Азыркы бийликтин негизги максаттарынын бири ачыкка чыкты. Жашыра албай калды. Жашырганга убактысы да калбай баратат.

Мамлекетке киреше алып келип жаткан бул ишкананы сатууга “Ата Мекен” партиясы каршы чыгып, Аида Салянова аны 100 пайыз мамлекеттин карамагында сактап калган. Бул тарыхый факт. “Аны Текебаев сатканы калды” деп жердин баарына жарыя кылып, акыры Белизден келди деген документи калп болуп чыгып Абдил Сегизбаев ит болгон. Андай документ бар экенин эч ким далилдей албай койгон. Бул да факт.

Садыр Жапаров сактап калган парламент болсо иш убактысын узартып алып кылганы бул. Былтыр бийликке келген команданы Максимдики десек ажылдап каршы чыккандар болду эле. Эми эмне дей алышат болду экен? “Мегакомдун” тегерегиндеги мурдагы схемалар Максимдики экени бардык жерде далилденбеди беле?

Айтмакчы, бир жыл ичинде мамлекеттик менчиктеги ишканаларды сатуу боюнча азыркы бийликтин планы да ошол эле катарда. Андай эмес экенин далилдегиси келсе – сатпасын.

Азырынча “Мегаком” боюнча далилдей алган жок, кезектеги калпы чыкты деп эсептейбиз.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *