маалыматтарынан бөлүшсүн. Антпесе алар менен болгон өнөктөштүктүн канчалык максатка ылайык экени күмөн жаратат. Эл аралык деңгээлде позициясын түз пайдаланууга жарай турган жалгыз уюм – Түрк Кеңеши. Андыктан биздин ТИМ бул иште ушул уюмдун потенциалын пайдалануу боюнча жигердүү аракеттерди баштай бергени дурус.

Албетте, тажик тарап менен толук масштабдуу тирешүү башталып кетсе эч кимге жеңил болбойт. Алардын аскери да, аскердик техникасы да биздикине караганда көбүрөөк. Бирок жогоруда айтылгандай, Тажикстан географиялык жактан экономикалык ресурстарын алуу боюнча бизден көз каранды өңүттөрү бар. Азык-түлүгү да, күйүүчү майы да бизден өтөт. Ошондуктан кыргыз-тажик чек арасын толук жаап, чек араны кайтарууга жергиликтүү элди тартса ашыктык кылбайт. Экинчи каналын толук жабыш үчүн бул жолу өзбек тарап менен сүйлөшүү башташ керек. Эгерде бул иште утушка ээ болуп кетсе Бухара менен Самарканддагы тажик диаспорасынын чырагына май тамызып, алардын баш көтөрүшүнө негиз боло турганын расмий Ташкентке түшүндүрүү зарыл.

Биздин саясатчылар, анын ичинде бийлик башчылары ачык айтылбай турган маалыматтарды популизм үчүн элге айтуудан карманып турганы дурус. Мисалы, суу сактагыч салуу жөнүндө пландарды айтып отурбай эле башка негиз менен баштай бериш керек болчу. Тажик тараптын активдешүүсүнө ушундай билдирүүлөр да себеп болушу мүмкүн. Жакпагандардын «тилин сууруп», кайсы ооруканада жатканын же эмне кылып жатканын ачык айта бере турган убак эмес. Тескерисинче, каршылаш тараптын талуу жерлерин билген адамдарды саясий позициясына карабастан ишке тарта берген максатка ылайык.

Ушул аракеттер бүткүчө жана кыргыз тараптын позициясы утуштуу абалда болмоюнча чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтыруу абдан маанилүү. Бул кыргыз-тажик чек арасы эле эмес, кыргыз-өзбек чек арасына да тиешелүү.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *