Өткөндө Матраимов маселеси боюнча талаш болгондо (төмөндө: «Эл дегендер жана эл жегендер») соцтармактардын айрым колдонуучулары мурдагы бажычынын пайдасына бир нече жүйө келтирүүгө аракет кылышты. Алардын негизгилерин санап, ошого жараша жооп бергенге аракет кылалы.

1. «Матраимов элге жардам берген, андыктан ага мындай мамиле кылуу туура эмес»

Бул жүйө суу кечпейт. Анткени эгерде ишкерлик кылып таман акы, маңдай тери менен тапкан болсо бир жөн. Мамлекеттик кызматта туруп коррупциялык схемаларды түзүүнүн эсебинен түшкөн акчага элге жардам берүү – элдин ырыскысы агып жаткан чоң түтүктү теше коюп өзү да ичип, башкаларын да ошого түртүүгө тете. Анын үстүнө бул саясий максатта да жасалат. Мыйзамсыз байыган ким болбосун өзүнө ошондой жергиликтүү элдин колдоосун алганга аракет кылат. «Кара-Суу районун дотациядан чыгара бергиле, биз чыгашасын жаап коебуз» деген билдирүү – бул «Кыргызстандагы эң чоң бул райондон ким добуш алгысы келсе да биз менен эсептешүүгө тийиш болот» деген эле сигнал. Мындай чоң империя түзгөн адам өз ишмердигинин саясий өңүттөрүн эсепке албай кое алмак эмес жана логикалык жактан алганда өз кызыкчылыгы үчүн туура кылган. Бирок эгер мамлекеттик көз караш менен карасак, жегенинин бир бөлүгүн элге берип койсо эле жоопкерчиликтен куткара берсек эч кайсы жемкор жазаланбайт.

Ооба, жеп алып тымпыйып отура берген коррупционерлер да толтура. Алардын баарын ачыкка алып чыгып, жеген акчасын мамлекеттин пайдасына өндүрүү – тиешелүү органдардын милдети. Бирок алардыкы Матраимовдукун, Матраимовдуку алардыкын актабайт. Мамлекеттин казынасына ким кол салган болсо баары камалышы керек. Көбүрөөк кол салган болсо көбүрөөк камалышы керек. Антпесе баласы үчүн дары уурдаган киши беш жылга кесилип кетип жаткан шартта буларга жеңилдик берүү калыстык эмес.

2. «Матраимовдун түзгөн схемасы кыргыз ишкерлерине пайдалуу болчу»

Контрабандисттерге пайдалуу болушу мүмкүн. Анткени алардын товары салыштырмалуу арзан өтөт. Салыкты убагында төлөгөндөрүнө, мыйзамды аткаргандарына тескерисинче зыян. Анткени биринчиден аткезчилик жолго түшкөн атаандаштарына уттурат, экинчиден толгон-токой шылтоо менен товары кечигет. Бул экономикадагы таза атаандаштык принцибин бузуп, элдин баарын контрабандист болууга түртөт.

3. «Матраимов – мыкты менежер, аны кайра кызмат ордуна коюп кыргыздын пайдасына иштетиш керек»

Мындай ойду Бишкектин мурдагы мэри, калмак-кытайлардын эстелигин борбордук аянтка орноткон Нариман Түлеев айтып чыкты. Бирок эгерде эстеп көрсөк, Матраимов бажыдагы кыйла чоң кызматтарда иштеген. Эгерде акылын кыргыздын пайдасына жумшагысы келсе эки тизгин, бир чылбыры колунда болгонун эч ким танбаса керек. Тескерисинче көмүскө каражаттардын империясын өнүктүрүп, мамлекетке ушунча зыян алып келип аткандан кийин бул жүйө таптакыр суу кечпейт.

Анын мамлекетти өнүктүрөйүн деген ниети деле эч качан болгон эмес. Негизгиси мага эч ким тийбесе болду деген ниетте гана бардык ишти колундагы финансылык ресурстардын күчү менен бүтүрүп келди. Ресурсу канчалык чоң болсо жеке өзүнүн, кланынын коопсуздугу ошончолук бекем болорун түшүндү. Колдон келсе эч кимге билинбегенге, эч ким менен чырдашпаганга аракет кылды. Баарынын көңүлүн алганга күч жумшады. Анын негизги мотивациясы – мекенчилдик эмес, коркунуч. Анткени ресурсунан ажыраса финансылык колдоосуна карабай өзүнүн эле жакын чөйрөсү тескери бурулуп басып кетерин эң сонун билет. Кандай чөйрө экенин да билет, өзү түзгөн. Кыздын сыры төркүнгө маалым.

4. «Матраимовдун схемасы чакан эле, анчалык масштабы жок»

Кыргызстан ушу тапка чейин эч нерсе өндүрүп кыйратып жибере элек. Негизинен транзиттик өлкө катары жашап келди. Туурабы? Демек, бажы тармагын кыргыз экономикасынын негизги багыттарынын бири катары карасак болот.

Айеркен Саймаити көзүнүн тирүүсүндө транзит катары таризделген ар бир КамАЗ үчүн 4600 доллар берилип келгенин «Азаттыкка» айткан. Албетте, анын сөзүнүн ар бирин текшериш керек, бирок башка сөздөрү чын чыкканын да эске алуу зарыл. Ошондо транзит катары бир айда 600 КамАЗ өтсө, пара катары эле бир айда 2 миллион 760 миң доллар түшкөн болуп атат. Бир жылда паранын эле суммасы 33 миллион долларга жетет экен.

Адатта пара андан көбүрөөк нерсени жашырып өтүш үчүн берилет. Антпесе пара берүүнүн мааниси жок. Жок эле дегенде мыйзамдуу бериле турган сумманын жарымын түзүүгө тийиш. Бир жылдык 33 миллион долларды экиге эле көбөйтсөк бир жылда Кыргызстандын бюджети 66 миллион доллардан куржалак калган болуп атат.

Бирок паракорлук менен аткезчиликтин масштабы мындан алда канча кеңири болушу мүмкүн. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев бир күндө Кытайдан 150 машине келерин, анын ичинен ашып кетсе 10 машинени текшергенге мүмкүнчүлүк бар экенин моюнга алган жайы бар. Ал автоматташкан текшерүү системасы кийин гана киргенин парламент депутаттарына билдирген. Ага чейинки коррупциялык схемалар тууралуу суроого жооп бере алган эмес. Демек, бул жагдайда күн сайын калган 140 машинеден пара алып киргизе бергенге жок эле дегенде теоретикалык мүмкүнчүлүк бар болчу дейли. Аны эч ким текшере алмак эмес. 140 болбой эле койсун, күн сайын 80 эле машинеден жанагынча пара алганда жыл сайын жок эле дегенде 132 миллион доллар чыгып атат. Аны мамлекетке төлөй турган суммага теңеш үчүн жок эле дегенде эки эсе көбөйтсөк бир жылда 264 миллион доллар казынага түшпөй калган болуп жатат.

Акаевдин алгачкы жылдарын алып салалы да, бул схема күчүнө кирген акыркы 20 жылды эле алалы. Эсептей келгенде 5 миллиард 280 миллион доллар чыгып атат. Эми тышкы карызыбыз канча эле, эстеп көргүлөчү?..

5. «Матраимовдун түзгөн схемасы кыргыз мамлекетине пайдалуу болчу»

Бул жүйө жагдайды чындап түшүнбөгөн адамдардыкы. «Аткезчилердин товары керектөөчүнүн колуна арзаныраак жетет. Бажы алымдарынын баарын төлөсө кымбаттап кетип, өтпөй калат» дешиңер мүмкүн. Бирок аларды жөнгө салуу мамлекеттин кызыкчылыгында болууга тийиш. Эгерде бажы алымдары парасы жок төлөнүп, жүк бюрократиялык шылтоолору жок өтүп, баары текшериле баштаса ошонун баарын так билгенге шарт түзүлмөк. Азыр болсо ылай сууга кол салып сыйпалагандай эле божомол менен эсептегенге аргасыз болуп атабыз. Мамлекеттин так эсептелген кызыкчылыгы тууралуу кеп да жок. Мамлекет канчалаган пайдадан куржалак калып атканын салыштырмалуу гана билсе болот, бирок ошонун деле масштабы эсиңди эки кылат.

Акыры дагы бир өңүтү – кытай товарлары арзан баада каптап жатканы биздин ата мекендик өндүрүшчүнүн кендирин кесип жатат. Өтө мыкты технологияны талап кылган товарларды тим коелу, өзүбүздө эле өстүрө турган айыл чарба өнүмдөрүн Кытайдан ташып жатабыз. Кытай товарлары канчалык арзандаса – бизде өндүрүш ачуунун мааниси ошончолук төмөндөйт. Анысы аз келгенсип, Кыргызстан транзиттик өлкө катары ролунан да бюджети үчүн ойдогудай пайда көрө албай жатат деген кеп.

Матраимовдун схемасы чындап келсе кимге абдан пайдалуу? Товарын арзан өткөрүүгө, Борбор Азия мамлекеттерин өзүнө экономикалык жактан байлап алууга кызыккан Кытайга биринчи иретте пайдалуу. Товарынан канчалык бажы алымдары көп алынса, бул биринчи иретте кытай өндүрүшчүсүнө зыян. Кытай го өз бажы алымдарын жаздым кетирбейт, ал эми башка мамлекеттер бажы алымын чогултпаса Кудай жалгасын дебейби. Анткени товары арзан өтөт да. Тескерисинче, Кытай үчүн мындай коррупциялык чийимдер канчалык көп болсо ошончолук пайда. Ушунча чоң системаны уюштурган Хабибулла Абдукадыр Кытайдын катаал тартибине карабай Кудай албай, курт жебей ушунча жылдан бери аман-эсен гүлдөп жатканынын эң негизги себеби ошол. Демек, орто жолдон кытай товарынын эсебинен эбегейсиз пайда таап жаткан уйгур кландарына да абдан кирешелүү. Кыргыз бажычылары чындап келсе ошолордун чырагына май тамызып атат.

Стратегиялык зыяны

Ушу тапта Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралары боюнча маселелер чечилбей кыргыз жарандарынын жүрөгүн түпөйүл кылып турган кези. Өзбекстан менен мамилесин оңдоп алганга чейин Тажикстан бизге товарлар жагынан кыйла көз каранды болчу. Өзбек жана тажик анклавдары азыр деле көп жагынан көз каранды. Алар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө ушул жагдай бизге жакшы рычаг болуп бериши мүмкүн болчу. Бирок аткезчилик, айрыкча биздеги эле жетекчилердин, саясатчылардын калкалоосундагы аткезчилик ошол бирден-бир рычагдын күчүн жокко чыгарып жатканын жергиликтүү активисттер да, чек арага жакын жайгашкан айылдардын өкүлдөрү да айтып эле жүрүшөт.

Демек, аткезчилик түпкүлүгүндө ушундай маселелерге келгенде мамлекеттик чыккынчылыкка тете иш болуп чыгат.

6. «Матраимовдун таасири анча эмес, анын үстүндөгүлөр күнөөлүү»

Үстүндөгүлөр күнөөлүү экени чын. Анткени мамлекеттин башында туруп ушундай коррупциялык чийимдер бар экенин Атамбаев да, Жээнбеков да билбей калышы мүмкүн эмес. Бирок саясатта бийлик башындагы адамдар эмес, алар келип кетсе да кала берген адамдар көбүрөөк таасирге ээ болот. Анткени түзгөн байланыштары сакталып кала берет.

Матраимовдун тушунда бери дегенде эки президент алмашып атат. Килейген эки өлкөнүн президенти батасын берип, тасмасын кесип ачтырган логистикалык борборду бир телефон менен иштетпей койгонун анын демилгечилери айтышты. Эки президенттин тең саясий иштерине жардам берип атат. Кара-Суу району – калкынын саны жагынан Кыргызстандагы эң чоң район. Өзү да стратегиялык жактан маанилүү аймакта жайгашкан. Иниси ошону башкарып келди. Өзү бийлик менен теңтайлашкан партия түзүүгө жетишти. Күч түзүмдөрүндөгү көп адамдар менен алака-катышын жашыра албай деле калды. Ошондо кимдин таасири көбүрөөк болот? Эки президенттин бири түрмөгө түшүп, экинчиси мөөнөтүн толук иштей албай койду го?

7. «Матраимовду камагандан кийин башкаларын да камаш керек»

Менимче бул жүйөсү туура. Анткени коррупциялык схемалар бийликтин колдоосу же жок эле дегенде көз жумду мамилеси болмоюнча ишке ашырылбайт. Бул жагынан алганда Матраимовду кызматтан көтөрүп, Хабибулла менен кучакташып сүрөткө түшкөн Алмазбек Атамбаевге да, аны инаугурациясына чакырып, улам-улам факты сураган Сооронбай Жээнбековго да бериле турган суроолор көп. Матраимов Аскар Акаевдин убагында бажыны башкарган Мурат Малабаевдин айдоочусу болгон. Демек бул иликтөөнү тереңдетип жүрүп отурса бул боюнча ошол кездеги президент Аскар Акаевге да, анын капчыктарына да бериле турган суроолор пайда болору анык. Андан бери жактагы Бакиевди да кыйгап өтө албайт. Анткени менин ишкерлик менен алектенген тааныштарым анын тушунда параны бажычылар ачык эле сурап калышканын эмгиче эстешет.

Коррупциялык чийимдер жалгыз жасалбайт. Мындан келди, бажыдагы ушул ишке аралашкан адамдардын баарын четинен кармап суракка ала берсе укук коргоо органдары эч жаңылбайт. Мунун баары Матраимовду акташ үчүн эмес, схемага аралашкан башка да адамдарды таап, жоопко тартыш үчүн жасалууга тийиш. Эл да ошондой масштабдуу иликтөөнү мамлекеттен талап кылууга акылуу. Башкача айтканда бирөөнү куткаруу эмес, аны да жазалап, башкаларынын да бетин ачуу максатка ылайык.

Ооба, анда жалаң эле Матраимов эмес, көп эле кишинин башы кетиши мүмкүн. Жогоруда айтылгандай, бажы тармагы оңой май талкан эмес жана экономикага тийгизген таасири зор. Бирок алардын баарынын башын аяп отурсак жалпы эле кыргыз мамлекетин аяй турган киши жок болуп атат.

Экөөнүн бирөөнү тандай турган убак келди.

Жыргалбек Касаболот

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *