Кечээ илимпоз, философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып, азыр камакта отурат. Гүлзат Аалиева каршы Жазык кодексинин 313-беренеси – «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга» байланыштуу арыз түшкөнү кабарланды. Конкреттүү түрдө кайсы иши үчүн шек саналып жатканы ачык айтыла элек. Бирок көңүл буруп кое турган бир нече жагдай бар.

Биринчиден, ага каршы арыз берген адвокат Аида Абдрахманова 2017-жылы Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин каттоо боюнча маселе тууралуу маалымат бергендердин арасында экен. Демек анын тарапташы. Экинчиден, ага каршы пикир жазгандардын арасында соцтармактагы Садыр Жапаровду колдоо тайпасынын администраторлору бар экенин Гүлзат айым өзү айтып жүргөн. Үчүнчүдөн жана эң негизгиси – анын жазгандарынын баары соцтармакта сөгүнгөн, адамдын башынан ылдый жугунду куйганды билбеген тажаал топтун кылыгына реакция. Биринчи иретте Манасты сөккөндөргө карата ЖООП болуп келген.

Мындан бир нече жыл илгери соцтармактарда Манасты сөгүп, кыргыз баалуулуктарына акаарат келтирген топ пайда болду. Алардын көбү хакерлик менен аракеттенип, фейк аккаунттарга жамынып, адам оозго алгыс сөздөр менен чагымга барышты. Мен билгенден Гүлзат Аалиева ошолор боюнча улуттук коопсуздук органдарына да, укук коргоо органдарына да кайрылды. Бул боюнча КТРде талкуу болуп, улутчулдар барып Гүлзат Аалиеванын позициясын коргоп келгенбиз. Талкууга катышканы чакырылган Чубак ажы да, «Ыйман» фондунун ошол кездеги башчысы Нуржигит Кадырбеков да келген эмес. Эмне жыйынтык чыкканы белгисиз. Кимдир-бирөө жазаланып, жоопко тартылганы айтылган жок. Эгерде логика менен калыстыкка таянсак улуттук коопсуздук органдары биринчи иретте ошондой чагымчыларды жазалашы керек эле. Техникалык жактан алар үчүн кыйынчылык деле жаратмак эмес. Ошондуктан таба албай койду дегенге ишениш кыйын. Демек каалашкан жок деп жыйынтык чыгара берсек болот. Болбосо азыр деле кармап келсин, кеч эмес.

Кыскасы мен билгенден ошол кезде чатакты радикал динчилдер баштаган. Ошондон бери дин жамынган чагымчылар ушундай тактикага өттү – ашатып сөгөт, улуттук баалуулуктарга шек келтирет да, өзүнө жараша катыра жооп берсең коркутууга өтөт. Ага да башың сайылуу экенин билгенде өз жаны кымбатыраак болуп дароо сотко же УКМКга чуркайт. Далайларын билем. Арабызда эле жүрөт. Билмексен болуп жупжумшак колун аста сунуп учурашып…

Диний коомчулук да ошол кезде конструктивдүү роль ойной алган жок. Ошондо деле «кой, «Манасты» силер тургай биздин ата-бабаларыбыз да сөккөнгө дааган эмес, муфтият бул кылыкты толугу менен айыптайт, андай кылган күнөө болот, муну айтуу исламга да каршы келет» деп ачык, расмий айтып койгонго жараган жок. Же андай болбосо «ооба, исламда «Манасты» сөгө берсе болот, биз ушуну кылган динчил же өзүн динчил деп эсептеген адамдардын позициясын колдойбуз» дей алган да жок.

Коопсуздук органдарынын да бул боюнча позициясы анча түшүнүксүз. Динчилдерге каршы сөз айткан кишилер тууралуу арыз түшсө дароо аракеттенишет. Ал тургай тээтиякта жаткан эле Орусия Федерациясынын мамлекеттик саясатынын айрым өңүттөрүнө каршы чыккандарды кармап кетип чара көргөн учурлар бар. Кыргыздын Жетим-Тоосун коргоп чыгалы деген Тилекмат аттуу жарандык активист камакта отурат. Анан кыргыздын баалуулугун коргоого келгенде эле жыйынтыгы көрүнбөйт же көз жаздымда калат. Балким динчилдер көпчүлүктү түзөт деген ой менен ошондой позицияда турушу ыктымал. Ушул позициянын өзү улуттук коопсуздуктун позициясы эмес. Ооба, алар көп. Бирок улуттун өзөгүн диний эмес, улуттук баалуулуктар түзөт. Кыргызстан мамлекетине бекеринен Кыргыз Республикасы деген ат берилген жок. Кыргыз эли – ушул мамлекеттин негизи. Кыргызстан – унитардуу мамлекет. Эгерде муну түшүнбөсө улуттук коопсуздук органдары кайсы мамлекет үчүн иш жүргүзүшү керек экенин өздөрү түшүнбөгөн болот. Кийинки убакта ошондой күмөн ойлор күч алып баратат. Анткени итке калпак кийгизип чыгышканда да, Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бири «Манас» айтымыш болуп оозго алгыс чирик сөздөрдү сүйлөп турганда да улуттук коопсуздук органдары эч кандай чара көргөн эмес. Башкаларга сабак алгыдай кылып жоопко тартылганы тууралуу ачык-айкын маалымат берген эмес.

Манас кыргыз эли үчүн жөн гана адабий чыгарма болуп чектелбейт. Манас – улуттук иденттүүлүк маселеси, улуттун идеалы. Эпостогу каармандын басып өткөн жолу менен жүргүзгөн күрөшү тургай анын аты да кыргыз эли үчүн ыйык болуп келген. Адам начар чыгып калышы мүмкүн болгондуктан балдар төрөлгөндө ага Манас деп ат коюуга тыюу салынган. Бул тыюу кийинки кылымда гана бузула баштады. Айтмакчы кийинки жылдардын чындыгы ата-бабалар бул жагынан абдан даанышман болушканын далилдеди.

Манастын бийиктигине болгон мамиле кыргыздын кыргыздыгын аныктайт. Андан диний болобу, саясий болобу, башка баалуулуктарды жогору коюу кыргыздар үчүн улуттук чыккынчылыкка тете. Эгерде логиканын эле мыйзамына салсак, кыргыз эли үчүн башын сайып өмүрүн арнаган, анын кызыкчылыгына салым кошкон адамдардын АР БИРИ, динине же атеисттигине карабастан, кызмат кылган режимине карабастан, диний каармандардын бардыгын бириктиргенден да жогору турат.

Мисалы ислам келгенге чейинки эле Барсбек каган кыргыз деп жүрүп өмүрү өткөн. Орозону кышында карматып койгон Ормон хан казак чапкынында мыкты лидерлигин көрсөткөн. Коммунист Жусуп Абдрахманов кыргыз элин ачкачылыктан сактап калган. Заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн. Коммунист Касым Тыныстанов кыргыз тилинин грамматикасынын негиздерин түзүп кеткен. Динге берилбей-этпей эле жүрүп Байдылда Сарногоев улуттук адабияттын мыкты үлгүлөрүн калтырган. Азыркылар ошолордун шыйрагына тең келе албай отурбайбы?

Эгерде ошончолук эле мыйзамды мыкты сактайлы десек, анда илгеркиден баштайлы. Гүлзат Аалиеванын өзүн сөгүп опузалагандардын баарына иш козгойлу. Аларга каршы Жазык кодексинин беренеси көбүрөөк болот. Түгөлбай Казаковго акаарат келтирип ыплас сөзүн агыткандардын баарын сотко берели. Азыркы сөөк коюу схемасы кыргыздар исламга кире элек кезде башталган. Ишенбесеңер башка мусулман элдеринин сөөк коюу схемаларын карап көргүлө. Ошондуктан «теңирчилер өлүктү даракка асып таштаган» деген Абдышүкүр Нарматов айтканына илимий далил келтирип окумуштуулардын алдында жооп берсин. «Кыргыздар ислам келгенге чейин ит-кушка сыйынып жүргөн» дегендердин баары сөзүнө далил келтирсин. Далилдей албаса ошолордун баары соттолсун. Болгондо да биринчи иретте соттолсун.

«Теңир» деген кыргыздын нукура сөзүнө каршы чыккандардын баары улуттук баалуулуктарга акаарат келтирген адам катары жазага тартылсын. Манастын атын, ага байланышкан каармандардын аттарын аракка койгон ишкерлер кыргыз элинин алдында кечирим сурасын. Кааласа өз чоң атасынын атын кое берсин, каршылык жок. Бирок Манастын атына тийишпесин. Садыр Жапаровдун «Манас» айтымыш болуп митингде ит айтпаган сөздү айткан тарапташтары баш болуп мыйзам алдында жооп берсин. Улуттук баалуулуктарга ачык шек келтиргендер боюнча УКМК өз алдынча иш козгоп, баарын таап жазаласын. Улуттук баалуулуктардан жана мамлекеттик кызыкчылыктан диний баалуулуктарын жогору коюп, ошого жараша аракеттене турган диний агымдардын баарын мамлекет жоюп, алардын тарапташтарын аесуз камасын. Ошондо бул мамлекеттин башындагылар чын эле улуттук кызыкчылыкты көздөй турганына ишенели. Азырынча андай далилдердин бирин да келтире элек. Андыктан аны жасамайынча улуттук баалуулуктарды коргоп жүргөндөргө тийишпесин. Бул кандагы нерсени козгойт жана аягы жакшы бүтпөйт.

Дүйнө бир орунда турбайт. «Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө» деп кыргыз бекеринен айткан эмес. Замандын талабына жараша кечээ кадыресе көрүнүш катары бааланган нерселер бүгүн жарабай калат. Тогуз жашар кызды аялдыкка алгысы келген киши бүгүнкү күндө педофил, өзүнөн улуу жана бардар жашаган аялга үйлөнгөндөр альфонс катары бааланат. Жакын тууганына кызын берген көрүнүш кыргызда инцест катары кабыл алынат, ал эми ошол күйөө баласына бийлик берүү үй-бүлөлүк башкаруу катары сынга алынып келатат. Анын баары кааласаң-каалабасаң да эч ким танбай жүргөн факты. Дин менен улуттун, дин менен мамлекеттин, дин менен илимдин алака-катышы да өзгөрүлүп жүрүп отурат. Ошондуктан биздин көздөй турган нерсебиз – бир гана улуттук кызыкчылык болууга тийиш. Анткени улут – бул биз өзүбүз. Өзүбүздөн тана албайбыз. Диндердин, илимдин, геосаясаттагы өнөктөштөрдүн кайсынысы жана кандай өлчөмдө бизге керек экенин алар эмес, биз чечишибиз керек. Азырынча андай маанидеги улуттук кызыкчылык калыптанмак тургай күн тартибине коюла элек.

Жалпысынан бул маселени чечүүнүн узакка созула турган стратегиялык бир гана жолу бар. Диний фанатизм билимсиздиктен улам чыгып жатат. «Билим бериш керек» десе эле «ооба, тигилер диндин жаман версиясын окутушат, биз жакшысын окуталы» деп чыга калган дин өкүлдөрүн угуп отуруп ошол күнгө жеттик. Алардын көздөгөн максаты эле ошол болчу. Жакшы полиция менен жаман полициянын ролун аткарып жатса ошого ишенип алып бүтүндөй улуттук идеологиябызды алдырып отурабыз. Көп адамдар диндин алкагынан чыга албай калды. Айрыкча аврамисттик диндер салыштырып айтканда дүйнөнү ак-кара түскө гана бөлүп көрсөтөт. Бирок дүйнөдө толтура түстөр бар. Анын баарын көргөн кишинин түшүнүгү кайра барып динге сыйбайт. Аврамисттик диндердин диний эмес, илимий тарыхын окуган, башка да диндерди түшүнүп чыккан, дүйнөнү кандай күчтөр кантип башкарып атканын билген адамдардын дүйнө таанымы ага кайра алып барып тыксаң да батпайт. Билими бар акыл-эси бар адам орто кылымдардагы бир киши Айды тең экиге бөлгөнүнө ишенбейт. Антип айткандарга сокур фанат болбойт. Ошондо гана адам өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болот. Тандаган жолу аң-сезимдүү түргө өтөт.

Андан көрө ошого умтулалы.

Улутум – кыргыз, урааным – Манас!

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *