Кыргызстанда президенттик шайлоо бүткөндөн бери үч ай өттү. Андан берки бийликтин кийинки аракеттеринен улам коомдо ар кандай реакция болуп, бири аны аягына чейин колдосо, башкалары көзгө кашкайып көрүнгөн карама-каршылыктарды жүйө келтирип сындап жаткан чагы. Шайлоого кимдер чыкканы, кандай жүргөнү, кайсы талапкер эмнеси менен кызыктуу болгону унутулуп деле баратат. Анткен менен андан алына турган сабактар эмитен эле көзгө уруна баштады. Жыл башындагы бул окуяны талапкерлердин жактоочулары, ар кайсы уюмдар бири демократиянын, бири укуктун өңүтүнөн талдап жаткандыр. Биз аны мамлекеттин өзөгүн түзгөн улуттук кызыкчылыктын көз карашынан талдаганга аракет кылып көрөлү. Алына турган сабактар да ошого жараша болот.

Биринчи эле көзгө урунган жагдай – коомдун көбү чарчаганы жана кайдыгерлиги. Анткени расмий эсеп боюнча деле шайлоого кыргызстандыктардын жарымына жетпеген бөлүгү катышты. Албетте, муну бир топ шайлоочулар эмгек миграциясында жүргөнү менен да түшүндүрсө болот. Бирок ошондо деле мындай пассивдүүлүк өлкө жарандары саясий процесстерге кыйла ишенбестик менен мамиле кылып калганын көрсөтөт. Ага да негиз бар. Саясий күчтөр айрым күтүүсүз жыйынтыктарды добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөргө көбүрөөк шылтаганы менен, 30 жылдан бери бийлик кимдин колунда турса, негизинен ошонун эле талапкери өтүп келатат. Бул жолу деле ошондой болду. Анын бир себеби шайлоочулардын тизмеси болушу мүмкүн. Анткени катталган жерин шайлоодон кийин текшере келгенде таптакыр башка жактан чыгып жаткан фактылар кийинки жылдары көп учурай баштады. «Мен өмүр бою ушул жерде ГАНА жашагам, андай болушу мүмкүн эмес» деп, «жаңылбаган компьютерге» кашкайган фактыны далилдей албай жүргөндөр четтен табылат. Шайлоонун добушун эсептөө кимдин колунда болсо көбүнчө ошол тарап утуп жүрөт. Бул жагынан башка тажрыйбаны 2010-жылдагы окуялардан кийин өткөн парламенттик шайлоо гана көрсөткөн. Ошол кезде бийликтин оппоненти болгон «Ата Журт» партиясы көпчүлүк добуш алганы андагы шайлоонун кыйла таза өткөнүнөн кабар берип турат. Андан бери кайра эле реалдуу бийлик кимдин колунда болсо, ошонун талапкерлери өтүп келатат. Демек, бул багытта ойлоно турган маселе көп. Анткени шайлоо системасына элдин ишеничи мындан ары да кете берсе мамлекеттүүлүктүн негиздерине доо кетиши мүмкүн.

Экинчи көзгө урунган жагдай жана сабак – шайлоочулардын тарыхый эстутумунун кыскалыгы. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев убагында Курманбек Бакиевдин командасындагы эң туруктуу адамдар болгону белгилүү. Бакиевдин бийликтен кетиши 2010-жылдагы кан төгүү менен аяктаганын эске алсак, бул эки нерседен кабар берет. Биринчиден, ошол окуяны сырткы күчтөрдүн гана таасири менен жасалган төңкөрүш катары көрсөткүсү келген кландар, алардын билип-билбей колдогон тарапкерлери кала берген. Кан төгүүнүн күнөөкөрлөрүнүн тамыры кыркылган эмес, кылмыштары үчүн жетиштүү жазаланган эмес, саясий деңгээлде алардын ишине жетиштүү баа берилген эмес. Алар азыр да күчүндө. 2010-жылдагы окуялардан кийин бир топ маселелер чечилбей калганы, алардын күнөөкөрлөрүн жазалоодогу Чубактын кунундай чубалган талаштар да буга бир топ салым кошту. Бул жагынан акыркы шайлоонун жыйынтыгы – Бакиевдер кланынын чырагына май тамыза турган окуя. Экинчиден Садыр Жапаровдун түрмөгө түшкөнүн гана билип, ага чейинки таржымалын билбегендер да чындап эле абдан көп экен. Болбосо өлкөгө дегеле пайдасы тийди беле, буга чейин эмне кылып берди эле деген суроону жок дегенде өздөрүнө коюп көрөт болчу. Анан мисалы түрмөдө отурса да мунапыс суроодон баш тарткан Текебаевди сындаган адамдардын лидери өзү эмне үчүн мунапыс сурап (демек күнөөсүн моюнга алганга тете болуп), кийин актала электе президенттикке талапкерлигин койгонуна кызыгып көрөт эле. Эч болбосо мурунку сөзү менен кийинки сөзүн же жасаган ишин салыштырмак. Демек, биз талапкерлердин тажрымалын изилдегенди үйрөнө элекпиз.

Үчүнчү сабак – саясий технологиялар санариптик форматка өткөнү. Бул формат ар кандай маалыматты манипуляциялоочу ыкмаларга кеңири жол ачат. «Шок! Баланча түкүнчөнү ит кылды», «Тез көр, өчүп калат!» сыяктуу жалган маалыматтардан тартып атайын үйрөтүлгөн троллдордун командаларына чейин бул шайлоодо абдан чоң роль ойноду. Алар аң-сезимге белгилүү бир багытта таасир эте турган ураандар, типтүү суроолор менен иштеди. Анын арасынан «Андан башка ким, кана, ким?», «30 жылдан бери эмне кылдыңар?» «Ал түрмөдө отурду, жакындарын жоготту» ж.б. у.с. суроолор басымдуулук кылды.

Акыл астынын (подсознание) бир өзгөчөлүгү бар. Ага кайсы маалыматтар көбүрөөк кайталанса, ошол маалыматтар көбүрөөк кирет. Бул жагынан жогоруда сөз болгон суроолор жана жүйөлөр бул талапкерден башка эч ким жок экен деген түшүнүк жаратууга багытталат. Принциптери нейролингвистикалык программалоого (НЛП) окшогон мындай ыкмалар жалгыз Садыр Жапаровдун өзүнүн колунан келмек эмес. Андай технология колунан келчү киши өзүнүн саясаттагы жолу жөнүндө китебинде партиясына тыштан акча келгенин моюнга алып, өз абийирин өзү ачпайт болчу. Текебаевдин колунда калган, «Ата Журт» партиясы сатылып алынганы тууралуу документтерди тууралаштырып, төлөчүсүн төлөп, жок дегенде артын тазалап коймок. Демек бул жерде «артын (керек болсо көзүн да) тазалай кетүүнүн» чоң устаты Жаныш Бакиевдин ролу анча байкалбайт.

Бирок октябрдагы окуялардын чагылгандай тездик менен өнүгүшү, жарандарды эсине келгенге жетиштирбей улам бир барьердин алынышы, талаптардын улам кеңейиши, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун маанайын билгичтик менен өзүнө пайдалануу – ушунун баары кыйла даярдыкты жана интеллектти талап кылат.

Садыр Жапаров бир кезде командасына кирген Курманбек Бакиевдин тегерегинде мындай саясий да, технологиялык да ыкмаларды мыкты өздөштүргөн, ошого басым жасаган бир гана топ бар. Ал – Максим Бакиевдин тобу. Эки досту, дагы башкаларын кошуп реванш үчүн пайдаланса болорун агасы Жанышка айтып жатканын элдин баары уккан.

Азырынча андай болгон эмес деп айтууга олуттуу негиздер көрүнө элек. Президенттикке шайлангандан кийин да Садыр Жапаров мурунку шефтерине карата бир ооз сын айтканы байкалган жок. Эч кимге карата сын айтпайт экен дейин десең, андан бери өзүнө каш кайтаргандардын далайларын тартынбай-этпей эле сындаганга үлгүрдү. Демек, негизги деген талапкер ушул жагынан – көз карашын жана позициясын өтө тез өзгөртүү жагынан, моралдык өңүттөн бул манипуляциялык технологиялар үчүн кардар катары жакшы эле даяр болгон. Муну акыркы үч ай ичиндеги эле соцтармардын колдонуучулары таап чыккан фактылар далилдеп турат. Мисалы, Кумтөргө карата, Жерүйгө карата позициясы мурдагыдан таптакыр өзгөрдү, Конституциялык кеңешме, парламенттик шайлоо жана анын мөөнөтү боюнча айткандары бир нече айдын ичинде бир нече жолу өзгөрдү. Мурунку сөзүнө кийинки сөзү Теңирден тескери каршы чыкты. Демек, кардардын өзгөчөлүгү ошол учурда колдонулган саясий технологияларга төп келген.

Төртүнчү жана балким эң катуу кооптондура турган сабагыбыз – шайлоочулар ушундай сырттан даярдалган манипуляциялык ыкмаларга даяр болбой чыкты. «Кичинеси ушинтсе чоңунан эмне болор экенбиз» демекчи, бул кыргыз коому азыркы дүйнөдө элди каалаган жакка бура турган ыкмалардын алдында канчалык алсыз экенин көрсөтүп турат. Коомдун назары негизги аты чыккан гана талапкерлерге арбалып, чындап улуттук кызыкчылык жагынан кызыгуу жарата турган татыктуу талапкерлерге көңүл бурулган жок. Албетте, адамдык касиети жагынан да, саясий тажрыйбасы же билими жагынан да бул шайлоонун жеңүүчүсүнө салыштырмалуу ат чабым алдыда турган талапкерлер көп эле болду. Садыр Жапаров мисалы демөөрчүлүгү жагынан Имамидин Ташовго, юридикалык билими жагынан Клара Сооронкуловага, демократтыгы жагынан Бактыбек Калмаматовго, тажрыйбасы жагынан Адахан Мадумаровго тең келе албай турганын өзү деле ичинде тана албаса керек.

Бирок биз сөз башында улуттук кызыкчылыктын көз карашынан талдайлы дегенбиз. Бул жагынан улутчул десе улутчул, мамлекетчил десе мамлекетчил, ошол эле учурда заманбап дүйнөнүн техникалык өзгөчөлүктөрүн жакшы түшүнгөн, кыргыздын тарыхый тажрыйбасын эске алган, улуттун өзөгүн туура кармай билген бир гана талапкер саналуу адамдардын көзүнө урунду. Тилекке каршы, «Башка ким, кана?» деген НЛП-технологияга арбалган көпчүлүк аны байкаган жок.

Ал талапкер – Аймен Касенов.

Электрондук курултай тууралуу идеяларынан тартып жеке адамдык сапатына чейин, Токтогул ГЭСинин абалына кооптонгон дебаттарынан тартып кыргыз тарыхына болгон көз карашына чейин, азыркы дүйнөдө күрөш адамдын аң-сезими үчүн жүрүп жатканын түшүнгөнүнөн тартып алган билимине чейин абдан кызыктуу, нарктуу, таза, уят кылбагыдай жаш саясатчыларыбыз бар экени дал ушул жигиттен көрүндү. Эгерде биз улут катары калыптангыбыз келсе, улуттук кызыкчылыкка ушундай мамиле кылган лидерлерди руданын арасынан алтынын тергендей ылгап алууга үйрөнүшүбүз керек. Мен аны менен жеке тааныштыгым жок. Болгону аты чыккан гана талапкердин 50дөй «WatsApp» тайпаларын эмес, көпчүлүк талапкерлердин программалары менен идеяларын, автобиографиясын эрикпей-талыкпай карап чыккан, бир топторунун таржымалын билген киши катары өзүм түшүнгөн улуттук кызыкчылыктын позициясынан улам айтып жатам. Чыныгы, таза, заманбап улутчулду көрдүм.

Бешинчи жана эң негизги ала турган сабагыбыз – берген добушубуз үчүн жоопкерчилик ала билүүнү үйрөнүшүбүз керек экен. Элдин эл болушу ошондон башталат. Жалаң эле бийликтин же саясатчылардын эмес, элдин да Элдей жүгү болот. Ошондой жүктү көтөрө алган, ойлоно билген, талдай билген, чындап түйшөлө билген Эл гана Мамлекеттин тагдырын туура чече алат. Андыктан баарыбыз тандаган кишибиздин кийинки кылык-жоруктары үчүн жооптуу экенибизди түшүнүшүбүз зарыл. Бул үчүн ар бир шайлоочу ар бир талапкердин биографиясын, жакшы-жаман жактарын, мурдагы жана кийинки сүйлөгөн сөздөрүн, кылган иштерин, берген добушун, кылык-жоругун таразадан өткөрүшү талап кылынат. Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ар бир талапкерге карата талдоочу, чекист, тергөөчү, сот катары мамиле кылууга ар бирибиздин укугубуз бар, кеңири маанисинде – ал биздин милдетибиз.

Саясатчылар, лидерлер ала турган мындан да чоң сабактар бар, бирок ал өзүнчө сөз. Азырынча ушул сабактар деле жетиштүү.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *