Өткөндө бензиндин баасы экономиканын бардык тармактарына таасир этерин жазган элек (“Кокодон алган кооптуу жагдайлар”). Биринчи сигналы катары кымбатчылык башталганына көп болду. Экинчи сигналы маршруттук таксилердин козголоңунда байкалып отурат. Ошондуктан айдоочулардын айтканы да жүйөлүү. Алардын чыгымдары көтөрүлүп баратканы да чын. Бирок алардын аракеттеринен шаардыктар жабыркабашы керек эле. Маселени чечүүнүн кандай жолдору бар? Аны жакынкы, ортоңку жана келечекте аткарылчу иштер деп үч этапка бөлүп караса болот.

Чукул чаралар

Чындыгында шаарда маршруттук таксилер мынча көп жүргөнү анча максатка ылайык эмес. Бирок ага каршы мыйзам базасын даярдап, автобус же троллейбустарды алып келип, багыттарын түзүп кардиналдуу өзгөртүүгө жеткиче убакыт керек болот. Шаар болсо транспорттон өксү болбошу керек. Андыктан акыркы ирет жол кирени эки сомго көтөрсө болот. Бирок анын эки шарты бар.

Биринчиден, жол коопсуздугун камсыз кылуучу камералар көчөлөрдүн кесилишине эле эмес, аялдамалардын так маңдайына да орнотулушу зарыл. Штрафтар азыркыдай эле төлөнгөнү жакшыбы же биртике азайтыш керекпи, аны карап чечсе болот. Бирок канча болсо да төлөнүшү керек. Бул эки маселени чечет. Биринчиден, балапан короздой болуп бири-биринин жолун тосуп, туурасынан тура калып арттагы 100 машиненин убалына калган айдоочулар тартипке келе түшөт. Азыркы маршруттук таксилердин кылыгы жолдогу тромбдорду пайда кылып, шаардын ансыз деле көтөрүлгөн кан басымын ого бетер күчөтүп жатат. Экинчиден, алар тартипке келгиче шаардык бюджетке акча түшүп турат. Чындыгында оңой акча түшпөйт. Так ошол акчанын бир бөлүгүн заманбап транспорт сатып алганга жумшаса болот. Өткөндө бусиктердин айдоочулары митингге чыкканда ызылдап атып ошол аялдамалардагы видео камераларга каршы чыккан. Бул иш тескерисинче күчөшү керек. Ушундай кылса коопсуздукка да жакшы болот, шаардык бюджетке да акча түшөт, тыгын да азаят.

Экинчиден андай болсо белгилүү бир сандан ашпаган гана жүргүнчү алып ташууга уруксат берилүүгө тийиш. Бул жүргүнчүнүн коопсуздугу. Тутканы кармаганга жетишпегендери, айрыкча кары-картаңдар күп этип эле жанындагыларга бир тийип атат. Бул ошол эле жүргүнчүнүн ыңгайы жана укугу. Жол кире көтөрүлгөнүнө жараша тыгылышпай барганга укугу бар. Бул коронавирус сыяктуу жугуштуу ооруларды азайтуунун да амалы.

Үчүнчүдөн маршруттук таксилер баары бир шаардын сыртына чыгарыларын айдоочуларга биротоло түшүндүрүш керек. Машинелерин сатчулары сатып, башка багыттарга ыңгайлашчусу ыңгайлашып, айрымдары автобус же троллейбус айдоого кайра квалификациясын өзгөртүп, айтор бул маселени чечип алууга убакыт берилиши зарыл. Антпесе алардын деле убал-сообу бар.

Ашыкча же эскирген бусиктерди каякка кетириш керек экенин чечиш кыйын. Балким жолун тапчулар чыгаар. Үчүнчү өлкөлөргө саталы десек алар алыс. Жаныбыздагылар алышы күмөн. Айтор ошол жагын караштыра берген оң.

Орточо мөөнөт

Бир аз узагыраак мөөнөттү эске алганда шаарга автобустар менен троллейбустар абдан керек болот. Троллейбустар боюнча Беларус менен келишим бар. Автобустар колдон келишинче бензин же газ менен жүрбөстөн, электробус болгону жакшы. Анткени экология ансыз деле булганып атат. Шаарда залалдуу шишиктерди козгоочу заттар өтө көбөйүп кетип, анын залакасын бир топторубуз сезип атсак керек. Бул үчүн күн генераторлору талап кылынат. Ошто жана Балыкчыда электромобилдерди чыгара турган завод куруу жөнүндө сөз боло баштады эле, азыр кандай абалда экени белгисиз. Жок болсо тыштан алыш керек. Тыштан алсак кыйла кымбат болушу мүмкүн. Бирок электр тогу дайыма болсо, ал өзүн актайт. Айтылган заводдордон өзүбүз чыгарып алсак андан бетер жакшы.

Мындан тышкары, көп кабаттуу токтотмолорду куруу да маселенин чечилишине салым кошо алат. Азырынча андайлар аз. Мындан ары ким сала турган болсо да кабаттарын көбөйтүшү керек болот.

Стратегиялык багыттар

Андан да кийинки этапта коомдук транспорттун тыгынга көз каранды болбогон жаңы түрүн ишке киргизүү талап кылынат. Анын ар кандай жолдору бар. Айрым өлкөлөр эстакада салып, ошону менен метро жүргүзүп жатышат. Жер астынан салалы десек биринчиден чыгымы көп, экинчиден жерибиздин шарты жарай бербейт. Стамбул сыяктуу ири шаарларда трассанын так ортосунда башка транспорт каражатын киргизбеген жолдор салынган. Алар метробус деп аталат. Бирок ал үчүн жолдорду кеңейтиш керек жана жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрөлөрдү көбөйтүү зарыл болот. Аларды кандай болгон күндө да көбөйтө берген оң. Анткени шаардагы тыгынга жөө кишилер да опол тоодой салым кошуп атышканы чын. Ошондуктан транспорт жүрө турган жакка жөө жүргүнчүлөр кирүүгө тийиш эмес.

Шаардык кеңештин мурдагы чакырылыштарынын биринде велосипедчендер үчүн жол салуу идеясы көтөрүлгөн эле. Бирок андай жолдордун эрежесин биздин айдоочулар сактабай жатат. Велосипед өтө турган жолдорду жөөлөп барып эле машинесин коюп алышты. Мындан тышкары, бардык шартын түзгөн күндө деле жалаң велосипед менен биздин кыштан чыгыш кыйын. Болбосо бул абдан экологиялык жол. Бирок чоң эстакадалар салынса ушуну ойлонуп көрсө болот.

Коррупциялык тоскоолдуктар

Ушунун баарына жолтоо боло турган жагдайлардын сап башында кызыкчылыктар кагылышы турат. Шаардык кеңештин депутаттарынын бир топтору курулуш бизнесине тиешеси бар. Маршруттук таксилерди жалдаган фирмалар да же саясатчылардыкы, же аларга таасири чоң байлардыкы. Андыктан маселенин ушул түйүнүн чечмейинче шаардыктар ортого чыккан күчтөрдүн барымтасында кала берет.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *