Президент Садыр Жапаров «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул мыйзамдын тегерегинде мурун далай талаш-тартыштар болуп, тараптар бирин бири айыптоого чейин барган эле. Мыйзамдын демилгечилери өз сунушун коомду фейк маалыматтардан коргоо мүдөөсү менен түшүндүрсө, алардын оппоненттери бул мыйзам бийликке каяша айткандарга каршы гана иштей турганын айтып жатышат.

Албетте, фейк маалыматтарга, Интернеттеги ит адаттарга акыл-эси жайындагы адамдардын баары эле каршы болсо керек. Айрыкча акыркы убакта троллдор Интернетти биттей басып, далайларынын башын айлантып, башкаларын иттей талап, коомчулукту кыйла жүдөткөнү да эч кимге жашыруун эмес. Соцтармактарда оппонентинин жеке керт башына асылуу, кемсинтүү, адамдык намысына шек келтирүү сыяктуу көрүнүштөр четтен табылат. Андыктан бул мыйзам баарына тегиз иштесе аны колдоо зарыл. Өз оюн өз атынан ачык айтып, келтирген жүйөлөрүн эч ким тана албай турган фактылар менен бекемдеп, эч кимди жекече кемсинтпестен маселе кое билген адамдардын бул мыйзамдан корко турган жайы жок.

Бирок чындап келсе эгер бул мыйзамдын үч талуу жери бар. Биринчиси – эгер жакшылап иштесе ал көбүнчө азыркы бийликтин тарапташтарына каршы натыйжа бериши мүмкүн. Кыргызда «өзүң кылган иш өз башыңа муш» деп коет. Анткени эгерде ар-намыска шек келтирүүнү тыялы десек бийлик өкүлдөрүн коргош үчүн башкалардын баарын сөгүп-кагып, кордогон, калпты чындай айткан колдонуучулардын баары соттолушу керек. Тилек Токтогазиевди «таз шаулин» дегендерден тартып Текебаевди «сасыган теке» деп акаарат келтиргендерге чейин бири калбай жоопко тартылууга тийиш. Элдин таламын талашып чындыкты айткан кыз-келиндердин аялдык ариетине асылгандардын бири калбай жазаланышы зарыл. Эч кандай далили жок туруп Али Токтакуновду «Атамбаевден акча алдың» деп омуроологондор да, «теңирчилер өлүктү ит-кушка жедирет экен» деген дин аалымдары да жалган маалымат таратканы үчүн соттолушу абзел.

Троллдор армиясын жөнөкөй адамдар эмес, саясатчылар иштетээрин, анын көбү бийликке барарын «Азаттыктагы» далай иликтөөлөр көрсөткөн. Демек бул мыйзам иштесе ошол троллдордун баарын жок кылып, ашкерелеп, жок эле дегенде УКМК алардын ар бирин эл алдында шөмтүрөтүп гана кечирим суратышы талап кылынат. Каршы эмеспиз. Бийлик ошого бара алабы? Өз колун өзү кесеби?

Жок, бийликтин жактоочуларына каршы иштебей эле ага каяша айткандарга гана каршы иштесе, тегиз колдонулбаса – анда бул мыйзам туруктуулукка салым кошпойт жана ансыз да чыңалып турган нааразылыкты ого бетер күчөтөт.

Экинчи талуу жери – жалган маалымат деп эмне эсептелгенинде. Эгерде чындык деп мамлекеттик органдардын расмий маалыматын гана эсептесек – анда туура эмес. Мамлекеттик органдар, мамлекеттен акча алган субъектилер калп маалымат берген, бербей койгон, бурмалаган учурлар толтура. Соттун чечимдери да чындыктын чен-өлчөмү боло албайт, анткени ак жеринен соттолуп кеткен мекендештерибиз четтен табылат. Былтыркы окуялар үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликте, Жеңиш Молдакматов менен Тилекмат Күрөңов камакта отурат. Мындай кош стандарттуу чечим чыгарган сот системасы бул мыйзамдын калыс аткарылышын камсыз кылып берерине эч кандай кепилдик жок.

Эгерде бийлик башындагылардын алар бийликке келе электе тигил же бул кылмыш үчүн айыпталган балдары же жакын туугандары так өздөрүнүн тушунда соттолуп, өкүм чыгып, реалдуу түрмөдө отурса ишенет элек. Азыр ишенүүгө негиз жок.

Үчүнчү талуу жери – аткаруу механизми. Эгерде жалган маалымат таратканы же кимдир-бирөөнү кемсинткени үчүн жарандардын баары бирин бири сотко бере баштаса соттор калыс иштеген күндө да жалаң ушундай иштерден башы чыкпай калат. Муну аткарыш үчүн өтө чоң ресурс, күч, аракет талап кылынат.

«Ит өзүнүн ит экенин билсе уялганынан үрбөй койбойт беле?» деп ыраматылык жездем көп айтчу эле. Түшүнгөн кишиге бул өтө терең сөз. Айрым адамдардын адебин, баам-парасатын, абийири менен уятын оңдош мүмкүн эмес. Андай адамдарды жазаласаң эмнеге жазаланып жатканын деле түшүнбөйт. Андыктан бийлик өкүлдөрү өзү калыстыктын үлгүсүн көрсөтпөсө, троллдорду жумшаган саясатчылар өздөрү оң жолго түшпөсө бул мыйзам жакшы натыйжа бериши күмөн.

Маселени чечүүнүн бир жолун өткөндө айттык (төмөндө: «Саясий сабаттуулуктун баштапкы талаптары»). Жалпы элдин медиа сабаттуулугун арттыруу, элди ак-караны ажыратууга үйрөтүү – бир эсе кечиктирилгис, бир эсе көп жылдарды талап кылган, такай жасала турган иш. Экинчи жолу – ушул эле мыйзамды башкача иштеп чыгып, троллдордун эмес, аларды саясий максатка пайдаланыш үчүн уюштургандардын жоопкерчилигин абдан катуу күчөтүү зарыл. Чындап келсе троллдордун көбү – кечээки эле ОБОНдор, болгону колуна телефон тийип, көчөгө чыкпай үйдөн иштеп калган. Азыркы заманда акча төлөбөсө эч ким бирөө үчүн жаманатты болгусу келбейт. Демек, аткаруучуларына караганда башчыларын, администраторлорун, аларга акча төлөп бергендерди жазага тартуу абдан маанилүү. Бирок эгерде аны ишке ашырса азыркы өтө чоң саясатчылардын өз башына тийип калышы мүмкүн.

Антсе да бийликтин адилеттигинин, чынчылдыгынын көрсөткүчү катары да, келечекте түзөтүүлөрү менен иштей турган кошумча механизм катары да бул мыйзам керек. Ал тургай жарандык коом, таландыга көп калган активисттер жана башкалар аны саясатчылардын уюштурган тролль армияларына, саясатчылардын өздөрүнө каршы пайдаланууга биринчи иретте киришкени оң. Мындайда ким биринчи аракеттенсе ошол көбүрөөк ута тургандай шарт түзүлгөн. Эгерде сот кабыл албай койсо, иш козголбосо, жыйынтык чыкпаса аны да элге жеткирип айтып туруу зарыл. Ошондо бул мыйзамдын чыныгы максаты ашкере болот. Бийлик аны биринчи иретте өз тарапташтарына каршы колдонгонун, алардын саясий маданиятын көтөрүүгө аракет кылганын чындап далилдей алса – өзүнө элек жакшы. Жалаң өз каршылаштарына колдонсо – өзүнүн эле аброюна жаман.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *