Бүгүндөн тартып президент Садыр Жапаровдун алдында үч башка жол пайда болду. Анын түбү журналист Майраш Базлакунованын суроолоруна Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун берген жоопторунан башталды. Өлкөдөгү коопсуздук үчүн жооптуу экинчи адам УКМКнын азыркы иш стилине карата бул орган жабык иш жүргүзгөн, популизмден алыс кызмат болушу керек экенин айтып, кеңеш берүүгө даяр экенин билдирген эле. Айтып оозду жыя электе УКМКнын басма сөз кызматы буга жооп кайтарып, ал Таалатбек Масадыковдун кеңешине муктаж эмес экенин билдирди. Жөнөкөй тилге которгондо бул «Ишиң болбосун, өзүм билем!» деген эле жооп.

Буга чейинки окуяларды эске салсак, мындан бир топ убакыт мурун АКС деп аталган Коррупцияга каршы күрөш кызматы жоюлганы УКМКнын укуругун азайтуу аракети катары бааланган. Өз кезегинде УКМК бир топ адамдарды, анын ичинде Садыр Жапаровго жакын эсептелген адамдарды камакка алган. Таалатбек Масадыковдун бул кызматка дайындалышы ушул окуялардан кийин болгон.

Бул окуя бери дегенде үч нерседен кабар берип турат: 1) Масадыков менен Ташиевдин ортосунда ушул тушта пикир келишпестик бар. 2) Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарынын ыйгарым укуктары боюнча маселе толук чечиле элек. 3) Экөөнү тең дайындоо тууралуу чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алгандыктан, акыркы чечим да анын колунда.

Субордининация, мамлекеттик кызматтын этикасы жана атайын кызматтын иш өзгөчөлүгү

Кыргызстандын эгемен тарыхында Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деген кызмат мурун болгон эмес. Анын катчысы уюштуруучулук гана роль аткарчу, төрагасы президент болуп келген жана азыр да ошондой. Бирок кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кеңири. УКМК болобу, башка органдар болобу кеңештин чечимдерине баш ийиши керек. Демек кеңештин төрагасы да, анын орун басары да өз компетенциясынын чегинде статусу жагынан ага кирген органдардын кайсынысынын болбосун жетекчисинен жогору турат деп түшүнүүгө туура келет. Башкача варианты жок эле дегенде расмий айтыла элек.

Мамлекеттик кызматта бардык чечимдер макулдашылып гана кабыл алынып, расмий органдардын жана кызмат адамдарынын билдирүүлөрү бири-бирине карама-каршы келбеши керек. Бул мамлекеттүүлүктүн негиздеринин бири. Атайын кызматтар болсо өлкөдөгү эң жашыруун органдар болууга тийиш. Бул бүт дүйнө жүзүндөгү практика жана алардын ишинин натыйжалуулугунун башкы шарттарынын бири. Мындай талап тууралуу айрыкча атайын кызматтардын жетекчилери биринчи иретте билиши зарыл жана өз кол алдындагы кызматкерлерден да катуу талап кылууга милдеттүү. Демек өз маегинде Таалатбек Масадыков түшүнгөн кишиге жаңы деле эч нерсе айткан жок, болгону УКМКнын жетекчилигине карата болгон элементардуу талаптарды эске салды.

Демейде чындап эле иштин кызыкчылыгы боюнча өз пикирин айткан жетекчилерди же саясатчыларды туура келген-келбеген жерде деле мамлекеттик кызматтын этикасын бузду деген түшүнүккө таянып иштен алган учурлар Кыргызстанда көп кездешкен. Бул окуяда болсо УКМКнын жетекчилиги жалпы күч түзүмдөрүнүн ишин координациялаган органдын экинчи адамынын сөзүнө каяша айтып отурат. Ушундан улам президент Садыр Жапаров тиешелүү чечим чыгарышы керек болот.

Анын алдында үч жол турат: 1) же мамлекеттүүлүктү, өзү түзгүсү келген бийлик вертикалын тандап Камчыбек Ташиевди кызматтан алышы керек; 2) же өзүн ушул кызматка алып келген достукту тандап, Таалатбек Масадыковду кызматтан алышы керек; 3) же УКМКнын тизгинин тартып, Коопсуздук кеңешинин ролун күчөтүп, ортомчулук ролду аткарышы керек. Анткени компромиссти ушундай форматта таппаса Масадыковду кетирүү менен барабар болот. Бирок УКМКнын жетекчисинин мүнөзүн эске алганда, бул вариант ишке ашышы кыйын.

Тараптардын кызыкчылыгын талдоо

Таалатбек Масадыков ушул үч вариантта тең эч нерсесин уттурбайт. Анткени кызматта калса утуштуу абалда болот, оппонентин кетирет. Өзү кызматтан кетсе тарапташтарынын арасында саясий рейтинги көтөрүлөт. УКМКны Коопсуздук кеңешине баш ийдире алса өз таасири күчөйт. Баш ийдире албаса кетип калат да, анысы кайра эле өз пайдасына иштейт.

Камчыбек Ташиев үч вариантта тең уттурат. Кызматта калса буга чейинки кетирген кемчиликтери мойнунда жүк болуп тура берет, жаңы жаңылыштыктарды кетирсе алардын да жоопкерчилиги кошулуп жүрүп отурат. Кызматтан кетсе бардык саясий ресурстарынан кол жууйт. Коопсуздук кеңешине, анын ичинде анын төрагасынын орун басарына баш ийсе таасири кыйла азайган болот.

Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковду тандап алып Камчыбек Ташиевди кетирсе көп нерсени утуп, аз нерсени уттурат. Утуштуу жагы – биринчиден, өзү каалаган бийлик вертикалы түзүлө баштайт. Экинчиден, досуна карата айтылган сын пикирлерден кутулат. Үчүнчүдөн тышкы коопсуздукка байланышкан маселелерди чындап эле алда канча натыйжалуу чечип, өз рейтингин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Төртүнчүдөн, Орусия менен мамилеси кыйла оңолот. Утулуш жагы – «төө кыядан өткөн соң достуктан аттап кетти» деген кепке калат, балким жагымсыз жалпы сырлар ачылат. Дагы бир утулуш жагы – балким Орусиядан болгон көз карандылыгы ого бетер күчөшү мүмкүн.

Эгерде кокус Жапаров Ташиевди тандап, Масадыковду кетирсе досунун кемчиликтери өзүнө жүк боло берет. Шайлоодо кыйла күчүнө толо түшкөн оппонент чыгышы мүмкүн. Орусиянын ишеничи ого бетер кетиши ыктымал.

Эгерде Коопсуздук кеңешинин ролун күчөтүп, бийлик түзүмдөрүндө тартип орното алса, УКМКны анын чечимдерине жана жетекчилигине баш ийдире алса утат, бирок бул варианттын ишке ашышы күмөн. Анткени өнөктөшүнүн дымагын тыйыш кыйын. Өнөктөшү үчүн жеке дымагы – мотивациясындагы өтө күчтүү фактор.

Унчукпай иштечү УКМК, айгак болчу ачыктык

Чындап келсе УКМКнын азыркы жетекчилигинин билдирүүсүндөгү «ачыктык – мезгил талабы» деген жүйө анын өзүнө каршы иштеши мүмкүн. Анткени коомчулукта чын эле жообу алынбаган, башы ачыла элек суроолор абдан көп. Мисалы, атайын кызмат өзүнүн илгертен келаткан салтына каршы чыгып, ошончолук эле ачык болгусу келсе төмөнкү суроолор пайда болот:

1) Тажикстандын агрессиясы тууралуу УКМКнын чалгын органдары билгенби же билген эмеспи? Билген болсо убагында кабар берген эмес, билбеген болсо компетенттүү эмес. Билип, кабар берип, өлкө жетекчилиги чара көрбөй койгон болсо – демек бийлик өз элин окко салып берген болот.

2) Өзбекстан менен чек ара боюнча протоколдордун мазмуну кандай? Кыргызстандын кызыкчылыгына доо кетпегенине ким кепилдик бере алат?

3) Тажикстан менен чек ара боюнча документтердин мазмуну кандай? Кыргызстандын кызыкчылыгына доо кетпегенине ким кепилдик бере алат?

4) Кемпирабад суу сактагычы кимдин колунда калды? Эгерде Өзбекстандын карамагында калган болсо, аны өткөрүп берүү жөнүндө чечимди ким кабыл алган жана эмненин негизинде?

5) Коррупцияга байланышкан иштер боюнча өндүрүлгөнү айтылып жаткан акча каражаттары кайда? Кайсы эсепке жиберилген, квитанциясы, документтери кайда? Ал каражаттар айып коюлган сумманын канчалык бөлүгүн түзөт?

6) УКМК Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарынын кызматын түзгөн жана ага Таалатбек Масадыковду дайындаган президенттин чечимине каршыбы? УКМКнын билдирүүсү президент менен канчалык макулдашылган?

7) Эгерде УКМК өзү билдиргендей Аскар Акаевди алып келген болсо эмне үчүн ал өзү келгенин айтып жатат? Өзү келбей, УКМК алып келгенинин далилдери кана?

8 ) Эгерде Жеңиш Молдакматов былтыр күзүндө болгон окуялар үчүн айыпталып жатса, ошол окуялардын түздөн-түз катышуучусу болгон жана аны танбаган Камчыбек Ташиев эмне үчүн боштондукта?

9) Фейктерге каршы мыйзам Садыр Жапаровду колдогон троллдор фабрикасына каршы да иштейби? УКМК аларга каршы кандай чара көрөт?

Бул суроолорго коомчулук башка да кошумчаларды киргизе алат. АКШнын фильмдеринде «сиздин ар бир айтканыңыз сизге каршы пайдаланылышы мүмкүн» деп полиция кызматкерлери көп айтышат. Бул маселе боюнча жагдай да ошого окшоп турат. Эгерде жогорудагы суроолорго атайын кызмат ынанымдуу жооп кайтара алса – албетте, коомчулук үчүн жакшы. Бирок ал бийликтин башка түзүмдөрү менен макулдашылып жасалышы керек. Болбосо жоопторго жараша жаңы суроолор жаралышы мүмкүн. А негизи атайын кызмат популизмден мүмкүн болушунча алыс болгону оң.

Кангдай болгон күндө да былтыр күзүндө болгон окуялардын логикалык чечилиши жакындап калган сыяктуу. Андыктан ансыз деле бизден көз каранды болбогон бул процесстердин өнүгүшүн күтө туралы. Бийликке байланышкан кызыктар алдыда.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *