Өткөндө саясатчы Бегиш Аматов тууралуу кеп болуп калды. Тээ илгери Кыргызстан жаңыдан эгемендик алган кезде легендарлуу парламенттин мүчөсү эле. Бир жолу сессияда күч түзүмдөрү тууралуу маселе коюлуп, ал киши: «Мамлекет деген күчтүү болушу керек, туугандар. Бизге эң мыкты армия керек. Колдон келсе атом бомбасы бизде болушу керек!» дегенде депутаттардын баары кыраан каткы күлгөнү эсимде. Бери жактан карап туруп жаш болсом да ошол кишини эч ким түшүнбөгөнү үчүн абдан ыза болгом. Акыры Бегиш агайдын сөзү, менин ызам ТУУРА БОЛУП ЧЫКТЫ, ал кезде ошентип күлгөндөрдүн БААРЫ ИТ БОЛДУ. Мен муну 30 жылга жакын убакыт өтсө да баса белгилеп койгум келет.

Муну эстеген себебим, андан бери чыккан Баткен окуялары да, ушул бүгүнкү күнгө чейин уланып келаткан чек ара маселелери да коопсуздук жаатындагы түйшүгүбүздү көзгө сайып көрсөтүп келатат. Андыктан ушул күнү жөн эле куттуктоо айтып тим болбостон аз да болсо Куралдуу күчтөрдүн абалын, келечегин жана колдон келсе жасала турган иштерди талдап көрсөк деген ой.

Биздин азыркы армия көп жагынан тээ Советтер Союзунун тушундагы аскердик милдеттерди, ошол кездеги стратегияга туура келген тапшырмаларды аткарууга ылайыкташкан. Көп жагы ошол бойдон эле калып келатат. Мисалы, Кой-Таштагы танк бөлүгү СССР менен Кытай кагылыша кетсе каршылаш тараптын күчүн бир аз эле убакытка кармап туруш үчүн гана түзүлгөн экен. Башкача айтканда ошол кездеги эбегейсиз зор мамлекеттин экинчи пландагы согуштук муктаждыктары үчүн уюшулган. Андан бери Кыргызстан эгемен мамлекет болду, тиешелүү түрдө согуш театры өзгөрдү. Өлкөнүн армиясы талаа-түздөгү эмес, тоодогу согушка ылайык уюшулушу керек экенин эксперт Леонид Бондарец айтып чыкканы көп болду.

Ырас, эки жылдык армия бир жылдык болду, ар кайсы чакырылыштын жоокерлерин бири-бирине аралаштырууга тыюу салынды, аскерлер мурдагыдан жакшыраак кийинип калышты окшойт. Албетте, тамак-аш жагынан жетишсиздик, командирлердин өкүм зордугу, коррупция бар экени айтылып эле жүрөт. Көп иштер жасалса жасалып жаткандыр, бирок негизгиси – бизге тоодогу согуш театрына ылайык аскердик техника, ошого туура келе турган инфратүзүм болушу керек эле. Мисалы бизде тоо шарты үстөмдүк кылгандыктан тик учмалар (вертолеттор), аскердик дрондордун түрлөрү аба-суудай керек. Айрыкча аскердик дрондорго биздей чакан, эли аз мамлекеттин армиясы абдан муктаж. Колдон келсе жоокерлердин жеке курамын мүмкүн болушунча коргоп, көп иштерди техника бүтүргөнү жакшы. АКШнын «Predator» учкучсуз учактарындай, орустардын «Черная акула» тик учактарындай кымбат техника алууга азырынча, албетте, чамабыз жетпейт. Бирок азырынча андай зарылчылык да жок – чакан, сынып калса оңой оңдоло турган, жеңил үйрөтүлө турган аскердик учма техника болсо башында ошол деле жетиштүү.

Аскердик бөлүктөр да кайсы тарапта чыр-чатак коркунучу көп болсо, ошол жакка жакын жайгашууга тийиш. Бул жагынан алганда чек арадагы маселелер азырынча Тажикстан жана Өзбекстан менен чечилбей турат. Албетте, колдон келсе бардык эле чырдуу жагдайлар тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечилгени жакшы дечи. Бирок бир объективдүү жагдайды эске алып коюш керек – андай жол табылбаса ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын коргош үчүн Куралдуу күчтөрүн колдонууга ар дайым даяр турат. Ансыз аларды багуунун муктаждыгы болмок эмес. Антпесе кайсы тарап болбосун өз кызыкчылыгын алдырат. Тажик армиясы согуш тажрыйбасын көрүп калган, ал эми өзбек армиясы Борбор Азияда курамы жагынан масштабдуу, курал-жарагы жагынан кыйла бай армия десек болот. Андыктан биздин армия булардын согуш тактикасын, жайгашкан бөлүктөрүн, талуу жерлерин, күчтүү жактарын билип, ар бир аскердин мээсине кыттай куюп турганы оң. Жана аскерлердин даярдыгы да ошого жараша жүрүүгө тийиш. Жалаң Мамлекеттик чек ара кызматын алдыга салып коюп, армиянын башка бир космостогу милдети бар сыяктуу карап турган туура эмес. Армия анын артында дайыма даяр турганга милдеттүү.

Чындап келсе армиянын биринчи милдети ошол. Кооз документтерде жарыяланган тезистерде айтылгандай, эл аралык террорчулукка каршы күрөш эмес. Анткени биринчиден эл аралык террорчулукка караганда чек арадагы чатактар алда канча актуалдуу болуп турат. Экинчиден террорчулар менен күрөшө турган негизги түзүмдөр – армия эмес, атайын кызматтар. Алар ошол террорчулардын аракетин армияны ишке тарткыдай деңгээлге жеткирбей, түйүлдүк кезинде баса калып өчүрүп турууга милдеттүү.

Чек ара маселеси чечилген күндө деле кыргыздын ар бир жоокери Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аскерлери, жайгашкан жери, өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды жатка билүүгө тийиш. Анткени Кыргызстан чектешкен өлкөлөр ошолор.

Бул үчүн армияга даярдык мектептен баштап жүргүзүлүшү зарыл. Биринчиден психологиялык даярдык керек. 18 жыл бою эле эч нерсе менен иши жок жүрүп, бир күнү эле «Мекеним үчүн жанымды берүүгө даярмын!» деген менен адам чынында даяр боло калбайт. Ал үчүн мектепке киргенден тартып чыкканга чейин ошол милдетин мээсине күн сайын куя берген оң. Кыргыздын ар бир жеткинчеги биринчи класстан баштап эле аскерге керектүү, өз жаш өзгөчөлүгүндө өздөштүрүп ала турган ыктарга акырындап ээ боло бергени жакшы. Бул даярдык албетте, эркек балдар менен кыз балдардын өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш. Бирок мисалы биринчи жардам көрсөткөнгө, жакын жерде жашынганга, мылтык кармап таамай атканга чоң дене күчүнүн кереги жок. Ошентсе да мектеп окуучуларынын баары эр өнөрүнүн өзүнө ылайык түрлөрүн өздөштүрүп чыкса бул бир чети алардын ден соолугуна да жардам берип, экинчи жагынан жоокер катары даяр болушуна да шарт түзөт. Ал даярдыгы өмүр бою жаңыланып, курчутулуп турушу абзел.

Албетте, бирин бири сабаган армияда ынтымак болбойт. Андыктан армиянын негизги милдети – алсызын кор кылуу эмес, тескерисинче алсызын жалпы аракет менен күчтүү кылып чыгарууга багытталган иш-чаралардын комплекси болушу максатка ылайык. Колдон келсе армияда бирге кызмат өтөгөндөр кийин да бири-бирине турмушта, карьерада ж.б. жардам бергенге даяр команда болуп калганы жакшы. Андай түзүмдөр биздин өлкөдө ансыз деле иштеп атышат. Болгону башкачараак баалуулуктар, максаттар ж. б. менен иштейт. Мисалы, «Себат» (азыркы «Сапат») мектептерин бүткөндөр дайыма бирин бири колдоп турушат. Эмне үчүн ушундай принцип кыргыздын кызыкчылыгына келгенде эле иштебей калышы керек экен?

Үлпүлдөгөн гуманисттер, мамлекеттик кызыкчылыкты тааныбаган космополиттер, жалаң укукка гана басым жасаган либералдар «кокуй эле кокуй, милитаризацияланган мамлекетке чакырык таштап жатат» деши мүмкүн. Ооба, эгерде биз коопсуз жашагыбыз, улуттук кызыкчылыгыбызды адекваттуу коргогубуз келсе милитаризацияланган өлкө болууга мажбур болобуз. Анын деле жаман эч нерсеси жок. Биринчиден, бул айтылгандар – фактыларга жана логикага негизделген ойлор. Экинчиден, адам укуктары тууралуу теорияга эң чоң салым кошкон эл – жөөт эли. Ал эми анын азыркы мекени Израил мамлекети – дүйнөдөгү эң милитаризацияланган өлкөлөрдүн бири. Тел-Авив тыштагы аскердик операциялары тууралуу комментарий да бербейт. «Ал кастык курчоодо турат, геосаясий жагдайы ошондой» дегендер – биздин чек арада күн алыс болуп жаткан чыр-чатактарды кайра бир сыйра карап чыккыла. Балким көзгө сайылып турган чындыкты көрөсүңөр. Факты деген өжөр нерсе.

Дегеле, «күчкө таптакыр эле таянбаш керек, кызыкчылыгыбызды алдырсак да компромисстен өтөрү жок, курал деген жаман нерсе, келгиле автоматтын оозунан гүл чыгарып коелу» деген сыяктуу сөздөр – бул реалдуу саясатта «биз алсыз бололу, башкалар бизди каалагандай тебелеп-тепсей берсин» деген кеп. Андай маанай, андай багыт, андай дүйнө тааным биздин мамлекеттүүлүк, биздин эгемендик, биздин улуттук кызыкчылык үчүн түп-тамырынан зыян.

Коопсуздук тууралуу маселе козголгондо Канттагы авиабаза жөнүндө кеп кылганды жакшы көрүшөт. Бирок Канттагы авиабазанын жана башка орусиялык түзүмдөрдүн Кыргызстан үчүн аткарып бере турган так милдеттенмеси ушул күнгө чейин жок. Ал Кыргызстандын чек арадагы чыр-чатактарында жардам бербейт. Расмий негиздемесинде террорчулукка каршы күрөш көрсөтүлгөн. Бирок террорчуларды килейген учактар менен бомбалап эч кандай зарылчылыгы жок, алар кол салса кадимкидей эле биздин арабызда жүрүп тымызын иш кылат. Андыктан бул жүйөсү күлкү келерлик. Кошуна мамлекеттер менен чоң кагылышуу чыгып кетсе Орусия сөзсүз Кыргызстанга гана жардам берет деген да баелук болот. Муну Армения менен Азербайжандын ортосундагы согуш даана көрсөттү. Анткени экөөнүн тең астында милдеттенмеси бар. Эки жагында тең кызыкчылыгы бар. Бизде деле жагдай ошондой. Ага ашыкча үмүт артып кереги жок.

Ошондуктан колдон келсе өзүбүздүн эле армия духу жагынан гана эмес, куралы, техникасы, уюшулушу, даярдыгы жагынан жок эле дегенде Борбор Азиядагы биринчи орунда турсун деген дымагыбыз болсун. Коопсуздукка тиешелүү, балким мындан да маанилүү башка жагдайлар тууралуу кийинки макалаларда кеп кылабыз. Азырынча кыргыз армиясынын гана көзгө даана урунган жагдайлары тууралуу азыноолак талдоо жүргүздүк. Майрамыңар менен!

Жыргалбек Касаболот

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *