Кыргыз дипломатиясы үчүн ШПАРГАЛКА
Жакында президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу жана тирешүү тууралуу билдирүүсү чыкты. Билдирүүдө ал эки элди ынтымакка чакырып, бирок окуянын күнөөкөрүн так айтуунун ордуна белгисиз бир үчүнчү күчтөрдү айыптады. Бул билдирүү кыргыз дипломатиясы үчүн пайдасынан зыяны көп.
Анткени бул чырда Кыргызстан – эч күмөнү жок жабыркаган тарап. Талаш болуп жаткан суу алгыч Кыргызстандыкы. Аны талашууну тажик жарандары баштаган. Ок атышууну токтотуу боюнча келишимди тажик тарап бузуп жатат. Тажик жарандарына курал таратылып, тажик тарап кыргыз айылдарын басып алып, өз билгенин кылып жатат. Ушунун баары тажик тараптын агрессиясы. Бул эл аралык укуктун эрежелеринде да ташка тамга баскандай жазылганын адистер бир ооздон айтышууда.
Ошондуктан Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү Тажикстандын мындай агрессиясын сүрөттөр, видеолор жана башка далилдер менен коштоп, дүйнөнүн ар кайсы тилдерине которуп таратып жатышат. Кыргыз дипломатиясы, бардык деңгээлдеги тиешелүү расмий адамдар талаш болгон объектилер кыргыз тараптын карамагында болгонун бир ооздон айтышты. Ал эми Садыр Жапаровдун билдирүүсү тажик тараптын күнөөсүн далилдөөгө багытталган аракеттердин баарын жокко чыгарат.
Үчүнчү күчтөр ким экенин президент же билбейт, же айта албайт. Билген күндө деле ал ошол биздин өнөктөш болуп жүргөн өлкөлөрдүн бири болуп чыгат. Аларды ачык айтуу ошол конкреттүү өлкө менен болгон эки тараптуу мамилеге зыян гана келтирет, ал эми айтпай эле үчүнчү күчтөргө шылтоо тажик тараптын күнөөсүн жокко чыгарганга тете болот. Демек, кайсы тарабынан караганда да зыян.
Ошондуктан мындай шартта кыргыз президентинин позициясы так, даана болууга тийиш. Кыргызстан тажик тараптын күнөөсүн бардык деңгээлде баса көрсөтүп, дипломатиялык каналдар аркылуу эл аралык уюмдардын баарына, Эл аралык сотко кайрылууга толук укугу бар. Бийликтин позициясы жана билдирүүлөрү так ушундай мазмунда болушу керек. Жөн эле достукка чакырган билдирүүлөр эч кандай пайда алып келбейт. Тажик тараптын күнөөсүн кыргыз президенти, өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги жана парламенти бир ооздон айыпташы зарыл. Эл аралык уюмдарга да ошондой гана позиция менен чыгышы керек. Ал тургай эмитен эле чыгымдар эсептелип, доо коюуга негиз боло турган документтер даярдала баштаганы оң.
Мындан тышкары кыргыз тарап өз эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргош үчүн бардык зарыл аракеттерге барууга акылуу экенин даана билдирүүгө тийиш. Анын ичинде экономикалык жана саясий багыттагы аракеттер болушу мүмкүн. Мисалы, жарандык коомдун кыйла бөлүгүнүн талабы боюнча чек ара чатагы толук чечилгенге чейин Кыргызстандын административдик чек арасын толук жаап, товарлардын кирип-чыгышына толук бөгөт коюуну бийликтен талап кылууда. Суу маселесинде да быйыл Кыргызстан биринчи иретте өз кызыкчылыгы үчүн суу бөлүштүрүшү максатка ылайык экени айтылып жатат. Айрыкча сугат маалында бул абдан актуалдуу. Коомчулуктун мындай сунуштарын бийлик өкүлдөрү өз аракеттери үчүн пайдаланышы керек. Мындан тышкары, кыргыз тарап өз кызыкчылыгын коргош үчүн бардык зарыл болгон аскердик аракеттерге баруу укугун өзүндө калтырарын да баса белгилеши максатка ылайык.
Президенттин билдирүүсү – бул өлкөнүн позициясын билдирген эң маанилүү иш кагаздарынын бири. Аны даярдоо жалаң басма сөз катчынын деңгээлинде эч качан жүрбөшү керек. Мындай иштерде ар бир билдирүү Тышкы иштер министрлиги, күч түзүмдөрү жана өкмөт менен жакшылап сүйлөшүлгөндөн кийин гана кабыл алынышы өтө маанилүү.
Тышкы саясатта тажрыйбасы чоң мамлекеттик жетекчилер да өз билдирүүлөрүн тиешелүү адистер жана түзүмдөр менен макулдашкандан кийин гана кабыл алышат. Анткени бийик деңгээлдеги билдирүүлөр дипломаттардын, аскерлердин жана тиешелүү түзүмдөрдүн эмгегин жокко чыгарышына жол берүүгө болбойт. Чынында бул мамлекеттик кызмат үчүн элементардуу эле эрежелер. Тилекке каршы, жагдай ушуну да эске салууга мажбур кылып олтурат.
Буга чейин айтылган сунуштардын актуалдуулугу (төмөндө) күчүндө турат. Азырынча алардан жыйынтык чыга элек. Бирок азыр да кеч эмес.