Негизги маалымат

Жакында кыргыз өкмөтү Тажикстан менен чек ара боюнча акыркы сүйлөшүүдөгү протоколду ачыкка чыгарды. Ага ылайык: а) тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган жолду тажик тарап колдонуп, абалын карап туруу милдетин алат.

б) эки өлкө аталган анклавдын чегин “Кожалы- Ворух” жолу курулгандан кийин тактоону макулдашкан.

в) Андан сырткары эки тарап №43 – №61, №135 – №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу орток пикир табышкан.

Кооптуу жагдайлар боюнча эксперттик баалар

Бул маселе боюнча компетенциясы жетиштүү бир катар адистердин жана Лейлек районунун көптөгөн жашоочулары анын мазмуну боюнча пикирлерин билдиришти. Алардын арасында Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башкалар бар. Айтылган пикирлерди жыйынтыктай келгенде кол коюлган документтин мазмуну Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келет.

Жогоруда сөз болгон протоколдун кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы келе турган жактары төмөнкүлөр:

1) Жолду эки өлкө чогуу курат, бирок жыйынтыгында башкаруу Тажикстан тарапка өтүп, толугу менен алардын жери болуп калат. Башкача айтканда эки өлкөнүн күчү менен курулган жолду пайдалануу жалаң Тажикстанга өтөт. Бул коридор деп расмий аталбаганы менен иш жүзүндө Ворух анклавын чоң Тажикстан менен байланыштырууга расмий жол ачып бере турган документ болуп калат.

2) Документте бул жолдун аймагы “Кыргыз Республикасынын аймагында” деп так көрсөтүлбөй, “кыргыз тарап факты жүзүндө колдонуп жаткан” деп көрсөтүлгөн. Мындай формулировка ал жерди кийин тажик тарап талаштуу аймак катары көрсөтүшүнө жол ачат.

3) Жолдун курулушунун максатында “транспорт каражаттарынын жана жүктүн тоскоолдуксуз өтүшү” тууралуу кеп болот, бирок курал-жарак жана башка кыргыз тарапка коркунуч келтирүүчү нерселерди ташууга тыюу салынган эмес. Кошуна тараптын максаттарын эске алганда, бул үчүн өзүнчө тыюу салынышы керек болчу. Эгерде андай болбосо бул Ворух аймагында Кыргызстанга каршы куралдуу күчтөрдү жайгаштырууга жол ачат.

4) Коридор курулары менен, анын бир бети Баткен районун жарымы, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп, экинчи жагы башка анклав болуп калуу коркунучу бар.

5) Буга чейинки тажрыйбаны эске алганда, тажик тарап бара-бара кысым көрсөтүү менен элди чыгарып, коридордун күн батыш жагын толук өзүнө ээлик кылып алышы мүмкүн.

6) Бул жолдун салынышы кыргыз тарапка керексиз прецедент түзүп, кийин өзбек тарап менен сүйлөшүүдө алар да Сох анклавына бара турган жол боюнча ушундай шарттарды талап кылышына мүмкүнчүлүк ачылат.

7) Тажик тарап менен сүйлөшүүдө 1924-1927-жылдардагы документтерге ылайык Мургаб аймагын кыргыз тарапка өткөрүп берүү жөнүндө талап коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Анткени анын күчү жогоруда айтылган чек ара зоналары менен гана чектелип калган.

Максатка ылайык иштер

Жогоруда айтылгандардан улам кыргыз бийлиги тез арада жасай турган иштер бар.

1) Жогорку Кеңеш сөз болуп жаткан протоколду бир тараптуу четке кагып, анын күчүн жокко чыгарышы керек.

2) Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын курамын төмөнкүдөй принципте алмаштыруу зарыл: а) Буга чейин ушул протоколго кол коюу боюнча биринчи болуп демилге көтөргөн комиссия мүчөлөрүн анын курамынан чыгаруу максатка ылайык. б) Комиссиянын курамына Баткен облусунун мурдагы губернаторлору Султанбай Айжигитовду, Мамат Айбалаевди, буга чейин чек ара делегацияларын жетектеген Токон Мамытовду киргизүү жакшы натыйжа берет. в) Комиссиянын жетекчисин алмаштыруу абзел. Делегациянын жетекчиси ушул үч адамдын бири болгону оң.

3) Комиссия соцтармактарда жана басма сөздө бул протоколдун кооптуу жагдайлары боюнча айтылган пикирлерди, сунуштарды мониторинг кылып, керектүүлөрүн өз ишине колдонууга тийиш.

4) Бул протокол боюнча Баткен облусунун, анын ичинде айрыкча Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүү туура болот. Анын максаты ушул протоколду жактоо эмес, мындан кийинки иштерге зарыл болгон дооматтарды жана сунуштарды топтоо болууга тийиш. Бирок коопсуздук максатында алардын кайсылары колдонулуп жатканы ачык айтылбашы керек.

5) Эгерде тажик тарап кыргыз тараптын жүйөлөрүнө көнбөсө, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн кыргыз тарапка ылайыктуу шарт түзүлгөнгө чейин токтотуп коюу туура болот.

Бөлүшүү:

Пикир жазуу

Your email address will not be published. Required fields are marked *