Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши, келгенде сүйлөгөн сөздөрү кыргыз саясатындагы адамдык чен-өлчөмдөр маселесин түбүнөн козгоду. Ал маселе жалаң эле биринчи качкын президенттин керт башына тиешелүү эмес, дегеле өлкө эгемендик алгандан берки жылдардын баарын камтый турганы ачыкка чыгып отурат.

Кайсы маеги экени эсимде жок, илгери Аскар Акаевден саясаттагы эң чоң жаңылыштыгы тууралуу журналисттер сураганда «Курманбек Бакиевди бийликке алып келгеним» деген эле. Курманбек Бакиевге ошондой эле суроо беришкенде «Алмазбек Атамбаевди бийликке алып келгеним» деп жооп берген. Алмазбек Атамбаев болсо ушундай эле суроого «Сооронбай Жээнбековду бийликке сүрөгөнүм – эң чоң жаңылыштыгым» деп, ал тургай митинг өткөргөнгө жетишти.

Байкадыңарбы? Булар «мен бийликтен кетпей койдум эле, 1+1=3 кылдым эле, үй-бүлөмдү башкарууга аралаштырдым эле, кыргыз так ушу менин тушумда тентип кетти эле, даяр ишканаларды талкалап этке төгүп ийдик эле, ит эле экенмин, кечире алсаңар кечиргиле» деген жок. «Менин тушумда адамдын жанын чымын ордуна көрбөй калдык эле, Аксы окуясы боюнча «Тайфун» операциясына чынында мен кол коюп, бирок ошол кездеги башка жетекчилерди айыптадым эле, эл жарыгы жок калган бир жылдан кийин 80дей баланы кийик аткандай атып салдым эле, жеткен акмак экенмин, мага кечирим болбойт го» деген жок. «Өнөктөш партияларды «сасык» деп ооз көптүрдүм эле, Батукаевди менин тушумда ардактап чыгарып жиберишти эле, менин суракка баруудан баш тарткан көөдөктүгүмдун айынан атайын кызматтын офицери өлдү, Раимди чындап келсе кызматтан кызматка мен көтөрдүм эле, кийин эле саясат үчүн бетпактанып Сооронбайга шылтадым, менин күнөөм толтура» деген жок. «Журналисттер фактылардын баарын оозума чайнап салып берип атса да коррупцияны тыя алган жокмун, шайлоону татыктуу өткөрө албай койдум» деген жок.

Азыркылар деле Тажикстандын агрессиясынын алдын ала албаганына, элин коргой албаганына, акталбай туруп шайлоого барганына, далай жолу калпы чыкканына, дипломатияда төө чечкендей уят болгонуна өкүнгөнү байкала элек.

Булар эмнеге өкүнүп жатат? Ишенген кишиси ойдогудай болбой калганына, мамилеси өзгөрүп кеткенине, саясаттагы тактикалык жаңылыштыгына гана ичи ачышууда. Мамлекеттин башчысы катары кетирген кемчиликтерине өкүнгөн жок. Күнөөсүн мойнуна алган жок. Өзүн күнөөлүү деп эсептеген жок. Бул го мамлекеттин биринчи адамдарынын ой жүгүртүүсү. Андан төмөнкү кызматтагыларын айтпай эле коюш керек.

Салыштыруу иретинде айтсак, жакында Олимпиаданын күмүш медалын уткан балбаныбыз Акжол Махмудов алтын медаль утпай калганына чын дилден өкүнүп, ал үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Ага чейин да Айсулуу Тыныбекова мурунку мелдеште утулуп калып кыргыз элинен кечирим сураган жайы бар. Абийир, намыс деген ушундай болот. Анткени булар шылтагысы келсе шылтоо кыла турган жагдай толтура эле. Чоң спорт тургай кадимки эле өзүң үчүн такай барган машыгуу деле канчалык кара тер, карандай мээнет менен коштолорун машыгып жүргөн кишилер жакшы билет. Ошондой мээнет менен жеткен дүйнөлүк мелдештеги байгеси ойдогудай болбой калганы үчүн элинен кечирим суроо – бул өзүнө өтө катуу талап кое билген, жоопкерчиликтүү, абийири өтө бийик адамдардын гана колунан келе турган иш.

Ошол эле Олимпиада өтүп жаткан Жапонияда айрым корпорациялардын жетекчилери жумушчулардын айлыгын бир аз ылдыйлатканы үчүн башын ийип кечирим сураган учурлар көп кездешкен. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жеңилип калганы үчүн далай жетекчилери өзүнө жоопкерчилик алып, намысы үчүн салт боюнча жарынып өлүшкөн. Жанындагы Түштүк Корея бир эмес бир нече президентин эч кандай жеңилдиги жок эле түрмөгө чоң мөөнөттөргө тыгып коюп андан ары өнүгүп атат. Асман аңтарылып, жер көчүп кеткени байкала элек.

Биздин бийлик өкүлдөрү болсо кечирим сураганды ойлоп да коюшкан жок. Тескерисинче, былтыр ар кимди кечирим суратышты. Дарыгерлердин оозун басып, чындыгынан кайтууга мажбур кылып, акыйкатка каршы дагы бир сыйра кыянаттык кылышты. Алар аткара турган ишти ыктыярчылар менен мигранттар кылып, бири акча жиберип, бири концентратор алып берип, дагы бири дарыгерлерге жардам берип, асты курман болуп жатты.

Кыргыз саясатчылары кечирим сурай турган кемчиликтер кайсылар? Конкреттүү окуяларга майдаланбай эле категорияга бөлүп айтсак – биринчиден, ач көздүгү. Адам баласы бир кишилик эле тамак ичип, бир сыйра эле кийим кийсе, өзүнө жеткидей эле оокат менен жашаса күнү өтөт. Андан ашса жумшай турган келечектүү багыттар толтура. Ошолор аткарылбаганы үчүн өкмөттүк эмес уюмдар жалаң тыштан грант алып атат. Биздин чоңдордун жыйган арам байлыгын болсо көрдүк, 115 үй, 120 участок, 50 машине… Муну мээси иштебеген патологиялык ач көздүктөн башка себеп менен түшүндүрүш мүмкүн эмес. Демек эч ойлонбой эле жок эле дегенде Чымкоргон менен Майлысайга алып барып дарылай берсе болот. Бирок анда жеңил кутулган атат. Коррупция мамлекетке стратегиялык коркунуч келтирерин өткөндө жазган элек. Демек, мамлекеттин ырыскысын жегендерди мамлекеттик чыккынчы катары баалаш керек. Андан оор күнөө жок.

Экинчиден, калпычылыгы. Президенттен тартып катардагы депутатка чейин бир айтканын беш сыйра өзгөрткөнү эч кимди таң калтырбай деле калды. «Жигиттин сөзү өлгүчө өзү өлсүн» деген кыргыз принцибине сала турган болсок булар моргдон чыкпай эле жүрө бергидей. «Бир туалетке да барбайбыз» дегендер эртеси кучакташып, айткан сөзү менен берген добушу теңирден тескери чыгып атканы четинен табылат. Ар бир сөзүнүн чын-төгүнү кайсы экенин билиш үчүн өзүнчө иликтөө жүргүзүп «Поле чудес» ойнош керек. Өз башындагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрүп, кашкайган жүйөгө каршы чыгып акты кара деп сайрайт да турат. Калпы чыкканын өлүп баратса мойнуна албайт. Кашкайтып айыбын мойнуна коюп жатсаң да «макул эмесмин» деген балээ чыкты.

Үчүнчүдөн, жоопкерсиздиги. Булардын арасынан «элимди уят кылбайын, элимдин кызыкчылыгы кемип калбасын, уттуруп койбоюн» деп өз кызматына мамиле кылгандары чанда кездешет. Булар үчүн мамлекет – ата-бабасы кан төгүп коргоп келген асыл мурас эмес, тек гана ижарага алынган машине, колдо турган товар. Кыргызда муну «итке темирдин баркы жок» дейт. Макал ким тууралуу айтылганынан улам булар ким экенин баамдап алгыла. Ит демекчи, Булгаковдун «Иттин жүрөгү» повестиндеги Шариковдун кылыгына кыргыз саясатчыларынын жоруктары улам окшошуп жүрүп отуруп, азыркысы апогейине жетти.

Төртүнчүдөн, катуу айтканда көк мээлиги. Байкасаңар президенттик жарышка чыккандардын 90% президент эмес, премьер-министр бере турган убадаларды берип келди. Көбү өзү иштей турган Башмыйзамды ачып карап да койгон жок. Башкара турган мекемесинин жок дегенде негизги документтерин окубай туруп кызматка жулунгандар толтура. Жөнөкөй эле дипломатиялык жана протоколдук эрежелерди билбегендиктен тышкы иштер министри барып сөзүн бүтүрүп келген жерге башка мекеменин башчысы барып кабыл алынбай кагуу жеп ит болуп атат. Ошол эле адамдар кайсы мекемени башкарып атканын, анын иш принциптерин эмгиче өзү түшүнө элек.

Бешинчиден, эч нерсеге негизделбеген куру дымагы. Анын мисалы парламенттен даана көрүнөт. Депутат болуп калса эле жолугушууга келген жетекчилерди суракка алгандай кекетип, басмырлап, ичиндеги былгып жаткан өксүк комплексин чыгарып алгысы келгендер айрыкча азыркы убакта аябай көбөйдү. Өздөрүн Кудай же анын орун басарындай сезишет. «Биз келатканда МАИ тоспосун, жол берип күтүп турсун» деп талап кылышканынан тартып атасындай кишини «кашыңды көтөрбөй отур» деп зекигени ошол эмеспи?

Мына ушул көрүнүштөр – Кыргызстан үчүн эң коркунучтуу диагноздордун бири. Кыргыз саясатчылары эгемендик алгандан бери эле айбан деңгээлинен жогору көтөрүлүп, киши боло албай койду. 30 жыл тууралуу айтканды айрымдар өнөкөт кылып алышты го. Ошол 30 жыл бою жетишпеген нерсе – саясатчылар өз күнөөсүн мойнуна алып, өзүнө карата сын көз менен карай албаганы. Элинин, өнөктөштөрүнүн, башкалардын алдында күнөөсүн сезбегени. Күнөөсүн абийирдүү адам гана сезет. Абийири жок жетекчилик уяты жок элди гана тарбиялайт. ОБОН технологиясы, троллдор менен фейктер – ошондой тарбиянын натыйжасы. Башкача айтканда мындай бийлик өзү ит болгону аз келгенсип, элди да эл болуудан калтырып, эл арасындагы иттердин үлүшүн көбөйтүүдө.

Абийири жок адам сөздүн толук маанисинде адам болушу мүмкүн эмес. Абийири жок эл мамлекетке татыктуу эл болушу мүмкүн эмес. Абийирдин ордун мыйзам да, дин да, башкаруу системасы да толуктай албайт. Демек, башкасын кой, биринчи иретте жогорудагы талаптарды аткарып, жөнөкөй эле киши боло албаган адамдарды шайлап, көкөлөтүп, ошолордун таламын талашып отурганда биз эч качан өнүкпөйбүз. Бул өнүгүүнүн биринчи шарты.

Мунун баарын кантип оңдош керек? Ал тууралуу талаш-тартыштар жана талкуулар али алдыда.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *