Айрым булактар Аскар Акаевди биздин органдар кармап келгенин жазышты эле. Бул жакта карматпай эле ыктыярдуу келгенин кабарлап жатышат. Экинчи вариант чындыкка окшоп турат. Атайын кызматтар кармап келген болсо колуна кишен салып, бардык жол-жобосун сактап алып келмек. Жетекчисинин кыялын жакшы билебиз, андай далилдер дароо пиар максатында жердин баарына таратылмак. Демек бул жерде УКМК мактана турган жагдайлар жок. Ал тургай Феликс Кулов маегинде Садыр Жапаров Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишине уруксат бергенин айтты. Аскар Акаев да брифингде Садыр Жапаровго резиденциияда жолукканын айтып ыраазычылык билдирди. Ушундан улам эки достун ортосунда бул боюнча да бир позиция жок деген жыйынтык келип чыгат. Кыскасы ар кимиси ар кандай маалымат берип жаткан чагы.

Жалпысынан бул окуяда эки достун эмес, бийликке кийин барып кошулган бир адамдын (ким экенин таап алгыла) интеллектуалдык жана дипломатиялык салымы байкалып турат. Ал ким экенин кадрдык дайындоолорду карап турган киши дароо билет. Бирок анын деле негизги максаты эмнеде экени азырынча белгисиз.

Эмнеси болсо да бул сенсация. Же жок эле дегенде сенсацияга себеп боло турган жагдай. Анткени суракка алса далай кызыктуу маалыматтар чыгары анык. Башкалар менен беттештирип суракка алса андан бетер. Анын баары ачык форматта болсо ооо уууу…

Айтмакчы, Курманбек Бакиевге карата соттун чечими эчак эле чыккан. Соттордун эч кимиси, анын ичинде азыркылары да ал чечимди жокко чыгарган эмес. Соттоп да убара болбойт, эч ким. Темир тор дапдаяр. Ошондуктан азыркы бийликтегилер Минскидеги шефин да иниси Жаныш, баласы Максим менен кошо алып келип соттун мыйзамдуу чечимин аткарсын, калыстык болушун кааласа.

Бирок бул жерде алардын жазасыз калышына себеп болчу жагдай бар: мен билгенден Аскар Акаев Орусиянын, ал эми Курманбек Бакиев – Беларустун жараны. Аларды ошолор коргойт. Коргоо максатында колдо болгон каражаттардын баарын пайдаланат. Жаранын коргой албаган Кыргызстан гана болуп турат.

Кыскасы туруктуулукту бузуп, кыргыздын намысын тебелей турган окуяларга дагы бир жагдай кошулду. Антсе да эски жаранын оозу ачылгандан кийин ичиндегиси агып тышка чыкмайынча токтомок эмес. Тазасы жок. Булардын баары бирин бири жеп жок кылмайынча Кыргызстандын иши илгери болбойт.

Андыктан баарын айыптап, керт башын гана аппак кылып ыркырашып аткан бул зоопарктын эмне болорун байкап туралы.

Ансыз деле элден эч ким сураган жок.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *