(же Михаил Булгаков кимдер тууралуу жазган?)

Ошентип кумар оюндарын Ысык-Көлдө уюштурууга жол ачкан мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинде колдоо тапты. Комитеттен мынчалык жеңил өтүп атса демек парламентте оңой эле өтүп кетет деп кооптонууга толук негиз бар. Айтмакчы, эл-журт, бул мыйзам долбооруна баа бергиңер келсе анын демилгечилери Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков экен. «Тамчыга» курулсун деп атышат. Парламентте муну колдогондор дагы көп болчудай.

Кумар оюндары жалпы эле жакшы эмес. Кумарпоздук – бул психикалык көз карандылык. «Кыргызстандыктар ойнобойт» депсиңер. Биринчиден башка өлкөнүн паспортун алып алган кыргыздар толтура. Алардын үй-бүлө, тууган-туушкандары Кыргызстандын эле жарандары. Экинчиден кумар оюндары болгон жерде кылмыштуулуктун да арааны жүрөт. Үчүнчүдөн ким келип ойногон күндө деле бала-чакасын какшатып, үй-бүлөлөрдү талкалаган индустриядан акча табышыңарды колдобойм. Мунун социалдык зыяны аракечтик, баңгилик менен бирдей эле. Өзүңөр аз келгенсип бүтүндөй Кыргызстанга арам тамак жедиргени калдыңар.

Андан көрө электромобил, күн генераторлорун, жел генераторлорун чыгарган ишканаларды ачып, бак отургузуп, чөлдүү жерге суу чыгарып, мөңгүлөрдү калыбына келтире турган келечектүү долбоорлор боюнча демилге көтөрсөңөр болмок. Бирок ага мээ, эмгек, анан улуттук кызыкчылыкты ойлогон позиция керек.

Михаил Булгаковдун «Иттин жүрөгү» аттуу фантастикалык чыгармасы бар. Баш каарманы Шариков түпкү табияты ит болгондуктан мышыктарды эле муунта берет экен. Андан башкага жарабайт. Байкуш адамга эле окшошоюн дейт, бирок иттин жүрөгүнөн тамыр алган табияты такыр эле ага жол бербейт. Иттик эле кыла берет. Акырында доктор өзү кайра итке айландырып салганга аргасыз болот. Булгаковдун чыгармасында го Шариковдор бир комитетти жетектептир. Бизде Шариковдор мамлекеттик чоң кызматтарда отурат. Аныгы мамлекетти бүт эле Шариковдор башкарып алды го.

Аа ата, кайран гана жаны барлар. Ушул жерден да түпкү табиятыңар көрүнүп калды. Мамлекетти да көрүнгөн жерде отура калып үч стакан менен шарик ойнотуп атасыңар. Маселе стакандарды алмаштырган колдо эмес, ошол эки колду башкарган башта экенин көбү түшүнбөйт экен. Аныкы деле түпкү табияты ошол да.

Баягыда кыргыздын калпагын итке кийгизгенде эле кеп бар болчу…

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *