Ошентип Орхан Инанды Түркиядан чыкты. Аны түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү жарыялады. Түрк элчиси болсо кыргыз тарапка жооп берип жатып “биз аны Кыргызстандан кармалды деп жарыялаган жокпуз. Ал силердин жаран эмес, биздин жаран” деп бери дегенде эки маселенин астын тосту. Баары айтылып бүткөндөн кийин ИИМ “Инандынын азыр жайгашкан жери белгилүү болду” деп күлкүнү келтирди.

Буга чейин Инандынын жоголушунун беш башка версиясын жазган элек. Башында анча ишенбесек да так ошолордун бирөө туура чыкты. Беш башка версия жөнүндө кеп кылуу туура беле? Туура болгон. Анткени талдоодо бардык жагдайларды эске алыш керек. Айтылган жагдайлардын баарына реалдуу негиз бар болчу жана алар азыр да актуалдуулугун жогото элек. Тескерисинче, бирөөнү гана башкы версия катары карап, калгандарынын баарын эч нерсе боло электе эле четке кагуу талдоочулук позиция болуп эсептелбейт. Аны бир жактуу позиция дейт. Кийин туура чыкканы андай позициянын субъективдүүлүгүн жокко чыгарбайт.

Андан кийинки билдирүүлөр жана окуялар суроолорду азайтпай эле, тескерисинче көбөйттү. Бирок азырынча белгилүү болгондорунун башын ачып алалы.

Орхан Инанды кимдин жараны?

Азырынча кыргыз тараптын расмий позициясы боюнча ал кыргыз жараны. Орхан Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганын буга чейин мамлекеттик органдар да тастыктаган. Буга чейин Кыргызстан аны Түркияга өткөрүп берүү жөнүндө талаптарды аткаруудан баш тартып келген. Президент Садыр Жапаров да аны кайтарууну талап кыларын билдирди. ТИМ нота жөнөттү. Бирок Түркия тарап аны түрк жараны деп жатат. Бул жерде бир гана суроо туулат: анын кыргыз жарандыгы ошол жылдары канчалык мыйзамдуу алынган жана жол-жоболору канчалык так сакталган?

Кыргызстан кош жарандык тууралуу эч кайсы мамлекет менен атайын келишим түзгөн эмес. Инандынын жубайы күйөөсү түрк жарандыгынан чыккан-чыкпаганын билбегенин айтууда. Эгерде чыккан болсо кыргыз жарандыгы мыйзамдуу. Чыкпай туруп алган болсо мыйзамсыз.

Андыктан анын түрк жарандыгынан чыкканы тууралуу тастыктоочу документи же жок эле дегенде расмий көчүрмөсү бар болсо – кыргыз тараптыкы, жок болсо – түрк тараптыкы туура болуп чыгат. Албетте, азыр андай документ болсо да түрк тарап көрсөтпөйт. Кыргыз тарап көрсөтөбү же жокпу – ал да белгисиз. Өзүндө сакталып калган болсо гана ошол документ бул суроого так жооп табышы мүмкүн.

Түрк атайын кызматтарынын операциясы канчалык мыйзамдуу?

Жогоруда айтылган жагдайдан улам, эгерде Орхан Инанды түрк жарандыгынан чыкпай туруп кыргыз жарандыгын алган болсо – түрк атайын кызматтарынын операциясын мыйзамдуу деп атаганга Анкарага негиз табылат. Эгерде чыгып туруп андан кийин алган болсо – анда түрк атайын кызматтарынын операциясы – биздин юриспруденция үчүн таптакыр мыйзамсыз жана биздин эгемендикти тебелеп-тепсөө болуп эсептелет.

Инанды кыргыз жарандыгын Түркиядагы төңкөрүш аракети үчүн айыптоодон качуу максатында алганбы?

Жок. Инанды кыргыз жарандыгын алганы айтылган 2012-жыл – Түркияда төңкөрүш аракети болгон 2016-жылдан төрт жыл мурун, таптакыр тынч кез. Демек, ал кыргыз жарандыгын куугунтуктан качканы үчүн алган эмес. Болгону жогоруда айтылгандай кыргыз жарандыгын алып жатып түрк жарандыгынан чыкканбы же жокпу, маселе ошого гана такалат.

УКМК Инандынын башына келген коркунуч тууралуу билгенби?

Билген. Садыр Жапаров өз интервьюсунда акыркы уурдоо аракетинен Инандыны УКМКнын кызматкерлери сактап калганын, Камчыбек Ташиев ага жансакчы алууну сунуш кылганын билдирди.

“Себат” мектептери кимдин калкалоосу менен ачылган?

“Себат” (азыркы “Сапат”) мектептери 1992-жылы Түркия мамлекетинин расмий колдоосу менен ачылган. Ошондон бери түрк расмий адамдары 2016-жылдагы окуяларга чейин бул мектептерге бир да сын айтышкан эмес. Ал тургай Эрдоган менен Гүлен башында экөө абдан жакын адамдардан болушкан. Кастыгы Гүлен Эрдоганды сындап чыккандан кийин гана башталган.

Аскердик төңкөрүш аракеттери Түркия үчүн жаңылыкпы?

Жок. Ар кандай мөөнөттөрдө Түркиядагы аскердик төңкөрүштөр жана төңкөрүш аракеттери 1960-жылдан бери болуп келатат.

“Себат/Сапат” Кыргызстан үчүн террорчу уюмбу?

Кыргыз тарап антип айтышына азырынча эч кандай негиз жок. Анткени анын өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында террордук акт уюштурганы тууралуу бир да факт катталып, бир да кылмыш иши козголгон эмес. Экинчиден бул үчүн Жогорку сот аны террорчул уюмдардын тизмесине жүйөлүү фактылардын негизинде кошууга тийиш. Азырынча Жогорку соттун андай токтому жок.

“Себат/Сапаттын” бүтүрүүчүлөрүнүн саясий дымагы барбы?

Анын бүтүрүүчүлөрүнүн ич ара ынтымагы бар экени чын. Аны өздөрү деле жашырган жок. Саясий дымагы же пландары канчалык түзүмдөшкөнү тууралуу документтешкен так маалымат жок. Бирок андай дымак аздыр-көптүр ирденип калган мындай түзүмдөрдүн көбүндө болот. Алардын ичинде диний кыймылдар, Кыргызстандагы батышчылдар, орусчулдар, динчилдер жана башкалар бар. Демек саясий дымагын же таасирин жокко чыгарууга болбойт. Ушунча жылдан бери иштеп келаткан уюм үчүн бул объективдүү көрүнүш.

“Себат” (азыркы “Сапат”) мектептеринин Кыргызстандагы орду кандай?

Бул мектептердин окуучулары олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып келатышат. Стандартын 2016-жылдагы окуялардан кийин Кыргызстандын өкмөтү өз мойнуна алып, түзүүчүлөрдүн катарына кирген. Ага чейинки билим берүү стандарттары мурунку түзүүчүлөрүнүн көз карашына жараша болгон.

Мунун баары эмне үчүн маанилүү?

“Бир түрк үчүн эмне мынча күйгүлтүк түштүңөр, биздин жарандар тууралуу эмне айтпайсыңар” дегендер Кыргызстандын кызыкчылыгы, Тажикстандын агрессиясы, тышкы саясаттагы алгылыктуу стратегия, чек ара маселеси ж.б. тууралуу буга чейинки макалалардын ар бирин кайра окуп чыгышы керек. Андан кийин гана ошентип маселе койгонго моралдык акысы болот. Антпесе “дакансалык”.

Кыргыз тарап үчүн бул окуялар эмнеси менен маанилүү?

Биринчиден, бул окуялар түрк атайын кызматтары жок эле дегенде биздикине караганда жакшы иштеп жатканын көрсөтүп турат. Кимдин пайдасына, кайсы режимдин кызыкчылыгына иштегени – ал саясий маселе. Бирок кесипкөйлүк жагына тан бербеске арга жок. Мурда Израилдин атайын кызматтары гана дүйнөнүн кайсы жеринен болбосун өз душмандарын алып кетчү эле, эми Түркия да ошого жетише баштаптыр.

Атаганат, кыргыз атайын кызматтары Беларустан Курманбек Бакиевди, Жаныш Бакиевди, Данияр Үсөновду, Англиядан Максим Бакиев менен Евгений Гуревичти, Казакстандан Адил Тойгонбаевди, АКШдан Аскарбек Шадиевди ж. б. кармап келип темир тор артына көзүн жалдыратып отургузуп берсе рахмат гана айтмакпыз. Алар өзүнчө камерада эмес, тоок уурдагандар же андан чоңураак криминалдар менен кошо эл катары отурганда андан да жакшы болмок. Ал тургай ошол азыркы жүргөн жеринде жок кылып салса деле анча көп киши каршы болмок эмес. Тескерисинче, “биздин чекисттер азамат экен” дейт элек.

Анын ордуна кыргыз атайын кызматтары башкасын кой, Тажикстандын мурдатан пландалган агрессиясынын алдын алууга жеткиликтүү чара көрбөй, жок дегенде убагында көчүрүп кеткенге жарабай, 30дан ашык кишинин өлүмүнө жол берди. Бул да факт жана аны эч ким тана албайт.

Экинчиден, ушунча жылдан бери Кыргызстандын билим берүү тармагы ар ким келип өз билгенин кыла бере турган лабораторияга айланып калды. Мамлекеттик мектептерде деле бирдиктүү идеологиялык багыт жана көз караш жок. Динди эмес, адам укуктарын эмес, орустун мүдөөсүн эмес, кыргыздын кызыкчылыгын, кыргыздын маданиятын, кыргыздын нарк-насилин биринчи орунга коюп тарбия бере турган бала бакчалар, мектептер, университеттер системасын жолго коюш керек болуп калды. Болбосо ушинтип ар кимдин оюнчугу болуп отура беребиз. Коомубуз айрымдар айткандай “кайдагы бир түрк үчүн” эле эмес, дегеле тыштагы ар ким үчүн бул жактан туруп эле эки жаат болуп кырылыша берет.

Үчүнчүдөн, эгерде мамлекеттик бийликти күч менен алмаштырууну кылмыш деп эсептей турган болсок, анда буга чейинки президенттердин, саясатчылардын баары азыркы бийлик башында отургандары менен кошо түрмөгө отурушу керек. Анткени тээ Акаевдин үчүнчү мөөнөтүнөн баштап бизде чындап мыйзамдуу бийлик боло элек жана азыр да жок. Азыркы президентибиз деле соттон расмий акталганы тууралуу күбөлүгүн көрсөткөнү эсте жок. Иши кайра кароого жөнөтүлгөнү тууралуу кагазга гана таянышкан. Анткенге эркибиз жетпейби, болору болду деп жашайлыбы – анда бийлик мисалы Жеңиш Молдакматовду бошотушу керек. Анткени Молдакматов үчүн өзүнчө мыйзам, Ташиев жана Жапаров үчүн өзүнчө мыйзам жазылбайт. Кашайып артка барып Жогорку соттогу чечимди оңдотуп да келе албайт. Бул “мамлекеттик төңкөрүш аракетине катышты, демек өз элинин чыккынчысы” деп оозун чойгондорго жооп. Адегенде күзгүнү карап койгула, “каксоо жерден кескелдирик” издегендер. Күзгүнү карасаңар эле кескелдирикти көрөсүңөр. Мындай макалаларды карап, окуп, көңүл буруп, алтын башыңарды оорутуп деле кереги жок.

Төртүнчүдөн ушунун баары эмнеси болсо да Түркия менен стратегиялык кызматташтыктын жана тактикалык алакалардын канчалык татаал жана жооптуу экенин көрсөтүп турат. Түркия – биз эгемендик алгандан бери эле Кыргызстандын абдан маанилүү өнөктөштөрүнүн бири. Биз үчүн бул кызматташтык улана бергени объективдүү түрдө пайдалуу жана азыркы тапта андан бетер маанилүү. Ал тургай Бишкектин тышкы саясий стратегиясы түп-тамырынан бери өзгөрүүгө муктаж экенин өткөндө жазганбыз. Бирок бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат. Расмий Анкара менен болгон кызматташтык чындап ийгиликтүү, пайдалуу жана бекем болсун десек, ал өнөктөш өлкөдөгү бийлик-оппозиция талашы сыяктуу утурумдук факторлорго көз каранды болбошу керек. Көз каранды кылбай турган нерселерди табуу жана билги пайдалануу – дипломаттардын гана эмес, биринчи иретте мамлекет башындагылардын милдети. Айылчылаган зайыпка окшоп расмий иш сапарынан азык-түлүк ала келгенин айтып мактануу – өтө жумшак айтканда мамлекет башчылардын деңгээли эмес. Андай башчылар менен эч ким эсептешпейт. Далысынан таптап коюп эртеси баягы сага таш ыргыткан кошунаңа да тийип өтүп, алда канча көбүрөөк сүйлөшөт. Ага эч нерсе деп нааразы да боло албайсың. Анткени андан мурун өзүң алдына колуңду бооруңа алып башыңды ийип жетип баргансың. “Кудай жалгасын, айланайын” деп алкап тосуп алган.

Бешинчиден жана эң маанилүүсү – ушунун баары жарандык маселеси канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Кыргыз паспорту буга чейин оңду-солду сатылып, белекке берилип, ижарага өткөрүлгөн окуялар тууралуу көп эле айтылып келди эле. Улут графасын алып таштоо да кыргыз паспортун айрыкча КМШ аймагына өткүсү келгендерге туш келди сатууга объективдүү түрдө кененирээк жол ачкан жагдайлардын бири болгон. Аны Конституциялык палатада Шамшыбек Медетбеков, Азимбек Бекназаров жана мен болуп соттошуп жатып аягында өкмөттү утуп чыктык эле, анын чечими канчалык даражада аткарылып жатканын текшериш керек. Анткени Садыр Жапаровдун демилгеси менен түзүлгөн Конституциялык кеңешме азыркы Башмыйзамдан биз таянган мурдагы ченемди да алып салган. Эмнеси болсо да эгерде адамдын жарандыгы анык, талашсыз болсо, мамлекет анын ким экенине карабай кайсы жерден болбосун коргоп алууга милдеттүү. Чындап келсе бул мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири. Бирок жарандык бериш үчүн критерийлерди да жакшыраак иштеп чыгып, талапты да күчөтүш керек. Жарандык алган адам да диний кызыкчылыгынан, башка мамлекетке болгон симпатиясынан жана жеке адамдык укуктарынан Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору коюуга милдеттенме алгыдай болууга тийиш.

Жарандык маселелерин философиялык, укуктук, саясий жактан Кыргызстандын кызыкчылыгында, эч кимге кылчактабастан чечип алмайынча мындай окуялар да, ага себеп болгон нерселер да кайталана берет.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *